Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Бишкекте pikir.kg аттуу сайт ишке кирди. Сайт виртуалдуу дүйнөдөгү идеяларды ишке ашырууну көздөйт.

Анын негиздөөчүлөрү сайт аркылуу коомдогу ар кыл маселелерди чечүүнү максат кылып, ал бийлик органдарынын үстүнөн жарандык көзөмөлдү күчөтө турган мейкиндикке айланат деп ишендирүүдө. Анткен менен айрым адистер Кыргызстандагы интернеттин жайылышын эске алганда, бул сайт аркылуу социалдык идеяларды ишке ашырууда майнап аз болот дешет.

25-сентябрда иштей баштаган pikir.kg сайтын Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер чогулуп, атайын долбоордун негизинде түзүп чыгышкан. “Куру сөздөн, чыныгы ишке өтөлү” деген ураан алдында иштей баштаган долбоордун координатору Атыр Абдрахматова бул сайтты түзүүгө эмне түрткү болгонун мындайча айтып берди:

- Учурда интернетте абдан жакшы пикирлер айтылат. Албетте интернетте отуруп алып, "бул жаман, тигил жаман" деп наалыгандар деле көп. Бирок көбүнчө социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн орундуу сунуштар айтылат. Ошентсе да алар чечим кабыл алуучу органдар тарабынан көңүлгө алынбастан, айтылган бойдон эле калып жатат. Ошондуктан биз ушул сайт аркылуу кайсы бир сунуш болсо, мамлекеттик органдын кемчилигин көрсөткөн көйгөй, талап болсо интернет аркылуу уюшуп, аны ишке ашырууга мейкиндик түзүүнү ойлоп жатабыз.

Абдрахматованын айтымында, сайтка ар бир жаран жүрөгүн өйүп жүргөн көйгөйдү же кайсы бир маселенин чечүү сунушун киргизе алат. Бул сунуш интернет айдыңында талкууланат. Эгер кайсы бир сунушту колдогондор көп болсо, алар чогулуп аны ишке ашырууга киришет. Эң көп колдоо тапкан сунуштар кайрылуу же петиция катары кабыл алынып, бийлик органдарына жеткирилет.

Мындан улам Абдрахматова мамлекеттик бийлик органдарына өз үнүн жеткирүү үчүн аянтка митингге чыкпастан эле pikir.kg ишке ашыруунун жаңы ыкмасы болоорун билдирүүдө. Маселен, жакында эле Бишкек мэриясынын ишине ичи чыкпагандар сайт аркылуу кол топтоп, шаар жетекчилигине кайрылып, керектүү жоопту ала алышкан.

Айбек Баратов - Кыргызстандагы активдүү интернет колдонуучулардын бири. Ал буга чейин социалдык тармактар аркылуу бир катар мамлекеттик органдардын ишиндеги алешемдиктери үчүн нааразылык акцияларын уюштурган. Баратов азыркы интернет доорунда мындай сайттар аркылуу көп нерсени өзгөртүүгө болот деген пикирде:

- Азыркы учурда Кыргызстан калкынын 20 пайызы интернет колдонот деп айтылып жүрөт. Бул калктын бештен бири да. Алар катардан эле активдүү калктын бештен бири деп айтсак болот. Алардын көпчүлүгү өлкөдө эмне болуп жатканынан кабары бар, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан шайлоого катышкан адамдар деп ойлойм. Мындан улам калктын мындай бөлүгүнүн интернет аркылуу билдирген пикирлери эске алынышы керек. Ал тургай учурда аз да болсо эске алына баштады деп айткым келет. Маселен, социалдык тармактар аркылуу Бишкектин мэринин айрым иштерин сындап, акция өткөргөн соң Өмүркулов мени кабыл алып, биздин дооматтарга жооп берип, сунуштарды эске аларын айтты.

Колдонуучулардын саны артууда

Деген менен Кыргызстандагы интернеттин колдонуучулардын коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө таасири чоң болорунан күмөн санагандар бар. Айрым адистер виртуалдуу дүйнөдө эч жоопкерчилик сезбей, оюна келгенди жазып, бирок конкреттүү иш жасоого көнбөгөн колдонуучулардын кайсы бир идеяны ишке ашыруусу кыйын болорун айтышууда.

Маселен, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун төрага орун басары Элнура Кудайбергенова Кыргызстанда интернет бара-бара олуттуу күч болоруна көзү жеткени менен, азыркы таптагы кыргызстандык интернет колдонуучуларынын социалдык идея үчүн башын кошуу кыйынга турарын белгилейт:

- Биздин фонд бул тармакта ар дайым изилдөөлөрдү жүргүзүп турат. Биздин акыркы изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы интернет колдонуучулардын негизги бөлүгү 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар экенин аныктады. Улуу муун компьютер колдонгону билбегени үчүн же интернетке кирбейт.

Ошол эле учурда интернетти активдүү колдонгон жаштар деле көбүнчө көңүл ачуучу сайттарга кирери белгилүү болду. Ошондуктан интернетти коомдогу маанилүү маселелерди чечүүгө тартуу үчүн мындай долбоорлорду жаштар көп колдонгон Mail.ru, Facebook, Одноклассники деген социалдык тармактарда атайын кампанияларды жүргүзүү керек. Бирок ошондо деле мындай жаштардын көпчүлүгүн коомдук-саясий маселелерди чечүүгө тартуу кыйынга турат.


Акыркы кезде Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, учурда глобалдык тармактын Кыргызстанда жайылуусу 43 пайызды түзүп, башкача айтканда өлкө боюнча 2 миллионго жакын адам интернет колдонот. Алардын көпчүлүгү социалдык тармактарды колдонгондор. Маселен, “Фейсбук” социалдык тармагында катталгандардын саны 90 миң адамдан ашса, “Майл.рунун” колдонуучулары өлкөдө жарым миллион адамга жетет деп болжолдонгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG