Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда эле 248 адам өз өмүрүн кыйганын, алардын 39у өспүрүмдөр экенин айтууда.

Быйылкы окуу жылынын аягында Нарын шаарында дагы бир өспүрүм өз жанын кыйды. Муну мисалга тарткан адистер соңку жылдары Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салгандардын катары өсүп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда. Мунун себеби эмнеде?

"Арай көз чарай" талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева, психотерапевт Кеңешбек Үсөнов жана укук коргоочу Закия Окенаева катышты.

“Азаттык”: Өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын көп болуп жатышынын себеби эмнеде? Эмнеге өспүрүмдөр жашагысы келбей, жанынан кечип атышат?

Закия Окенаева: Менин тажрыйбамда колунда бар, материалдык жактан жетишкен жана турмушу оор эки үй-бүлө менен иштешкенге мүмкүнчүлүк болду. Эки үй-бүлөдө тең проблемалар бар.

Негизгиси баланы тарбиялоодо аларды туура нукка багыттоо жок. Ата-энелер жана баланы курчаган чөйрө ага туура мамиле кыла албайт. Мындай шартта өспүрүмдөр эң жеңил жол катары өз жанын кыюу деп билишет. Тарбия өксүк болуп жатат. Ошондой эле ата-энелердин өз учурунда балдарга көңүл бурбаганы себеп болууда.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Нарында документтери бүтпөй калып, тестке кирбей калган кыз Нарын суусуна боюн таштаганы тууралуу маалымат чыкты. Ата-энеси кыздын өлүмүнө мугалимдер себеп болгонун билдиришти. Билим берүү министрлиги 2010-жылы мектептерге социалдык педагогду киргизди эле. Бирок ошондон бери деле өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны кыскарган жок. Эмнеге?

Гүлшан Абдылдаева: Өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын негизги себеби үй-бүлөдөгү көйгөйлүү маселелерге байланыштуу. Бала өлгөндөн кийин гана күнөөлүү кишини издеп калабыз. Бирок, психологдордун айтымында, бала мындай кадамга барардан мурда коомчулуктун, айлана-чөйрөнүн көңүлүн өзүнө бурдургусу келип, “мени карагыла, мени эч ким көрбөй, укпай атат” деп ишарат кылат экен.

Үйдөн балага тарбия бериш керек. Азыр баланы карабай, укпай калгандар көбөйдү. Бул коомчулуктун чоң көйгөйү. Азыркы шартта балдарды үйдөн туруктуулукка, сабырдуулукка жана токтоолукка тарбиялаш керек.

“Азаттык”: Кеңешбек агай, ата-эненин, коомдун кайдыгерлиги өмүрлөрдүн кыйылып жатышына түрткү болууда деген жүйө сизди ынандырабы? Адамдын ушундай кадамдарга барышына эмне түрткү болууда?

Кеңешбек Үсөнов: Биз 1996-жылдан бери ушул маселени изилдеп келатабыз. Суициддин себептери абдан көп. Анын ичинде социалдык фактор, психологиялык жактан өзгөчөлүк да себеп болот.

Өспүрүмдөрдү турмуштун кыйынчылыгына туруктуу болушу үчүн кичине кезинен даярдашыбыз керек. Алар азыр даяр болбой чоңоюп жатышат.

Изилдөөгө караганда, ушундай маселе 14 жаштан жогоркуларда көбүрөөк чыгат экен. Ошол куракта өспүрүмдөр бул дүйнөдөгү ордун издеп, өзүнө мен киммин, эмнеге келдим деген суроолорду берет экен. Ошого жооп берип, биз ошону угуп, жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылсак, алар мындай жолго барбайт.

Коомдо кескин өзгөрүштөр болгон шартта өз жанын кыйгандардын саны өсөт экен. Азыр дүйнө жүзүндө, бизде да ошондой болуп жатпайбы. Ал факторлор да таасир берип жатат. Андан сырткары өспүрүмдөр арасында депрессия менен ооругандар көбөйдү. Аны биз убагында аныктабай, билбей, анын айынан өз жанын кыйып жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG