Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Көмүр үңкүрлөрүнүн кожоюндары


Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар, 12-декабрь.
Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар, 12-декабрь.

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын чеке белинде тоо оюктарынан ташкөмүрдү кол менен казып, жан баккан ондогон адамдарды көрүүгө болот.

Андайларды бул чөлкөмдө “Апачилер” деп аташат. Алар жанын оозуна тиштеген бойдон күн куру эмес ишин улантышат. Коопсуздугуна өздөрүнөн башка эчким кам көрбөйт. Көмүр казгандардан жылына онго жакыны ар кандай кырсыктардан өмүрүнөн ажырайт.

Жанын тиштеп жан баккандар

Таш-Көмүр шаарынын чет жакаларындагы ар бир көмүр кендин эскиден калган аттары бар. Мисалы, тогузунчу деп аталган кендин айланасында муздак шамал бети-башты аймалап, этек-жеңди жулмалап турду. Таш-Көмүрдөн Аксы районуна караштуу Тегене айылына жеткиче жол боюнан нечендеген оюктарды жолуктурууга болот. Аларды жумуш жоктугунан көмүр казуу менен жан сактаган адамдар жасаган.
Өз алдынча көмүр казган жигит

Оозу ачык үңкүрдөн жер түбүнө уланган жолду кенчилер өздөрү салып алышыптыр. Коомдук автоунаа бул чөлкөмгө каттабайт, ошон үчүн кенчилер эртең менен кечинде атайын такси жалдап келип-кетишет. Көмүр казгандар чекесине байлаган шам чырагынын үрүл-бүрүл шооласы менен көзгө сайса көрүнгүс түпкүргө түшүп чыгышат. Казылган көмүрдү сыртка чыгарып жаткан уландын артынан эңкейип жүрүп отуруп, 100-150 метрге тереңге түшүп бардым.

Аба тартыш, дем кысылат, чукулдук менен кенди ургулап түшүрүп жаткан адамга жолуктум. Ал жумушун токтотпой, 25-30 адамдан турган көмүр казчулар менен ташуучулардын беш тобу иштээрин кеп салды. Ал сүйлөп жатканда төбөдө жылтыраган ташкөмүр салаңдап турду:

- Азыр көмүр чаап атабыз да. Коркосуң, эмне кыласың анан, тиричилик да, акчаны каяктан аласың, ким берет акча? Үй- бүлөнү багыш керек... Эки кызым бар, бакчада. Бир жыл болду ушинтип иштегениме. Тапканыбыз эми жетет тириликке, ачка калган жокпуз го. Өзүбүз ачтык да бул жерди. Мамлекет жардам бербей калды го... Эми болот кыйынчылыктары ... Көрүп атасыз го , жөрмөлөп чыгып атырык, пласстын бийиктиги сексен сантиметр, жер үстүнөн бул жерге чейин 150 метр тереңге кирип иштейбиз. Бул жерге жатпайбыз, үйгө барып келебиз. Жаткандар деле болот, вагондун ичинде , меш коюп алган да , жер үстү суук, суук болгондо ал жерге көмүр жагышат.
Көмүр казган жигит үңкүргө кирип баратат.

-Дем алуу кайсы күнү болот?

- Каалаганда, чарчаганда... Күнүнө жети – сегиз саат иштейбиз. ( тирөөчтү кармалап) ушу үстү түшүп кетпесин деп ушул устундарды койдук да. ( Ал чукулдук менен урган сайын көмүр урап түшүп жатты. Аталган кенчи аты – жөнүн айтуудан баш тартты)

Анан мен анын казган көмүрүн колу менен капка шилеп салып жаткан балага кайрылдым:

- Сиз кандай жумуш аткарасыз?

- Көмүрдү сыртка ташып чыгам.

- Мээнет жагы кандай болот?

- Бир кабы 70 сом болот, табылган каражатты тең бөлөбүз.




Көмүр казган аялдар да бар

Түпкүрдөн 40-45 килограммдык көмүрдү капка салып, көтөрүп чыккан уландар чет-четинен жыйып жатышты. Кардарларга сатык баасы туура келсе, көмүрдү топтолгон жайынан сатып алып, ташып кетишет экен. Бирок бул күнү тогузунчу аймактан көмүр сатып алган жан болбоду.

Жонундагы капты жаңы эле жерге койгон Майрамбектин жумушка чыкканына бир жума болуптур:

- Кыйынчылыгы бар , көп эле. Жарака кеткен жерлери бар, устун коюлбай. Отуз үч жаштамын, бала-чакам бар. Көмүр сатылып калса, күнүнө тапканыбыз миң сомго айланып калат, сатылбаса, турат. Минтип иштегендер көп эле түнкүсүн да үч-төрт бригада иштейт.Иш жоктугунан ушинтип жүрөбүз да, башка айла жок, тирилик, анан эмне кылабыз?- деп суроолуу тиктеди, Майрамбек.

Майрамбектин кебине беш баласы менен көрүнгөндүн батиринде баш калкалаган Мыктыбек Атамырзаев аралаша кетти. Көмүр жакшы сатылган күнү миң сомго дейре табууга болот, бирок, ал акча тамак-аштан артпайт деди ал:

- Бул жерде канчалаган адам кыйналып иштеп атат. Анан милисасы келет, чоңдору келет, ижара акысын бер деп. Келет да, сен көмүр казып атасыңбы, мынча акча бер деп. Бул жерде балдар бүкчүйүп, белдери төрт бүктөлүп көтөрүп чыгат, казган көмүрдү... Көмүр сатылбаса, турат балдар, саргайышып...Иш жок, же акча жок. Өкмөт иш берсе, жүрбөйт элек да, ушинтип кыйналып. Менин үйүмдү агаларымкы менен кошо Райкомолдо көчкү басып калган. Барбаган жерим калбады, же жер беришпейт, там салганга.
Өз алдынча көмүр казуучулар эс алууда.

Түштөнүүгө чыккан көмүрчүлөр үйлөрүнөн белендей келген тамак-ашын жыгач ашканада жайып, шам-шум эткен болушту. Боло жүргөн ар кандай кырсыктан сактануу үчүн жер алдында күмөндүү жайларга тирөөч коюшарын кеп салып отурушту. Бирок кырсык айттырбай келет экен, ташкөмүр кенинде жылына бир нече адам өмүрүнөн айрылат. Мына өткөн аптада 29 жашар жигитти уранды басып калып, жанынан айрылыптыр. Кээ бирлери болсо ден-соолугуна залал тийгенине кайыл болуп, ишин улантканы уланткан.

Тогузунчу аймактагылардын улуусу Жаратбек Раимбеков 36 жашта. Бул жайда 1992-жылдан бери иштеп жүрүп, саламаттыгын начарлатып алгандыктан, азыр негизинен үңкүрдүн оозунда туруп, көмүр сатуу, коопсуздукту сактоо, мындайча айтканда, уюштуруу иштери менен алек:

- Өзүбүз үчүн тирөөч коёбуз, илгерки шахтадыгыдай кылып эле. Өзүбүзчө сүйүнөбүз анан, кудай сактасын деп гана иштейбиз. Кырсык эми кур эмес, жылына болуп турат, беш- алты, он чакты. Азыр эми менин билишимче, ушу жылы эле үч- төрт кырсык болду окшойт. Ар жылы болуп турат, онго чейин, үстү түшүп кетет, порода басып калган учурлар болот, анан шериктери чыгарып алышат, казып. Иш болсо, биз деле бул жакка кирмек эмеспиз, ансыз деле ден-соолуктан айрылып атабыз, чаң жутуп....


Анын айтымында, тартип сакчылары келип коопсуздук жагын эскертип кетишет, акча иштеп таап алуу үчүн кээде мектеп окуучулары, студенттер да иштегени келишет. А түгүл кечээ эки аял келип, эркектер менен жарыша көмүр казып, жер үстүнө жыйырма каптай көмүр жыйып, “кардар келсе, сатып ийгиле” деп табыштап кетишиптир. Бир студент окуусунун келишим акысын табуу үчүн ишемби, жекшемби күндөрү ушул аймакта иштеп жүргөнүн айтты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG