Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Сокулуктагы "Бүчүр" балдарга жардам берүүдө


Сокулуктагы "Бүчүр" (Росток) деген опурталдуу топтогу балдар менен иштөө борборуна үй-бүлөлүк зомбулуктан, мектептеги каракчылыктан жабыр тарткан балдар кайрылышат.

Беш жыл аралыгында беш жүзгө чукул үй-бүлөгө психологиялык жактан жардам берилип, абалын жакшыртуу жана жеңилдетүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кыргыз-швед долбоорунун негизинде ачылган бул борбордун ишин республиканын башка аймактарына жайылтуу керектигин өлкө президенти Роза Отунбаева “Ростокко” барганда билдирди.


Сокулуктун чок ортосунда жайгашкан опурталдуу топтогу балдарга жардам көрсөтүүчү "Бүчүр" (Росток) борбору менен балдарга эстетикалык тарбия берүүчү "Таң чолпону" борбору бир имаратта жайгашкан.

Ал жерге барганыбызда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Токтобек Өзүбеков менен борбордун психологу мектепке барбай жүргөн 10 жаштагы бала менен баарлашып отурушкан экен. Ал бала мектептеги каракчылыктан запкы көрүп, окуусун таштап койгон.

- Мени дайыма коркутуп, жөн эле талап-тоноп, дайыма акча талап кылып, ур-токмокко алышты. Анан мен ошол үчүн сабакка барбай койдум.

Опурталдуу балдар менен иштөө борборунун психологу Загидат Гасимүсөнова өспүрүм балдардын үйдөн качуу, мектепке барбай коюу себептерин мындайча чечмеледи:

- Балдардын үйүнөн качууга ата-энеси менен пикир келишпестиги, мыкаачылык менен мамиле кылышы, психологиялык кысым жана күч колдонуу себеп болот. Мектептен дагы зордук-зомбулук көрсөтүлөт. Биз ошонун себептерин изилдеп, иликтеп, жардам көрсөтөбүз.

Загидат Гасимүсөнова Кыргызстанда психология боюнча окуу китептер, усулдук китепчелер жоктугун, негизинен Орусиянын китептерин колдонорун белгилеп, психологдордун аброюн көтөрүү маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүү зарыл деп эсептейт.

Мектептен корккон балдарга жардам

"Бүчүр" борборунун жетекчиси Чынара Мамакееванын айтымында, кыргыз-швед долбоору менен уюштурулган бул борбор үй-бүлө жана балдардын оор абалда калган учурунда алардын абалын жакшыртууга, жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүп, беш жыл аралыгында 500гө чукул үй-бүлөгө психологиялык-моралдык жактан жардам берип, түйшүгүн чечүүгө жетишкен.

Ал ошондой эле өзүн өзү өлтүргүсү (суицид) келген он бир өспүрүмдү сактап калышканын, алардын бирөө борборго келип жардам берип турарын айтты.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Токтобек Өзүбековдун пикиринде, көпчүлүк балдар ата-энеси жумушка кеткенде кароосуз калып, "мектепке кеттик" деп коюп, бош калган имараттарда же башка жерлерде жүрө беришет.

"Бүчүр" борбору жайгашкан имараттын экинчи кабатында балдардын "Таң чолпону" эстетикалык борборунун кол өнөрчүлүк, сүрөт, бий ийримдери иш алып барышат. Ийримге Сокулуктагы мектептердин окуучулары бош убактыларында келип катышат.

Кол өнөрчүлөр ийриминин жетекчиси Гүлзат Сөлпиева азыр көпчүлүк балдардын ата-энелери Орусия, Казакстанга акча тапканы кетип, балдарын карыган ата-энесине же жакын туугандарына калтырып кетип, балдар көзөмөлдөн чыгып калышарын билдирди.

Анын айтымында, мурдагы союз кезиндегидей ар бир мектепте техникалык, эстетикалык, маданий ийримдерди жандандырбаса балдардын бош убактысы көп болуп, кылаарга иши жоктугунан ар кандай терс иштерге барып, үйлөрүнөн качууга аргасыз болушууда.

Балдар үйлөрүнүн саны өстү

Президенттин өкмөттөгү өкүлү Өктөмкан Абдуллаева балдарга зомбулук көрсөткөн, кароосуз калтырган ата-энелерге мыйзамдын негизинде чара көрүү, балдар үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу маселесин көтөрүп чыгарын айтты.

Ал ошондой эле балдарга азыркыдай жоопкерчиликсиз мамиле кылынса келечекте коомго коркунуч туудура турган муун өсүп чыгарын кошумчалады.

Роза Отунбаева “Росток” балдар менен иштөө борборунда
Президент Роза Отунбаева опурталдуу балдарды калыбына келтирүүчү "Бүчүр" (Росток) борборунун ишин республиканын бардык аймактарына жайылтуу керектигин, өзгөчө Ош, Жалал-Абад облустарындагы балдар психологиялык жактан жардамга муктаж болуп турса, Талас, Нарын облустарында балдарга зомбулук күч алып, мектеп каракчылыгы чектен чыгып баратканын белгиледи.

Мамлекет башчы ошондой эле балдар менен иштөө боюнча атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Маалыматтарга караганда, өлкөдөгү эки миңден ашуун мектепте 1 миллион 37 миң бала билим алса, алардын он миңден ашууну ар кандай себептер менен мектепке барбайт. Расмий эмес маалыматтар боюнча мектепке барбагандардын саны мындан эки эсе көп. Улуттук статистикага ылайык, акыркы жылдары балдар үйлөрүнүн саны кескин көбөйүүдө.

Кыргызстан Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG