Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Сокулук районунун Панфилов айылында Өзбекстандан ооп келип жашап жаткан кайрылман үй-бүлөнүн кошунасы менен акчага байланышкан чатагына чекит коюла элек.

Жергиликтүү тургундар ага айылдан көчүп кетүү талабын коюп жатышканын айтышууда.

“Азаттыкка” кайрылган Алымбай Баймырзаев Кыргызстанда төрт жылдан бери жашайт. Өзү жана баласы кайрылман макамын алган. Кыргызстанга келишине аравандык жубайына Өзбекстан паспорт бербей койгону себеп болгон экен. Алгач Баткенде жашап турса, эки жыл мурда Сокулук районуна көчүп келип, ошондон бери жер иштетет. Ал чырдын чыгышын минтип түшүндүрдү:

- Эки жылдан бери бул айылда батирде убактылуу жашап, эки жарым гектар жерди ижарага алып иштетип, коңшубуздун үйүн 700 миң сомго алууну макулдаштык. Мен акчанын 200 миңден ашыгын карматып, калганын күзүндө бермек болдум. Былтыр күздө жашылча-жемиш, мал арзан болуп убагында бере албай калдым. Эми ал мага акчаны да кайтарбай, биз же үйдөн, же пулдан жок ортодо калдык.

Баймырзаевдин жубайынын айтымында, ушул окуядан кийин чыр ырбап, жергиликтүүлөр чогулуп, аларга айылдан чыгып кетүү талабын коюшкан:

- Акчаны бер деп дооласак, айылдагы туугандарын чогултуп, баарын бизге каршы коюп койду. Айыл башчы болуп биригип алып, бизди коркутуп-үркүтүп жатат. Жада калса, Нооруз майрамында элге кошкон жок. Эл катары акча бергенбиз, булар кошулбайт деп кайтарып беришти. Дүйшөмбүгө чейин көчүп кеткиле деп жатышат.

Ал эми кайрылман үй-бүлө менен араздашып жаткан коңшусу Төркүнбүбү Өмүрканова өз дарегине айтылгандарды куру доомат катары баалады. Ал чыр акчадан улам чыкканын ырастап, бирок аларды көчүрүү ниети жоктугун белгилейт:

- Булар өздөрү жаңжалды жакшы көргөн кишилер экен. Жанды койбой үйүңөрдү бизге саткыла дегенинен макул болуп, акчасын алганбыз. Калганын күздө бере алышкан жок. Жазга чейин күттүк, анда да бере албай, кайра акчаны кайтарып бер дей баштады. Насыя алып кутулалы десек, ызы-чуу кылып, банктан алдыртпай коюшту.

Панфилов айыл башчысы Бактыбек Жунусалиев бул үй-бүлөнү көчүрүү демилгеси мунаса табылбагандан улам чыгып, бирок кийин ал маселе кайра көтөрүлгөн эмес деп билдирди:

- Булардын талашын биз чогулуп, талкуулаганбыз. Бирок өздөрү мунаса таба албай коюшту. Өзбекстандан келген адам дароо эле милицияга арызданып, араздашып жаткан кишисин бир күн камакка да салды. Ошентип келишпестик жаралып, бизге эл болбой калды го деп көчүп кетишин талап кылганбыз.

Чырды район акими Аманкан Кенжебаев да териштирген. Ал кайрылман үй-бүлөнүн жергиликтүү эл менен ымаласы жоктугун, бирок мыйзамдын чегинде аларды көчүрүүгө эч ким мажбурлай албай турганын “Азаттыкка” маалымдады:

- Жерине барып жаатташкан тараптарды топтоп чогулуш өткөрдүк, пикирлерди уктум. Бул кишинин айыл аксакалына да акаарат сөздөрдү айтканына күбө болдум. Кыялы чатак экен. Айылдыктар тынч, эч ким менен урушпай жашасын дешти. Канткен күндө да, алар каалаган жеринде жашоого укуктуу экенин түшүндүрдүм. Эч ким тийбейт, мен кепилдик берем деп айткам.

Аким кайрылмандардын кошунасы менен акчага байланышкан чатагын сот аркылуу чечүүнү сунуштаган. Бирок чатакташкан эки тарап сотко кайрыла элек.

Панфилов айылында Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келип, отурукташкан 60тан ашык түтүн жашайт.

Өлкөдө тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздардын элге аралашуусу кыйын экенин, аларды кодулоо бардыгын буга чейин Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун иликтөөсү көрсөткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздардын саны 50 миңге чукул.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG