Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Бишкекте аскердик кызмат өтөп жаткан Чубак Бакыт уулунун токмоктолушун Коргоо министрлигинин Коомдук көзөмөл кеңеши иликтөөгө аларын аталган кеңештин жетекчиси, саясий жана аскер иштери боюнча серепчи Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” курган маеги учурунда билдирди.

- Кечээ аскерге жаңы барган Чубак Бакыт уулунун сабалышы тууралуу маалымат алуу үчүн "Жоокерлердин энелери" коомдук уюмуна чалсак, "кеч чалдыңар, убактыбыз жок" деген жооп алдык. Адис катары сизге кайрылып атабыз. Кыргыз армиясы кандай армия болуп жатат? Ур-токмокко алуу себептери эмне?

- Советтик армияда ар бир ротада аскер курамында саясий кызматкерлер болгон. Алар тарбия жана командирлердин тартип сактоо, аскерлердин укугун жана аброюн сактаган кызматкерлер болгон. “Дедовщина” деген нерсе бейбаш, күнөөкөрлөрдү аскерге чакырган аскер-курулуш отряддарында болгон.

Экинчиден, эгемендүүлүк алгандан кийин анын баарын четке кагып, жоюп салган. Жеке эле аскер бөлүктөрүндө эле эмес, жаңы доордун өзүнүн илеби да болуп атат. Ызакорчулук жана жогоруда белгиленген окуяларга, иштерге барганы терс салттарды көрсөтүүдө.

Чындыгында ошол эле сержанттарды тандаганда психофизиологиялык лобораториядан тесттен өткөрүп, сабырдуу, чынчыл, боорукер адамдарды кабыл алууга жол ачыш керек.

Мен жакын арада коргоо министри менен кезиктим. Абибилла Кудайбергенов “жогоркудай окуяларга жол бербегенге аракет кылып, аскер бөлүктөрүнө кайрадан тарбиячыларды киргиздик”, - деп айткан.

Мен 24-апрелден тарта министрликтин коомдук көзөмөл комиссиясынын башчысы болдум. Ошондуктан бул маалыматты биз изилдейбиз, мен өзүмдүн мүчөлөрүмдү жиберем. Тарбия, көзөмөл, офицерлердин деңгээли жагынан болуп жаткан кемчиликтер боюнча биз министрликке өзүбүздүн сунушубузду киргизебиз.

- Жоокердин сабалышы боюнча жагдайды кандай баалап жатасыз? Жылдык отчеттордо бул көрүнуш азайып атат деп айтылат. Жакында эле чек ара аскеринин токмоктолушун жашырып коюшту эле. Ал каза болуп калды. Чубак Бакыт уулунун сабалышы сокур ичегиси жарылып кеткенден кийин билинип атат. Кантип ушул көрүнүштү токтотсо болот же сержанттарды алмаштырып койсо эле маселе чечилеби?

- Жок, андай эмес. Кыргыз армиясынын келечектеги командачылык, тартип, жоопкерчилик багыттарын аныктоого биз аракет жасашыбыз керек. Биздин мурдагы министрлердин баары өзүн аз болгону Жуковдой, көп болгону Манас баатырдай көрчү. Ошондуктан майда-чүйдө тартипке көңул бурчу эмес.

Чындыгында майда-чүйдө деген болбойт. Тартип – бул ички рухий сезимден. Ошону күчөтүп, Мекенди коргоо сезимин күчөтүп, орноткондо аскерлер адамдардын бардыгы бир тууган болуп эсептелет. Бирок андай жолду алып барганга кесиптүү адамдар жок. Баары тең эле болгон фактыларды өзүнүн кызыкчылыгына, өзүнүн пиар компанияга сүйлөп коёт. Убалы жок жоокерлер токмок жеп жүрө беришет.

- Азыр тартип деп сабоону түшүнүп калышкандай. Негизи эле жоокерлердин укугун ким коргойт? Аскер прокуратурасы буга көз салабы?

- Биринчиден, аскер прокуратурасына жетпей туруп жоокердин укугун коргогон жеке командири, андан кийин үстүнкү, андан кийин башкы командирлери болот. Булар жоокердин өмүрүнө, машыгуусуна, жашоо-турмушуна, тазалыгына, ичкен-жатканына бүт жооп берет.

Эгер Уставга жазылган милдетти аткарбаса штаб жетекчилери ишти тескегенден кийин ишин козгоого уруксат берип, прокурорлор келет. Бирок аскер прокуратуранын жетекчилери болбосо да, катардагы кызматкерлери мушташ, чатак болгон бөлүктөргө жума сайын барып укуктук профилактика иштерин өткөрүүгө милдеттүү. Бирок прокуратура кызматкерлеринин ал жакка басып барганын байкай элекпиз.

XS
SM
MD
LG