Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Акун: КТРК “кара жащик” болуп калды


Турсунбек Акун Өмүрбек Текебаевди колдогон митингде.
Турсунбек Акун Өмүрбек Текебаевди колдогон митингде.

Коомдук телеканал оппозиция мүчөлөрүн бир тараптуу каралап жатат деген дооматын укук коргоочу Турсунбек Акун УКМК алдындагы митингде билдирди. Ал КТРК жетекчиси Илим Карыпбековго кайрылып:

- Карыпбековдун “кара жащиги” болуп калды. Бир тараптуу каралап атасыңар. Убагында Карыпкуловдун “кара жащиги” болуп жүрүп, Акаевди алып түшкөн. Эми азыр Атамбаевди алып түшмөк болуп турат.

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында өтүп жаткан митингге 500дөй киши катышууда. Алар “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулуусун талап кылышууда.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев бийликтин ага койгон дооматтарын "жалаа" деп айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG