Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Абактагы мушташ эмнеден чыкты?


Бишкектеги абактардын бири.
Бишкектеги абактардын бири.

Бишкекке улагалаш жердеги №3 түрмөдө камактагы бир нече кишинин мушташынан төрт киши жабыркады.

Жаза аткаруу башкармалыгы бул окуя 10-июлда болгонун кабарлады. Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болсо буга чейин ушул эле түрмөдө улут аралык негизде жаңжал орун алганын жергиликтүү сайттарга кабарлады.

Түрмө жайлардын ички мыйзамдары боюнча камактагы адамга улуттук белгиси боюнча эмес, жүрүм-турумуна, сүйлөгөн сөзүнө жараша мамиле жасалат.

Түрмө мыйзамы өзгөрдүбү?

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, 10-июлда №3 колонияда бир нече кишинин пикир келишпестигинен чыккан чатак өз убагында жөнгө салынды.

Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп саналгандар убактылуу камоочу жайга киргизилген. Ал эми жабырланган төрт соттолуучу түрмөнүн ооруканасына жаткырылган. Ушул тапта кырдаал толук көзөмөлгө алынып, түрмөнү кайтаруу күчөтүлдү, деп кошумчалады Бусурманкулов. Ал абактагы мушташ массалык мүнөзгө ээ эмес экенин жана кооптонууга негиз жок деп белгилөөдө.

- Бул жерде бардыгы ордуна келтирилди. Ал эми токмок жегендердин бири Сабировдун мээси чайкалган, Кырбаевдин колу сынган, Төлөнов менен Бенделияни денесинен ар кандай деңгээлде оор жаракат алышкан. Таяк жегендердин бирөө сабагандардын бирөөсүнүн аялы жөнүндө туура эмес айтып койду деп, уруш ошондон чыгып атат. Мекеменин иштөөсүнө тоскоол кылуу деген 345-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

Айрым серепчилердин айтымында, №3 абакта мындай чатак биринчи жолу болуп жаткан жок. Маселен Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Эрнст Исаев 4-июлда ушул эле абакта массалык чатак чыкканын жергиликтүү сайттарга айтып берген. Ал айрым саясий күчтөр мындан пайдаланып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Адатта серепчилер түрмө жайларында адамдын улутуна, расасына же динине анча маани беришпейт дешет. Түрмө жагдайын жакшы билген серепчилердин баамында, былтыркы этнос аралык араздашуу түрмөлөрдүн ички мыйзамдарына да таасир тийгизип жаткан шекилдүү.

Эрнст Исаев 4-июль күнү ушул эле №3 абактагылар кыргыз-өзбек болуп мушташканын өз булактарына таянып билдирүүдө.

- Өткөн жумада толугу менен эле аталган абакта мушташ, тополоң болуп атты. Ага сырттан кайсы бир күчтөр салым кошсо ырбап кетет. Өткөн жума башында абакта мушташ болгон. Ошону коомчулуктан жаап-жашырбай эле изилдеп, күнөөлүүлөрдү жазага тарта баштаганда жекшембидеги мушташ болбойт эле. Өзбектердин бардыгы, 50-60тайы камерага кирип алып, бизди өлтүрөт, урат чыкпайбыз дешкен. Анан “общактар”, колониянын жетекчилери келип аларды сооротуп, алар күнөөсүн билди, кемчилик кетип калды дешип аларды зонага алып чыгып кетишкен.

Абактардагы абал жакшы эмес

Буга улай Исаев түрмөлөрдө өзүн-өзү өлтүрүү жана абак жайлардагы чыңалган жагдайлардан улам ишин таштап кеткен офицерлер көбөйгөнүнө көңүл бурууда. Анын айтымында, март айынан бери эле алты адам кайтыш болсо, кыска мөөнөттө төрт кызматкер ишин таштаган.

Анткен менен 4-июлда чатак чыкты деген маалыматты Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов четке какты. Ал башка түрмө жайларында кырдаал тынч экенин жана кооптонууга негиз жоктугун кошумчалады.

2011-жылдын март айында көпчүлүк абактарда козголоң чыгып, ал дээрлик он күнгө созулган. Абактагылар буга жаза өтөө жайларындагы оор шарт жана күч кызматкерлери тарабынан уруп-сабоолор көбөйгөнү себеп болгондугун билдиришкен.

Ал эми бийлик өкүлдөрү нааразычылыктар кылмыш дүйнөсүнүн анабашчыларын камоолорго каршы багытталып, эркиндикте жүргөн лидерлери тарабынан уюштурулганын айтышкан.

Учурда Кыргызстан түрмөлөрүндө жалпысынан он миңдин тегерегиндеги адам жазасын өтөп жатат. Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган "Мунапыс жөнүндө” мыйзамга ылайык, абак жайлардагы олуттуу коркунуч келтирбеген жана өтө оор эмес кылмыштарды жасаган, түрмөдө тартип сактаган 3 миңден ашуун жаран бошотулат.

XS
SM
MD
LG