Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Кыргызстанда жаңы жыл майрамы тынч өттү


Жаңы жыл тосуу тынч өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Ош шаарында болсо тыюу салынганына карабай тарсылдактар атылды.

Бишкектеги жана Оштогу акыркы айлардагы террордук аракеттерден улам коомчулукта ар кандай кооптонуулар күчөгөн. Мындан улам жаңы жыл алдында күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жаңы жыл абдан эле тынч өттү. 1-январга караган түнү олуттуу кылмыш, укук бузуу фактылары катталган жок. 1-январда таңкы саат сегизде келип түшкөн маалыматтарга ылайык, 216 майда мыйзам бузуу фактысы катталды.

ИИМдин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедовдун айтымында, мыйзам бузуулар башка кадимки күндөрдөгү ченден ашкан жок:

- Өлкөбүздө жаңы жыл майрамдары дээрлик тынч эле өттү. Ички иштер органдарына катталган кылмыштардын саны башка күндөрдөгүдөй эле.

Майрамга байланыштуу өлкөдөгү дээрлик бардык укук коргоо органдары 25-декабрдан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп келишет. Майрамда өлкө аймагында коопсуздук сактоо үчүн 7 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери, 12 миңдей ыктыярдуу кошуундар күзөттө турушту.

Акыркы айларда Бишкек жана Ош шаарларындагы жардыруу аракеттеринен улам Ош шаарында да көзөмөл күчөтүлүп, жаңы жыл түнү салют-фейервектерди атууга, майрамдык шаан-шөкөттөргө тыюу салынган. Бирок “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, тыюу салынганына карабай тарсылдак аткандар болду. Көпчүлүк муну майрам шааниси катары кабыл алышты.

Жаңы жыл түнү кооптондорган окуялар, мыйзам бузуулар болбогону менен бул жылы тез жардамга кайрылган тургундар көп болгон экен. Мисалы, 1-январга караган түнү Бишкек шаардык тез жардам борборуна 616 кайрылуу түштү. 2009-жылы болсо баш калаада 518 адам тез жардамга кайрылышкан болчу.

Борбордун башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул жылкы кайрылуулар күндөгүдөн 20-25 пайызга көбүрөөк:

- Бул өткөн түн үчүн абдан эле көптүк кылат. Жалпысынан тынч эле өттү. Бардыгына жардам көрсөтүлдү.

Негизинен жаңы жыл түнү тургундардын көбү сасык тумоо, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк оорулары менен тез жардамга кайрылышкан. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерди ичип уулангандар, баш ооруп тез жардам чакырткандар көп болгон. Жаңы жыл майрамында Бишкек шаары боюнча тез жардам кызматында жалпысынан 34 топ иштеди.

XS
SM
MD
LG