Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Орусиядагы жол кырсыгы мигранттардын өмүрүн алды


Кырсык болгон жер. “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “Тойота версо” жеңил машинасы сүзүшкөн.
Кырсык болгон жер. “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “Тойота версо” жеңил машинасы сүзүшкөн.

Орусиянын тергөө комитети Нижний Новгород – Саратов автожолундагы кырсык боюнча териштирүү иштерин баштады.

Тергөө комитетинин сайтында жазылгандай, автоунаалардын кагылышуусунан жети адам өлдү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Нижний Новгород – Саратов автожолундагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнүн тактады. Акыркы маалыматка ылайык, каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын жараны болгон. Алар:

- Алмазбек Анашев, Өзгөн районунун тургуну, 1974-жылы туулган,

- Дөөлөтбек Боронов, Сузак райнунун тургуну, 1985-жылы туулган,

- Жазгүл Касымова, 1983-жылы туулган (дареги такталууда),

- Айдарбек Молдошев, Базар-Коргон районунун тургуну, 1970-жылы туулган.

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлү Жусуп Турдумаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, каза болгондордун арасында эки өзбек жана бир тажик жараны болгон.

Учурда сөөктөр Саратов облусунун Петров районундагы өлүкканага жеткирилип, каза болгондордун жакындарына кабар угузулду. Элчилик маркумдардын туугандары келгенден кийин сөөктөр Кыргызстанга жөнөтүлө баштаарын билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн таңга жуук Нижний Новгород - Саратов районундагы жолдо катталган. “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен кыргыз номурлуу “Тойота версо” жеңил машинасы сүзүшкөн. Кырсыктан «Тойота версо» автоунаасынын ичиндеги жети адам каза тапкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы жүк ташуучу унаанын айдоочусунун катачылыгынан болгон.​

Кыргызстандык мигранттардын өмүрүн алган жол кырсыктары акыркы жылдары көп катталууда. 2012-жылы да Алматы-Астана жолунда 16 кыргыз жараны мерт кеткен эле. 2015-жылы болсо Жамбыл облусунда “Газель” микроавтобусу авария болуп, 16 адам каза болгон эле. Алардын 15и кыргызстандыктар экени тастыкталган.

Булардан тышкары Орусиянын жолдорунда да кыргызстандыктар кабылган бир канча жол кырсыгы катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG