Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Орусиядагы жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнү такталды


Акыркы маалыматка ылайык, каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын жараны болгон.
Акыркы маалыматка ылайык, каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын жараны болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Нижний Новгород – Саратов автожолундагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнүн тактады. Акыркы маалыматка ылайык, каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын жараны болгон. Алар:

- Алмазбек Анашев, Өзгөн районунун тургуну, 1974-жылы туулган,

- Дөөлөтбек Боронов, Сузак райнунун тургуну, 1985-жылы туулган,

- Жазгүл Касымова, 1983-жылы туулган (дареги такталууда),

- Айдарбек Молдошев, Базар-Коргон районунун тургуну, 1970-жылы туулган.

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлү Жусуп Турдумаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, каза болгондордун арасында эки өзбек жана бир тажик жараны болгон.

Учурда сөөктөр Саратов облусунун Петров районундагы өлүкканага жеткирилип, каза болгондордун жакындарына кабар угузулду. Элчилик маркумдардын туугандары келгенден кийин сөөктөр Кыргызстанга жөнөтүлө баштаарын билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн таңга жуук Нижний Новгород - Саратов районундагы жолдо катталган. “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен кыргыз номурлуу “Тойота версо” жеңил машинасы сүзүшкөн. Кырсыктан «Тойота версо» автоунаасынын ичиндеги жети адам каза тапкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы жүк ташуучу унаанын айдоочусунун катачылыгынан болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG