Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Чүйдө учак кулады

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чүй облусундагы авиакырсыкта мерт кеткендер саны 32ге жетти. Алардын 28и кыргызстандыктар. Көбү Дача айылында жашаган жайкын тургундар. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

20дан ашык үй зыян тартты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Кырсык болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, куткаруу иштери уланууда. Окуядан улам Бишкектеги “Манас” аэропортунда каттамдар токтотулду.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG