Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Таза бүтпөгөн "Таза суу"


Кыргызстанда бир жарым миңдей айыл таза сууга муктаж.
Кыргызстанда бир жарым миңдей айыл таза сууга муктаж.

Кыргызстанда “Таза суу” программасынын жаңы долбоору сунушталууда. Курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттиги түзүп чыккан долбоорго ылайык, таза суу менен камсыз кылуу программасын каржылаган эл аралык донорлор борбордук органдар менен эмес, жергиликтүү бийликтер менен тикелей иш алып бармакчы.

Эл аралык донорлор 2000-жылдары Кыргызстан айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн берилген миллиондордун бир бөлүгү уурдалып жок болгонун айтып келишет. Донорлор эми “Таза суу” программасынын экинчи долбооруна бөлүнө турган каражатты бериш үчүн атайын талаптарды койгону белгилүү болду.

Курулуш жана аймактарды өнүктүрүү агенттигине караштуу Суу менен камсыз кылуу жана жеткирүү департаментинин жетекчиси Аскар Токтошев анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- “Таза суу” долбоорунун экинчи этабынын ишке ашуусу үчүн жалпы жонунан 41,5 млн. доллар бөлүнмөк. Анын 11,5 млн. долларын Бүткүл дүйнөлүк банк, 30 млн. долларын Азия өнүктүрүү банкы бермек. Бирок Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койду. Алар мурдагы кемчиликтерди жойгула, аны жоюш үчүн долбоордун жаңы моделин түзгүлө, суу жана канализацияны куруу эрежелерине тиешелүү өзгөртүү киргизгиле деген 3 талапты койгон. Азия өнүктүрүү банкы бере турган 30 млн. доллар бул кайтарымсыз грант. Ал колго тийсе, мурдагы кемчиликтерди оңдоо менен жаңы долбоорлорду да ишке киргизе баштамакпыз.

Кемчилик демекчи, 2001-жылы киргизилген алгачкы таза суу долбоору толугу менен ишке ашпай калган. Аскар Токтошев ага департамент астында түзүлгөн Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү ошол кездеги өкмөт буйругун гана аткаргандыктан ушундай болгон деп эсептейт:

- Бардык милдет Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнө жүктөлгөн. Акчанын баары ошолор аркылуу кетчү. Бишкекте олтуруп алып тендер өткөрүп, куруучуларды тандаган. Бул процесстерге жергиликтүү органдар катышкан эмес. Бүгүн ошол бөлүм аркылуу бүткөн суу түтүктөрүн муниципалдык менчик катары айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрө албай жатабыз. Анткени, “биз катышкан эмеспиз” деп качып жатышат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 18-беренесинин 4-пунктунда “Калкты суу менен камсыз кылуу жергиликтүү органдарга карайт” деп жазылган. Бүгүн биз жаңы долбоорду ошого ылайыктап түздүк, эми донорлор берген акча түздөн-түз айыл өкмөттөргө бөлүнөт.

Курулуш жана аймакты өнүктүрүү агенттигинин жергиликтүү мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Рахманкул Мендекеев суу түтүктөрүн айыл өкмөткө өткөрүп берүү жоопкерчиликти арттырмак деген пикирде:

- Мындан ары курула турган түтүктөрдү айыл өкмөт өзү алсын деп жатпайбызбы. Акчаны бөлүп берели, айыл өкмөт өз карамагын таза суу менен камсыз кылсын деп жатабыз. Туура эмес болсо кийин өзү жооп берет. Жооптон да кача албайт. Азыр болсо бирине-бири шылташып, айыл өкмөттө жоопкерчилик жок болуп жатат.

Жаңы долбоорго айыл өкмөт башчыларынын ою кандай? Айталы, Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөт башчысы Касымбек Ибраимовдун жаңы долбоорго көз карашы түз. Бирок айыл өкмөттүн баарында адистер жок, ошондуктан райборбордо техникалык база түзүү керек деген ойдо:

- Бизге тиешеси жок болгону үчүн көп түтүктөр иштен чыгып калды да. Башында эле берсе көз салып турмакпыз. Азыр эми суу түтүктөрүнүн баары эскирди. Айыл жеринде эми билесиңер да, техника жок. Ар бир айылга бирден эксковатор керек, бирок ал кымбат. Ошол себептүү, райборборго бир эле техникалык база түзүп коюшса болмок. Ал кайсы айылда түтүк бузулса адистерин жиберип, акчага оңдоп бермек.

Ал эми Баткендин Орозбеков айыл өкмөтүндөгү “Пүлгөн таза суу” долбоорунун жетекчиси Асанбай Пазылов бардык милдетти айыл өкмөттөрдүн мойнуна жүктөп койуудан майнап чыкпайт деп эсептейт:

- Айыл өкмөттөргө албетте, укук берилиши керек. Негизи ал канча акча бөлүндү, кайда кетти ошого жооп бериши керек. Бирок долбоор түзүү, аны ишке ашырууну кесиптик ишканалар аткарышы зарыл. Азыр көпчүлүк айыл өкмөттөрдө техникалык база жок, адистер тартыш. Айыл өкмөттүн суудан башка деле жумушу жетиштүү да. Адис болбогондон кийин суу түтүгү кандай орнотулуп жатканын ал кайдан билет? Аны текшерүү кесиптик ишкананын жумушу. Ал ишкана долбоор чиет, айыл өкмөт ага канча акча керек болсо бөлүп берип ошондон талап кылат. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Жаңы долбоордо мына ушулар так жазылбай калган.

“Таза суу” программасынын жаңы долбооруна донорлор али баа бере элек. Алардын сынына толгон күндө да долбоордун ишке киришине убакыт керек.

“Таза суу” долбоору алгач ирет 2001-жылы ишке кирген. Ошол кезде ага Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк тарабынан 69, 5 млн. доллар бөлүнүп, 533 айылга суу түтүктөрү курулган. Адистердин айтымында, ал акчанын жарымы жең ичинен кымырылып, иш сапатсыз бүткөн. Учурда 533 айылдын 35инде суу түтүктөрү иштен чыкканы маалым болду.
XS
SM
MD
LG