Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

Манас Саматов - баткендик бизнесмен. Германиялык фирмалардын өкүлү катары кара континенттин кап ортосундагы экваторлук Уганда өлкөсүнө көп жылдан бери каттайт.

Көп улуттуу, кедей, бирок туруктуу турмушта жашаган Угандандан кезектеги командировкадан кайтып келатып, Саматов мырза "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесине кайрылып калды. Ал биздин радиого кыргыздардын Африкада дарбыз өстүргөнү, элинин көбү сабатсыз Угандадагы мыйзамга болгон сый-урмат өңдөнгөн маселелердин айланасында кеп куруп берди.



Жаңыл Жусупжан: Кыргыздар Африкага барып, айыл-чарбасын үйрөтүп атыптыр деп угуп жатабыз. Мисалы баткенчилер Угандада кара дарбыз эгишиптир, аларга абдан жаккан экен. Алар кантип барып калышкан бул өлкөгө?

Манас Саматов: Булар Саударабстанда жүрүптүр, бир шейхтин Угандада килем саткан дүкөнү, 50 гектар жери бар экен. Виктория көлүнүн боюнда, Нил дайрасы башталган жерде килем сатып жүрүшүп, 50 гектар жерди иштеткиле деген өтүнүч болуп калат. Ошондо булар Баткенден кара дарбыздын үрөнүн алып барып себишет. Бул 2000-жылдардын баштарындагы иш. Бүгүн мен Уганданын базарларынан кара дарбызды көрдүм, даамы бир аз башкараак, бирок бар.

Жаңыл Жусупжан: Даамдуу бекен?

Манас Саматов: Даамдуу, бирок биздикиндей эмес.

Жаңыл Жусупжан: Кара дарбыз деген кандай? Мисалы бизде дарбыз жашыл го.

Манас Саматов: Сорттору көп да, сырты кою кочкул жашыл дарбызды биз кара дарбыз деп коёбуз.

Жаңыл Жусупжан: Ал эмне балдар экен?

Манас Саматов: Саударабстанда окуган балдар экен. Угандада килем саткандын шылтоосу менен эки жыл дарбыз айдашкан. Мен аларды биринчи жолу 2003-жылы Кыргызстандан издеп таап сүйлөштүм. Оокатка тың, турмуштары тың балдар, азыр Кыргызстанда иштеп жүрүшөт.

Жаңыл Жусупжан: Сиз Угандага жети жылдан бери барып, айыл-чарбасынын техникасы боюнча кеп-кеңешиңизди берип турат экенсиз. Уганда деги эмне болгон өлкө экен? Британиядан көз карандысыздык алганына жарым кылымдай болуп калыптыр, көп улуттуу өлкө экен.

Манас Саматов: Булардын азаттыкка жеткени, бүгүнкүдөй туруктуу системага келиш жолу аябай татаал болуптур. 1962-жылы азаттык алган, 1980-жылга чейин өз ара келишпестиктер көп болгон. Бүгүнкү күндө бүт мыйзамдары либералдуу, чет элдиктер көп барат экен, инвестицияга каналдар ачык экен. Экватордук Африкадагы өлкөлөрдүн ичинен көпчүлүк чет элдиктер ушул Кампалада (Уганданын баш калаасы) туруп иш алпарганды туура табышат экен.

Жаңыл Жусупжан: Инвестициялык климат жакшы турбайбы?

Манас Саматов: Жакшы экен. Барып аэропорттон 50 доллар төлөп туруп, виза алып кирип кете бересиң.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстандын жараны дагы?

Манас Саматов: Ооба, кыргыз жараны да. Анан албетте, мындай өлкөлөрдүн негизги оорусу бирдей, бул - коррупция. Бирок угандалыктардын жакшы өзгөчөлүгү бар экен, билбегенин «муну билбейбиз» деп жаңылыкка болгон умтулуусу абдан күчтүү экен.

Жаңыл Жусупжан: Угандада бир да улут көпчүлүккө ээ эмес, көптөгөн улуттун өкүлдөрү жашайт. Калкынын көбү христиандар, мусулмандар да бир топ бар. Ушул шартта алар улуттар аралык тынчтыкты кантип камсыздашат экен?

Манас Саматов: Буларда жагдай таптакыр башкача, уруучулук сакталып калган, мурда токойдо жашап келген өзүнчө уруулар бар экен, ошолордун королдорунда мамлекеттик статусу бар. Андан сыртында англис тили мамлекеттик тил болуп эсептелинет. Дин жагынан бири-бирине болгон мамилелери, уруулардын бири-бирине кылган мамилелери жакшы, бири-бирине көз көрүнөө карама-каршылыктар жок.

Жаңыл Жусупжан: Угандада мындан 50 жыл мурда болгону беш миллион калк болгон экен, алардын саны азыр 35 миллион болуптур. Биз да кыргыздар элүү жылда элүү миллион болобузбу?

Манас Саматов: (күлүп) Бул эми өзүнчө тема. Менин көзүм жеткени, Кыргызстандын билим деңгээлин Угандага салыштырып болбойт. Уганданын турмушун көрүп туруп, мен колонизаторлордун сырын, башка элдерди багынтуунун сырларын жакшылап үйрөндүм.

Жаңыл Жусупжан: Мисалы Кыргызстан кандайча колония болгонун да тагыраак түшүндүңүз?

Манас Саматов: Ооба! Ошол механизмди дагы да жакшы түшүнөт экенсиң. Ак колонизатор, көк колонизатор, булардын бири-биринен эч кандай айырмасы жок экен. Булардын максаты бир – жат элдерди багындырып, байлыгын ташып кетүү.

Жаңыл Жусупжан: Ал эми бизге окшогон элдердин максаты ошого туруштук берип, улуттук да, экономикалык да көз карандысыздыгыбызды сактап калуу, туурабы?

Манас Саматов: Бул жерде жанагындай кыпкызыл улутчулдук эмес, акылдуу, интеллектуалдуу улутчулдук керек.

Жаңыл Жусупжан: Бизде ошого интеллектуалдык дареметибиз жетеби?

Манас Саматов: Бизде Кудайга шүгүр, интеллектуалдык дареметибиз жетишээрлик. Бирок менин байкашымча, биздин жолубузду тосуп жаткан бир нерсе бар, ал биздин азоолугубуз. Эркиндик, демократия ушул экен деп эле көчөгө чыгып алдык. Мен дайым айтып келем, биз кыргыз эли азоо элбиз, жүгөнү жок элбиз. Бул туура. Бирок биз өзүбүздү өзүбүз жүгөндөшүбүз керек.

Жаңыл Жусупжан: Мыйзамга жүгөндөтүшүбүз керек.

Манас Саматов: Ооба, мыйзамга жүгөндөтүшүбүз керек!

Жаңыл Жусупжан: Баткенде бизди угуп жаткан балдар «Агабыз Африкада жүргөн экен, ысыкта кыйналып калбады бекен, банан жеп жүрөбү?» - деп ойлоп жатышса керек, Уганда деги кандай өлкө экен?

Манас Саматов: Уганда Кудай берген жер экен. Жайы-кышы 22-25 даража жылуу болуп турат. Бир күндө 2-3 жолу дыбыр-дыбыр жаан себелеп өтөт, анан салкын. Бир гана жери – нымдуулук бир аз жогору. Баары жапжашыл, айыл-чарба өндүрүшүн өөрчүтүүгө шарт аябай жакшы экен. Мен кайда жүрсөм дагы кантип кыргыз элинин, айыл тургундарынын турмушун өзгөртүшкө кантип түрткү болуп бере алабыз деп ар дайым ойлойм. Албетте Угандадан үйрөнгөн тажрыйбабызды Кыргызстанда да пайдаланууга да аракет кылабыз.

Жаңыл Жусупжан: Мекениңизге сапарыңыз байсалдуу болсун.

Манас Саматов: Силерге да чоң-чоң ийгиликтерди каалайм

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG