Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Бишкектеги Нооруз салтанаты


Бишкектеги Нооруз салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00
Түз линк

Быйыл Бишкектин борбордук аянтында Нооруздун урматына, расмий чөйрөнүн катышуусунда жылдагыдай сахналашкан бараандуу оюн-зооктор болгон жок.

Анын ордуна Нооруз борбордук эс алуу жайларда майрамдалып, ал жерлерде шаардыктар жана коноктор арбын болушту.

Шаардыктарга арналган майрамдык иш чара быйыл эски аянтка уюшурулган. Аянтта улуттук даамдар мурдагы жылдагыдай арбын коюлбаса да таттуу азыктар, суусундуктар, анан албетте сүмөлөк да сатылды. Майрамдын расмий бөлүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов ачты:

- Урматтуу шаарлыктар Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Нооруз майрамы жадыраган жаз айынын алгачкы күндөрүндө, таза ой-сезимдин, асыл каалоо-тилектин, боорукерликтин жана кайрымдуулуктун майрамы катары өзгөчө мааниге ээ.

Кандай болгон күндө да Ноорузду Чыгышта миңдеген адамдар жаңы жыл, күн менен түндү теңештирген, жаз, көктөм майрамы деп даңазалап, майрамдап келатат. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата-бабалар ушул күнү жыл эсеби башталды деп, уулу майрам Нооруз деп аташкан. Фарсы тилинде "Навруз" - бул "нав" - жаңы, "руз" - күн - "Жаңы күн" дегенди билдирет.

Ал эми маанисине эмес, майрамдык өмүрүнө келсек Нооруз Кыргызстанда руханий улуу майрам катары өз ордун таба элек дегендер көп. Көпчүлүк майрамдын татыктуу өтүшү руханий жаңыланууга толук бет ала албай жаткан кыргыз эли үчүн бирден-бир шыкак болмок дешет.

- Мен Зоя Окенова, буга чейин көбүнчөбүз орусча тарбия көргөнбүз. Бирок акыркы учурларда менин ичимде бир жаңылануу башталды. Мен кыргыздын түпкү нускасын баалап, кыргыздардын көтөрүлүп, өсүшүнө көзүм жетти. Башка адамдарды да ошол дымактуу көз карашка үндөйт элем.

- Эркин, Кыргызстандын башында турган атка минерлерге ынсап берсин. Бардык кыргыз ушул жаңы жылдан ошону тилейли. Элге тынчтык берсин.

Ошентип Бишкекте Нооруз бүгүн түн жарымына чейин уланат. Бул кечте ырчылар менен чыгармачыл топтор шаардыктар менен анын конокторуна чоң концерт берүүгө камданып жатат.

XS
SM
MD
LG