Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Жакында Бишкекте өткөн Сауд Арабиянын көргөзмөсүндө жайнамаз, теспе жана суусундуктар таламайга түштү.

Негизи эле кыргызда аш-тойдон кийин дасторкондогу тамак-ашты шыпырып кеткен адат бар. Бул көрүнүш чет жердик конокторду бир чети таң калтырып, бир чети ирээнжитет дешет айрымдар. Алсам-жулсам деген көрүнүштөн кантип кутулабыз? “Азаттык” ушул теманы арай көз чарай талкуулады.

Талкууга Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, жазуучу жана публицист Кален Сыдыкова жана “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинини өкүлү Жоомарт Жолдошев катышты.

Талкуунун 1-бөлүгү




“Азаттык”: Акыркы кезде курсак тойсо да, пейил тойбойт, элден токпейилдик, каниет кылуу касиеттери качты деген пикирлер канчалык жөндүү?

Бексултан Жакиев: Бул туура, жөндүү эле айтылган сөз болуп калды. Кыргыз өзү дээринде токпейил, топук кылган, бар-жокко чыдамдуу, улунуп-жулунбаган эле эл болчу. Ошондой учурларды биз бала кезибизде баштан өткөрдүк. Ошондой элдин арасында чоңойдук дегендей.

Көргөзмөдөгү жагдайды мен өзүм көргөн жокмун, бирок угуп алып абдан зээним кейиди. Бул капа боло турган иш. Айт-арапада молдолор тамак бышырып, палоо басып элге берип, талашкан учур болгон аянтта. Мунун жүзү курусун, мурда мындай жок эле. Эгемендик алгандан кийин биз эркиндикти, демократияны ээн баштыкка айлантып жибердик. Ээн баштыктан жүрүп отуруп дүнүйөкордукка өттүк. Азыр жокчулук заман деп айтууга болбойт, базарда баары эле жайнап турат. Биз бала кезде дүкөндө эч нерсе жок болчу. Азыр баары жайнап турат, бирок пейил жок, пейил тарып кетти.
Талкуунун 2-бөлүгү



Кален Сыдыкова: Менин жеке пикиримде, токпейилдик деген касиет жоголгон жок. Ал индивидалдуу нерсе. Түшүнбөөчүлүктөн, караңгылыктан акыркы 20 жылда мамлекеттик чоң чиновниктер ач көздүктү элге үйрөтүп койгондуктан кадырлап, урматтап берип жатса да ошону талап-тулап алганды өнөр көргөн айрым бир адамдардын топтору бар. Бирок элдин баары ошондой деп айтыш мүмкүн эмес. Кыргыздын салтында дасторконун деле жакшылыкка жаят эл ичип кетсин, жеп кетсин деп. Түлөө кылганда да ар бир адам ооз тийип, бата кылып койсо экен дейт. Куран окутканда деле канча жесе, ошончо сооп тийет экен деген сөз бар эмеспи.

Дасторкон жайганда башка, ал эми өзүнө тийешеси жокту деле талап кеткен ал таптакыр башка нерсе. Адамдын пейили тарыгандыктан, өзүнө каниет кылбай, кереги жок нерсени деле алып жаткан жагдай да бар. Мисалы мен теспени бекер берсе да албайм. Бирок ушуну алсам сооп болот деп машинесине илип алгандар бар да. Ошондуктан фанаттар менен жалпы кыргыз элин салыштырганга болбойт.

“Азаттык”: Ушундай көрүнүштөр чет жердик коноктоду бир чети таң калтырып, бир чети ирээнжитет дешет. Ушундай пикирлерге макулсузбу?


Жоомарт Жолдошев: Мындай көрүнүш чындыгында акыркы 20 жылда пайда болду. Ага чейин биз көргөн, биз уккан кезде деле мындай жагдай жок болчу. Жалпысынан кыргыздын өзүнө тийешелүү болгон салттар бар. Алсак кешик алып кетүү, устукан тартуу деген болгон. Ал эми тойдогу пакет ташуу, башкача айтканда “пакет операциясы” туура эмес түшүнгөндөн, улуу муундун кийинки муунга туура эмес түшүнүк бергенинен улам деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG