Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Мерт болгондордун сөөгү толук тааныла элек


Ош шаары, 20-июнь, 2010-жыл
Ош шаары, 20-июнь, 2010-жыл

Июнь коогасында мерт болуп, сөөгү таанылбай калган 15 адамдын кимдиги Бээжиндеги экспертизада аныкталды.

Бул тууралуу 3-июнда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирип, дагы 21 адамдын сөөгү таанылбай калганын кабарлады.

Экcпертиза иштери аяктаганына карабастан, жакындарын жоготкондор жаңы экспертиза түзүлүп, таанылбаган сөөктөр такталcа деген мүдөөлөрүн билдирип келишет.


Өткөн жылкы июнь коогалаңы тушунда Алай районунун тургуну Турдубек Сулуевдин 32 жаштагы уулу Жалынбек Сулуев Ош шаарына кеткен боюнча белгисиз жоголгон. Улуунун амандыгынан күмөн санаган ата-эне таанылбай жаткан сөөктөргө өздөрүнүн кан үлгүлөрүн кошуп экспертизага кайрылууга аргасыз болгон.

Турдубек Сулуев уулунун сөөгүн аныктаган экспертизанын жыйынтыгын бүгүн алып отурат:

- Муну биринчи Москвага кетирген болчу. Москвадан кандайдыр бир себептер менен кайра кайтып келген. Анан биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги экспертиза үчүн Кытай менен сүйлөштү деген маалыматты прокуратурадан беришкен. Кытайга экспертизага жөнөттүк дешкен. Бүгүн жыйынтыгы чыкты. Кыйлалардыкы аныкталбай калыптыр, меники жана дагы бир он бештей аныкталган экен.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун 3-июнда маалымат жыйынында билдиришинче, буга чейин Москва шаарында жүргүзүлгөн экспертизада июнь коогасында мерт болгон 12 адамдын сөөгү таанылган. Ал эми Бээжиндеги акыркы экспертизада 15 адамдын кимдиги аныкталды.

Экпертизалар Орусия менен Кытайдын сапаттуу лабораторияларында жүргүзүлгөнүнө карабастан дагы 21 адамдын сөөгү таанылбай жатат:

Касымбек Мамбетов
- Кайтыш болгон, таанылбай жаткан 21 жарандын ичинде Москванын жана Бээжиндин расмий маалыматы боюнча үч кишинин сөөгү, биологиялык үлгүсү ДНКны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Анткени бул сөөктөр толук күйүп калган. Калган 18 адамдын ДНК генотиби азыр өзүнүн туугандарын издеген жарандардын канына, генотибине туура келген жок. Же болбосо алар чоочун адамдар, эч кандай тууганчылыгы жок болуп аныкталды.

Министрдин орун басары билдиргендей, мындан ары ДНК экспертизасы жүргүзүлбөйт. Эгер жакындарын издеген адамдардар бар болсо, алардын кан үлгүлөрү менен таанылбай жаткан 18 адамдын ДНКсы гана салыштырылмакчы.

Үмүт кылгандар көп

Кезегинде июнь коогасында жоголгондордун табылбай, сөөктөрдүн кимдиги аныкталбай жатканына нааразы болуп келген “Ош шейиттери” уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиеванын айтымында, Ош жана Жалал-Абадда жакындарын жоготкон жарандар дале болсо таанылбаган сөөктөр аныкталаарына ишеним артып келишет:

Тургунайым Айтиева
- Бул эң акыркы молекулага чейин аныкталды да. Биздин “Ош шейиттери” коому, анан кийин өкмөт деле айтып жатат. Эгерде дагы аракет кылып, дагы караштырып, текшерип көрөлү дегенден биз баш тарпайбыз. Мүмкүнчүлүк болуп башка мамлекеттер деле сунуш киргизе турган болсо биз макулбуз.

Ушул жылдын 3-июнуна карата берилген расмий маалымат боюнча, июнь коогасында Ош жана Жалал-Абад облустарында 435 адамдын каза болгону тастыкталды. Ал эми бул окуялардан жабыркагандардын саны 2244 адамга жетти.

Өткөн жылкы июнь коогасынан кийин жалпысынан 76 адамдын сөөгү таанылбай калган. Алардын бир катарынын кимдиги атайын экспертизага чейин эле кайсы бир белгилери менен аныкталган.

Ал эми таптакыр таанылбаган сөөктөрдөн үлгүлөр жана жакындарын издегендерден кан алынып, алгач август айында Москва шаарына ДНК анализине жөнөтүлгөн. Андан соң экспертиза иштери Кытайдын Бээжин шаарында улантылган болчу.
XS
SM
MD
LG