Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

“Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы 20 жыл мурдагы жана бүгүнкү демократияга арналды.

Талкууга катышкандар:

“Арыш” коомдук бирикмесинин башчысы Жумагазы Садыр уулу, Коммунисттер партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева жана “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракция мүчөсү, депутат Жоомарт Сапарбаев.





“Азаттык”: 19-августта Август кутуму деген атка татыган ГКЧП өзүн жарыялаганына туура 20 жыл болду. Бул Кыргызстандын тарыхы үчүн олуттуу учур. 20 жылдан бери Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү беттеп келе жатат. Бирок бул жол жеңил болгон жок. Кокус СССР кулатылбай, өз калыбында сакталып калса, Кыргызстанда кандай болот эле?

Жумагазы Садыр уулу: Кайра куруу башталгандан кийин Кыргызстандын азаттыгы үчүн күрөшкөн, аракет кылган адам катары көп деле кошула бербейм. Эгер ошондой болуп калса, Кытайдагы жол менен кетсек балким турмуш оңолушу мүмкүн болчу. Бирок аны ошол кезекте коммунисттер өздөрү чанган.

Убактылуу кыйынчылыктарга карабай, бирөөлөргө күнкор болуп жашагандан көрө, кыйналсак да өзүбүздү улут катары таануу менен, дүйнө таанымыбыз, байыркыбызды таануу менен, келечектеги урпактарыбызга жаңы жол ачуу менен, ушунун баарына чыдап, ушул гана жолду тандаганыбыз туура деп эсептейм.
Кийинки келген президент "мен президенттик бийликти жогорулатам, башка багыт алалы" дей турган болсо, анда биз көп нерсени уттуруп жиберебиз.

Гүлжамал Султаналиева: СССРдин 90-жылдагы учуру бүгүнкү күнгө чейин эч качан калбайт эле. 90-жылдары коммунисттик идеологиянын өзү эмес, анын башында турган адамдардын коррупцияга малынып, көп учурда туура эмес кабыл алган чечимдердин негизи партиянын кризисине алып келген.

Ошол учурда кризис келип, чоң жарылуу болгон. 90-жылы мен биринчи жолу Америкага барганда “күчтүү мамлекеттин кулаганына силердин жүрөгүңөр ачышпайбы” деген суроону беришкен, анда мен жаш болчумун. Бирок ошол суроону америкалыктардан уккандан кийин биздин мамлекет ошол учурда канчалык кыйын болгонун сезгем.

Клара айым централдуу башкаруу менен кайра өнүгөбүз деген нерсени айтып келатат. Коммунисттер партиясынын бүгүнкү күндө рынокту өстүрүү менен коммунисттик, социалдык идеологияны алып келишибиз керек деген оюбуз бар. Каалап, каалабасак да 70 жыл бою турган бийлик бүгүнкү күнгө чейин эч качан сакталмак эмес.

Жоомарт Сапарбаев: СССР эч качан сакталып калмак эмес, эртели-кечтир урамак. Тышкы жана ички таасирин тийгизе турган объективдүү жана субъективдүү нерселер болгон. Өтүп кеткенди унутуп калуу – маңкурттук. Бирок өтүп кеткенди кайра алып келүү туура эмес.

“Азаттык”: 90-жылдары демократиялык нукка буруу үчүн бийликке кысым көрсөткөн демократтардын кыялы бүгүн ишке аштыбы?

Жумагазы Садыр уулу
Жоомарт Сапарбаев: Кандайдыр бир деңгээлде ошол учурда басым көрсөтүү менен биздин “Ашар” коому азыр өкмөттүк эмес уюмдар кыялданып жүргөн тирилик өнөктөшүнө жетишкенбиз. Ага чейин эч кандай укугу жок жаштар жер чечимин чыгарууга кошо аралашкан.

Биз документтерин чогултуп, жерди өлчөп, ага акча бөлдүрүп, суу тарттырып, жол, дүкөн салдырып, бардык иштерге кийлигишкенге ошол кезектеги өкмөттү мажбур кылдык. Андан кийин шаардын деңгээлинде шаардык штаб дегенди ачтырганбыз, ал элдин талаптарын угуп, ошого жараша өкмөт чече баштаган.

Бүгүн ошондогу демократиялык эл бийлигинин саамалыктары абдан кетенчиктеп кетти. Бүгүн текеберленишип, атасынан калган бийликтен бетер, аны жекебасарлык кылып, элдин мүдөө-талаптарын укпай, биздин жетекчилерде азыр алар менен кызматташуунун маданияты жок. Ушунун баары алгачкы кездегиден артка кетенчиктөө болуп калды.

Аң-сезим өзгөрдү

“Азаттык”: Эмне үчүн артка кетенчиктөө болду? Эмне үчүн ошол кездеги демилгелер ишке ашпай атат?

Гүлжамал Султаналиева: 90-жылдары жаштар жерге болгон укугун биринчи көтөрүп аткан учурда ошол эле Коммунисттик партиянын башында тургандар элге барып, кошо аралашып жүргөн.

Эми кечээ күнкү Ак-Жардагы митингди алалы. Ак-Жардын эли жакшы жашоону самап, ушул жерге келип, ар кандай шарттар менен ошол жерди басып алышып, аны мыйзамдаштырууну суранып атышты. Ошол митинг болуп атканда канча убакыттан кийин, акцияда айласы кетип дөңгөлөктөрдү өрттөгөндөн кийин гана биздин бийликтин өкүлдөрү келди. Ушул салыштыруунун өзү эле кандай!
Апрель ыңкылабынан кийин биз жаңы жумуруят болдук деп жарыялаганбыз. Азыркы 80ден ашык талапкердин болушу биз кайра артка кеткенибиздин белгиси.

Бүгүнкү күндө “кербен жүрө берет, ит үрө берет, эл митингге чыга берет, биз өзүбүз билгенибизди кыла беребиз” дегендей болуп калды. 90-жылдагы 20 жыл мурунку элдин көтөрүлүшү менен бүгүнкү элдин аң-сезими, бийликте турган адамдардын аң-сезими эки башка болуп атат.

Жоомарт Сапарбаев: СССРдин кулашы чоң жышаан болгон. Жаңы демократиялык кыймылдын алдынан мурунку эле коммунисттик партноменклатуранын лидерлери демократ боло калышып, жаңы прогресстин алдына тура калышып, мурдагы партноменклатуранын өкүлдөрү азыр деле жүрүшөт.

Мурун КПССте иштеп жүргөн, парторг болуп жүргөн саясий башчылар азыр демократтар, либералдар, республикачылар, ошол идеяны жамынып алышып, бирок системаны өзгөртө алган жок, жаңыча иштей алган жок, мурунку эле Советтер Союзунун системасын демократиялык идеяга жаап, ошол ишти кайра алып барып атышат.

“Азаттык”: 90-жылдары саясий, эркиндик өңүтүнөн алганда эмнени күткөнсүз?

Жумагазы Садыр уулу: Биз ошол учурда “билимдүү элибиз, өнүккөн чарбабызды туура жолго салып эле Прибалтиканын үлгүсүндө тез аранын ичинде базар мамилесине өтүп, татынакай өнүккөн өлкө болуп кетебиз” деп ойлогонбуз. Менчиктештирүүнүн, талкалоону, улуттук мамлекеттүүлүктүн каада-салттарын, жөрөлгөлөр жоктугун, улуттук ар-намыстын манкуртташып калганын эсепке алган эмеспиз, ал азыркыга чейин уланып атат.

Ак-Жардагы окуяны алсак, өкмөт башчы элге жакшылык кылайын деп барган жок, ал шайлоонун алдында упай топтогону барды. Ошол кездеги коммунисттер деле Москвадан уруксат бергенден кийин 3 айдан кийин бизге уруксат берген.

Биздин улуттук мамлекеттүүлүктүн ар-намысы азыркыга чейин калыптанбай атат. Азыр шайлоого чыккан ар бир талапкер сырткы күчтөргө тиренип турат. Муну ойлогондо 1-2 муун дагы чайналабыз деп ойлойм.

Приватизация – басып алуу жолу

“Азаттык”: Саясий эркиндик бар. Эмне үчүн эркиндиктин жемиштери корголбой жатат? Буга себеп болгон жагдайлар эмне? Мисалы, СССР лидерлери учурунда мыйзам сактоого өзгөчө көңүл бурушчу деп айтышат коммунисттер. Ал эми азыр бийлик башында отурган адам үчүн мыйзам бузуу кадыресе көрүнүш, эмне үчүн ушундай болуп атат, эмне үчүн баалуулуктар корголбой атат?

Жумагазы Садыр уулу: Бизде батыштык ачкөздүк жана жеке адамдык кызыкчылык болуп атат. Биз кайра Манастын айкөлдүк дооруна кайтып келмейинче жаңы жолго түшө албайбыз. Мамлекетибизде ар бир саясатчы бийликке жетсем, өкмөт башына келе калып андан ары ажо болом дешет, ачкөздүктүн арааны жүрүп атат.
Бүгүнкү күндө “кербен жүрө берет, ит үрө берет, эл митингге чыга берет, биз өзүбүз билгенибизди кыла беребиз” дегендей болуп калды.

Ошол жерде туруп деле элине кызмат кылып, жакшы нерселерди жаратса болот. Биз боор тартууга, кошо жасашууга өтсөк сөзсүз жыйынтык чыгарабыз, элдин алдында жооп беребиз. Ушуга өткөндө гана биз мамлекеттин жолун табабызбы деп ойлойм.

Гүлжамал Султаналиева: 90-жылдагы биринчи көтөрүп чыккан демократтардын ой-пикирлери ишке ашпай атат деп атабыз. Эгерде анализдеп көрсөк, Кыргыз ССРи болуп турган кезде өзүн толук багып кеткенге шарты жок болчу, Москвадан дотациялык өлкө болчу.

Экинчи маселе, ошол учурдагы партиянын башчылары партбилетти таштап аткан учурда мен партиядан кетпейм деп айтып, өзүнүн адамкерчилигин сактап калып, бирок кийин партбилетин катып коюп башка партияларга жүгүргөнгө аракет кылышкан. Өзүнчө чечим кабыл албаган адамдар боштондукка чыкканда, боштондук ушундай экен деп, болушунча приватизация маселеси прихватизация боло баштады.

Ар ким бийликте туруп элдин мүлкүн басып алуу менен эл түшүнө электе тартып алган учурлар болду. Бүгүнкү күндө канча жылдан бери элдин эмгеги менен курулган объектинин бардыгы жеке менчикке өтүп кетип, баш-аягын таппай калдык. Бул нерсеге Аскар Акаев баш болуп мүмкүнчүлүк түзүп берген.

“Азаттык”: Бирок ошол эле мезгилде эл башчыларын эл тандап, шайлап атпайбы.

Гүлжамал Султаналиева
Гүлжамал Султаналиева: 91-жылы Акаев шайланганда элдин ишенимин алдым деп 5 жыл жакшы иштеп берди, бирок андан кийин кандай болгонун баарыбыз билебиз.

Жоомарт Сапарбаев: Кеп биз өзүмчүл болуп калганда эмес. 70 жыл бою СССРдин алдында туруп биздин улуу муундар өзүмчүл эмес, бечел болуп калган, өйдөдөн ар дайым бир нерсени күтүп калган.

Экинчиден, азыркы демократтар, либералдар коррупциянын өнүгүшүнө, прихватизациянын өнүгүшүнө катышкан койдун терисин жамынып алган карышкырлар – эски коммунисттер, жаңы демократтар.

Үчүнчүдөн, 90-жылы демокаратияны толугу менен түшүнчү эмеспиз, эркиндик болгон жерде жоопкерчилик болуш керек, биз болсо эркиндикти жакшы көрөбүз, бирок жоопкерчиликти жаман көрөбүз, демократиялык институттар калыптанган эмес, идеология, идеялар толугу менен Кыргызстанда жок болчу. Ошондуктан демократиялык процесстин өнүгүшү үзгүлтүккө учураган.

Демократиянын келечеги

“Азаттык”: Демократиянын келишине түрткү болгон демократтар өздөрү кайда, алар эмне үчүн өздөрү көтөргөн демилгени ишке ашыра алган жок, алардын кудурети жеткен жокпу, же мүмкүнчүлүк бербей коюштубу?

Жумагазы Садыр уулу: Демократиянын институттары ал мезгилде түзүлгөн эмес. Бирок эң алгачкы чыкканда биз өзүбүз жүрөгүбүздө, маданиятыбызда, түшүнүгүбүздө кыялкеч демократ болчубуз. Менчиктештирүү болуп атканда дүкөндөрдү, машиналарды алууга менде кудурет бар болчу. Бирок “Ашардын” жетекчилери сөзгө калабыз деп башкаларга алып бергенбиз.
Мурун КПССте иштеп жүргөн, парторг болуп жүргөн саясий башчылар азыр демократтар, либералдар, республикачылар, ошол идеяны жамынып алышып, бирок системаны өзгөртө алган жок, жаңыча иштей алган жок.

“Азаттык”: Азыркы демократтар кандай, алар кимдер, аларга демократияны илгерлетет деп ишенсе болобу?

Гүлжамал Султаналиева: Мен кийинки жаңы келген коммунисттерденмин. Мага коммунисттик идеологиянын өзү жагат. Дүйнө жүзүндө эң биринчи демократиялык принципти коммунисттик идеология алып келген. Демократиялык централизм деген бар болчу, аны комсомолго өтүп аткан жаш муун сөзсүз билиш керек эле.

Демократтардын принциптерин алып келе турган муун бардык учурда болот, бирок канчалык деңгээлде ошол адамдар коомдо жеңип чыгып, алдыга суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү болуп атат деген суроо болуш керек. Ошон үчүн демократтар 19-20-21-кылымдарда ошол принципти алып келе турган адамдар дайыма болот.

“Азаттык”: Демократтык муундун бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү канчалык?

Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев: Мүмкүнчүлүк албетте бар. Бизде ар бир муундун өкүлдөрү бар, демократтар болобу, либералдар болобу. Азыр Кыргызстанда либералдар көбөйүп кетти, неолибералдар да пайда болуп атат.

Потенциал бар. Болгону биз жаш дей бербестен сапатына карашыбыз керек. Улуу муундун арасында да абдан прогрессивдүү адамдар бар. Жаштардын арасында коррупцияга мойнунан малынып калгандар да бар.

“Азаттык”: Жакында шайлоо болгону турат. 20 жыл мурда Кыргызстанда демократия жеңди деп айтып келатабыз. Жаманбы-жакшыбы 20 жылдан бери уланып келатат. Бүгүн президенттик шайлоодон кийин демократиялык өнүгүүнүн өрүшү жайылабы, чыныгы демократиялык өнүгүүнү Кыргызстан беттеп кете алабы, же артка кетеби? Март ыңкылабы, апрель ыңкылабы, Ош окуясы, Аксы окуясы кайталанбай, Кыргызстан чындап демократиялык нукка түшүп кете алабы, келаткан президенттик шайлоодо жеңген жаңы бийлик ошого өбөлгө түзүп бере алабы?

Жумагазы Садыр уулу: Апрель ыңкылабынан кийин биз жаңы жумуруят болдук деп жарыялаганбыз. Азыркы 80ден ашык талапкердин болушу биз кайра артка кеткенибиздин белгиси. 80ден ашык талапкердин болушу коом ажырымда, карама-каршылыкта турат дегендин белгиси.
70 жыл бою СССРдин алдында туруп биздин улуу муундар өзүмчүл эмес, бечел болуп калган, өйдөдөн ар дайым бир нерсени күтүп калган.

Ушул шайлоо менен биз дагы 2 жылды текке кетиребизби деген чочулоо бар. Анткени сөзсүз түрдө даттануулар, соттошуулар болот. Ошол мезгилде элибиз өзү менен өзү болуп, чарба өзү менен өзү болуп, өнүгүү дагы сенектикте туруп калышы мүмкүн.

Биздин азыркы саясатчылар көбүрөөк парламенттик жумуруят болуп жаралгандан кийин ошого ык тартса болмок. Балким мамлекеттин символу катары 1-2 аттуу-баштуу адамдар күрөшүп, ыйгарым укуктары менен калыс адам ажо катары турса, ал эми биз Жогорку Кеңешти күчтөп, өнүктүрсөк жакшы кетмекпиз деп ойлойм.

Гүлжамал Султаналиева: 80ден ашык талапкердин чыгып атканы саясий даярдык деңгээлибизди көрсөтүп атат. Муну башкача карап көрсөк болот, чыкканы деле туура. Биз өзүбүзгө ушундай процесс аркылуу баа беребиз. Каалайбызбы, каалабайбызбы биз ушул процесстен өтүшүбүз керек.

Элдин аң-сезимине ыйман берсе экен деген тилектемин. Элди жарандык активдүүлүккө чакырып кетет элем. Кийинки келген президент "мен президенттик бийликти жогорулатам, башка багыт алалы" дей турган болсо, анда биз көп нерсени уттуруп жиберебиз. Кыргызстандын ар бир жараны терең ойлонуп, туура баасын бериш керек.

Жоомарт Сапарбаев: 80ден ашык адамдын катышканынан эч коркунуч болбойт. Шайлоонун алдында 80дин 70и четке чыгат, ону катышса керек. Ким гана болбосун президенттикке өтүп калса, азыркы турган парламент, башка саясий күчтөр менен өнөктөшүп иштөөгө аракет кылыш керек, алар менен кагылышууга эмес.

Мурун кандай болду эле: президент шайланып келет, парламентти таратканга аракет кылат, саясий кризис, жаңжал чыгат. Мунусунда кээ бир талапкерлер колдоочуларына берген убадаларына турам, Конституцияны алмаштырам деп парламент менен конфронтацияга бара турган болсо, анда жаңжал чыгат. Ошондуктан биздин кээ бир сырткы күчтөргө убадаларын берип койгон, президент болом деп аткан аткаминерлер ушуну, элдин абалын туура түшүнүп, парламент менен биргелешип иштөөгө аракет кылса, анда албетте коркунучтуу нерселер болбойт го деп ишенем.

“Азаттык”: Башкача айтканда Кыргызстан демократиялык жолго түшүп, алдыга жылат деп ишенсек болот. Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG