Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кырсыкта табылган 38 сөөктүн тек-жайы такталды


Кырсык.
Кырсык.

Учак кырсыгы болгон жерде табылган 37 кишинин тек-жайы аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык 34 кишини жакындары таанып, сөөктөрдү алып кетишти. Учурда өлүкканада үч учкучтун сөөгү жатат. Мурдараак экипаждын дагы бир мүчөсүнүн сөөгү табылганы тууралуу болжолдуу маалымат айтылган. Анын тек-жайы аныкталууда.

16-январда "Манас" аба майданына чукул жердеги Дача айылына «Боинг 747-400» кулаган. Мерт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айылдын жайкын тургундары.

Гонконг-Стамбул багытындагы учак “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG