Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25
Өткөн кылымды, башкача айтканда ХХ жүз жылдыкты тарыхчылар улуу кылым, улуу өзгөрүштөрдүн, доор алмашкан окуялардын кылымы деп жүрүшөт.

Чынында эле бул жүз жылдыкта эки дүйнөлүк согуштун оту тутанды; жүздөгөн жылдарга созулган колониализм дүйнөлүк масштабда тарых бүктөмүнө кетти.

Ушул кылымда Улуу Октябрь революциясы ишке ашып, СССР деген эбегейсиз зор мамлекет жаралып, акыры бул супермамлекет өзүнөн өзү 1991-жылы кулап түштү; ордуна 15 жаңы мамлекет дүйнө картасында пайда болду.

Михаил Горбачев Бишкекке сапары маалында, 5-ноябрь, 1991-жыл. Сүрөт "Майдан" гезитинин архивинен алынды.

Михаил Горбачев Бишкекке сапары маалында, 5-ноябрь, 1991-жыл. Сүрөт "Майдан" гезитинин архивинен алынды.

Кудайдын буйругу, Тарых менен Тагдырдын улуу мыйзамы менен ошол 15 багымсыз мамлекеттин арасында жаңы Кыргызстан, Кыргыз Республикасы дүйнөгө келди. Эгемен Кыргызстандын туулган күнү, элибиздин эң ыйык майрамы - 1991-жылдын 31-августу болуп эсептелет.

СССРдин кулашын ар ким ар кандай түшүндүрүп келет. Албетте эң негизги себеп - бул супермамлекеттин экономикасы ар тарабынан алсырап, илим менен техниканын толуп аткан тармактары боюнча Батыштан бери болгондо элүү, болбосо жүз жыл артта калганы эле. Баарыдан да калайык-калктын аң сезими түп тамырынан өзгөрүп, интеллигенциянын, гезит-журналдардын сүйлөгөнү эле демократия, тоталитардык саясий системаны сындоо, жаңылануу болуп калган болчу. Баары эле Батыштагыдай бардар, эркин жашоону эңсеп калганын азыр эч ким тана койбос.

Кыргызстанда 12 миллиондон ашык кой өстүрүлсө да, Фрунзенин азык-түлүк магазиндеринде эч качан эт болчу эмес; колбаса дегенден бир гана “Ливерная” деген колбаса сатылып, ал да кээ-кээде гана гастрономдорго түшчү. Кокус койдун башын сатып алсаң, кадимкидей сүйүнүп, чоң олжолуу болгондой үйгө келген учурлар азыр да эсте. Кыргызстан өстүргөн эт менен май Москва менен Ленинграддын дүкөндөрүнө түшчү. Каякка барсаң кезекке турмай; “кто последний?” деген сөз эң көп колдонулган сөз эле, ал эми эл “сары челек” деп ат коюп алган бочкалардан пиво ичиш үчүн кезек талашып, кээде мушташ чыккан учурлар кадыресе көрүнүш болчу...

80-жылдардын этегинде рублдин инфляциясы укмуштуудай чекке жетип, акыры ал жөн гана кагазга айланып калган. Айрымдар рублду квартирасына обой катары пайдаланса, дагы бир жолу катардагы бир адам Өзгөн шаарынын автовокзалында бир чемодан акчасын автобустун терезесинен ыргытып, ошондо жер жайнаган рублду мусор жыйнаган аялдар бир нече саат шыпырганы тарыхтан белгилүү.

Айтор, Союздун ооматы эч бир токтотууга болбогон, оңдой коюуга өтө кыйын процесске айланып, кайра куруу жана айкындык саясатын Михаил Горбачев көпкөндөн же кутургандан эмес, жедеп айласы кеткенден улам баштаган эле.

Бирок элди аябагандай иренжитип, коммунисттердин саясатына каршы терең нааразылык жараткан нерсе — СССРде жашаган 180ге жакын улуттар өз тарыхынан ажырап, эне тилин унута баштаганы, Чыңгыз Айтматов айткандай жапырт маңкуртташтыруу саясаты эле.

Фрунзеде кыргызча бир гана №5 мектеп бар болчу, жогорку окуу жайлар жалаң орус тилинде билим берчү. “Ата”, апа” деген сөз унутулуп, бала-чакабыз “папа”, “мама” деп калган болчу.

Илимдер академиясындагы терминология комиссиясы “Родина” деген сөздү которуунун кереги жок, ушул гана сөз туура деп чечим чыгарганы азыр да эсибизде. Ошондо дале болсо кайран Чыңгыз агабыз “Манас” сыяктуу улуу эпосту жаратып, миңдеген жылдарды камтыган байыркы тарыхы бар кыргыз тилинде “Родина” деген сөздүн кыргызчасы табылбай калыптырбы?” деп чоң трибунадан нааразы болуп сүйлөгөнү азыркыга чейин көз алдыда турат...

Жергиликтүү компартиянын негизги саясаты — кыргыздардын чыныгы тарыхы 1917-жылдан башталат, ага чейин жарым жапайы турмушта жашаган эл болгон деген саясат эле.

80-жылдарда ал саясат толугу менен банкрот болуп, жогоруда айткандай, элдин ою менен тилеги таптакыр башка болуп кетти. Биринчиден, коммунисттер өздөрү массалык түрдө партбилеттерин тапшырып бере баштады. Ошону менен бирге 80-жылдар билим деңгээли боюнча бардык улуттар өз ара теңелген кез болчу.

Мурун бирдеме болсо эле орустардын оозун караган, Москвага кылчактаган заман аягына чыгып, улуттук интеллигенциянын Ч.Айтматов, А.Акаев, Т.Океев, Б.Шамшиев, К.Молдобасанов, Б.Миңжылкыев, С.Аттокуров, А.Нурбеков, К.Усубакунов сыяктуу калың катмары пайда болуп, көпчүлүк эл Совет мамлекетинин агы менен карасын, дурусу менен бурушун так айырмалап калган кез болчу.

Ошол СССР 1991-жылдын 8-декабрында Белоруссиянын Беловежская пуща деген санаторийинде мыйзамдык негизде өз өмүрүн токтотту. Ал кездеги Орусиянын лидери Борис Ельцин, Украинанын жетекчиси Леонид Кравчук, Белоруссиянын жетекчиси Станислав Шушкевич Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги деген келишимге кол коюп, аталган үч республика тез аранын ичинде эгемен мамлекет катары декларация кабыл алышты.

Москва, Кызыл аянт, 19-август, 1991-жыл

Москва, Кызыл аянт, 19-август, 1991-жыл

Бирок көпчүлүк эл СССР Беловежская пущадан кийин тарады деп туура эмес пикирде жүрүшкөнүн баса белгилегим келет. Жок, СССРдин курамынан Прибалтиканын үч республикасы ага чейин эле, 1991-жылдын сентябрь айында эч кимден уруксат же макулдук сурабай эле чыгып кеткен болчу.

Горбачев Латвияга келип, Риганын политехникалык институтунун чоң залына киргенде бир да студент жана мугалим ордунан турбай, СССРдин президенти салам айтса, бири да алик албай койгон. Башкача айтканда, Советтер Союзу үч славян республикасынын келишимине чейин эле де-факто бузула баштаган эле.

Ал эми Кыргызстан мамлекеттик суверенитет тууралуу биринчи Декларацияны 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алганын эске сала кетейин. Ал Декларацияны Союз тирүү кезинде шайланган, бирок биздин улуттук тарых үчүн зор роль ойногон легендарлуу парламент кабыл алганын, ал чечимдин башында биринчи жолу Президент деген статус алган Аскар Акаев турганын адилеттүүлүк менен эстешибиз керек. Ал гана эмес алгачкы президенттин жарлыгы менен 15-декабрь “Кыргызстан Республикасынын Күнү” деп жарыяланганын, ал декларация Орто Азия республикаларынын ичинде биринчи болуп кабыл алынганын азыр көп эле мекендештерибиз биле бербейт.

Бирок экинчи жарлык, анык мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу Декларация сегиз айдан кийин, атап айтканда 1991-жылдын 31-августунда ошол эле легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынып, ал эми 21-сентябрда Аскар Акаев эл аралык коомчулукка, Бириккен улуттар уюмуна, бүтүн дүйнөнүн мамлекеттерине Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын таануу үчүн чакырык менен кайрылды.

Эң биринчилерден болуп Түркия биздин эгемендигибизди тааныды. 18-декабрда түрк парламенти Кыргызстанга элчилик ачуу тууралуу чечим кабыл алып, тез эле Бишкекке эң биринчи чет өлкөлүк элчи кыргыз мамлекетинин жетекчисине ишеним грамотасын тапшырды. Бул - чынында да биздин улуттук тарыхыбыздагы өтө кубанычтуу окуя эле...

Эмне дейбиз: кудай жалгап, СССР кан менен эмес, ый менен эмес, сый менен тарады. Тарых деген эмчек берген эне, маңдайыңан сылаган ата эмес экен - бирде көргүсү келбей сыртын салса, жерисе, бирде мээримин төгүп, алдыңа ак кийизин төшөйт экен.

Нечен кылым ашуу ашып, таш бастык. Нечен кур таманыбызды таш тилди, көзүбүздүн жашы кургабаган каар замандарды баштан өттү. Жеңдик жана жеңилдик. Бирок бизди, эки миң жылдан ашуун байыркы тарыхы бар кыргыз элин кудай колдоду, кары тарых жолубузду ачты. Ошол 1991-жылдын 31-августунда зоболобуз Гималайдын тоосундай көкөлөп, тарыхыбыз Хан Теңирдин чокусундай ак булутту тиреди.

Ылайым, ошол зоболобузду кудай кыргыз элине түбөлүк кут кылсын...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG