Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Арыкова: Сүт жетпей, таң атпай кезекке турушчу


Советтер Союзу доорунда Нарын шаарындагы сүт заводдо көп жылдар бою иштеген Анипа Арыкова ири держава ыдырап, колхоздордон сүт келбей тартыш болгон кездерди айтып берди.

Анипа Арыкова азыр 65 жашта. СССР ыдырап, өлкөнүн эгемендик жылдарынын жаңы кадамдары башталган кез Анипа апанын азыр да көз алдында турат:

- Ал кез такыр башкача болчу. Анда Нарын облусун сүт менен толук камсыз кылчубуз. Тонналап сүт чыгарчубуз, айран, каймак, быштак, сүзмө, айтор жумушчалар аябай иштечүбүз.

Ал кезде талап катуу эле. Темирдей тартип, жумуштан кечигүү жок болчу. Ушундай сүттөй аппак болуп ак халаты кийип, ак жолукту салынып ишке келчүбүз.

Жакшынакай иштеп жүргөн кезде эле Союз ыдырады. Айылдагы колхоздордогу иштер токтоду. Сүт келбей калды.

Ошентсе да иштеп жүрдүк, балдарга белок чыгарчубуз. 200 грамм бөтөлкөдө чыкчу. Алар бейтапканаларга таратылчу. Белок чыгарып, Союз ыдыраса да кетпей иштедик. Андан кийин ал да токтоду. Сүт такыр келбей калды.

“Азаттык”: Ал кезде товарлар болбой калып, тааныш аркылуу сатылчу экен. Сиздер да тааныштарга гана саткан учурлар болду беле?

- Сүткө жетпей калдык. Ал кезде түңкү төрттөн баштап эл кезекке турчу. Себеби сүт аз түшүп калды да.

Кезеги жетпей калганда балдары барларга айласыз заводдон сүт берчүбүз. Балага кыйын да.

Жетекчибиз жакшы аял болчу. Акционердик коом болуп, нандын түрлөрүн чыгара баштадык.

Ошентип иштеп жүргөн кезде баягы завод арак заводуна айланды. Анан эмне кылабыз? Жашоо деген кыйын экен, балдарды багыш керек экен. Пенсиянын учуру келип калды. Ошентип заводдо эки жыл иштеп, пенсия кеттим.
XS
SM
MD
LG