Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

20 жыл мурда Москвада Советтер союзун сактап калганга акыркы аракет жасалган. 1991-жылдагы Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев "Азаттык" менен ал күндөрдү эскерди.

- Туура 20 жыл мурда ГКЧП түзүлүп, 19-августта путч болгондо кайда элеңиз, бул маалыматты кимден уктуңуз?

- 19-августта эртең менен радиодон Москвада жаңы комитет түзүлүп, жаңы бийлик келди деген маалыматты угуп калдым. Мен буга дароо эле мамлекеттик төңкөрүш деп баа бердим. Бул Конституцияга каршы дедим.

Анан КДКнын (Кыргызстан демократиялык кыймылы) кеңсесине келип, бүт активисттерди, башкарманын мүчөлөрүн чогултуп, өзгөчө штаб түзөлү деп сунуш кылдым.

Кандай болгон күндө да биз буга катуу каршылыгыбызды билдиришибиз керек, биз бул төңкөрүшкө эч качан макул болбойбуз дегенбиз. Ал убакта эч ким муну төңкөрүш деп айта да элек болчу. Биздин бийликтегилер да айта албай, баары эле бул эмне болду деп кооптонуп турган.

Биз чогулуп, жыйналыш өткөрдүк. Штабдын мүчөлөрүн түздүк. Күнү-түнү үйгө кетпей, график түзүп телефондо отуралы деп сүйлөштүк.

Мен коомдук уюмдардын лидерлерин баарын чогулттум. Жыйырма миңге жакын өз ыктыяры менен жаштар чогулуп, өзүбүздүн эгемендигибизди, демократияны, Акаевди сактап калабыз деп, тирүү калкан болуп, Ак үйдү курчап, эч кимди киргизбейбиз дегендей кылдык. Себеби бул жерде Бишкекте, Бишкектин тегерегинде Советтер союзунун армиясы бар эле. Биз "алар танктар менен келип, бийликти алып койот" деп ойлодук.
Жөн эле өзүбүз менен өзүбүз алек болбостон, мен дароо Москвага чалдым да, Ельциндин жардамчыларына чыктым. Мен Ельцин кандай болду экен, бул да төңкөрүшкө баш ийип калдыбы деп ойлодум. Мага жардамчылары Ельцин өзүн жакшы кармап турат, кайратынан жазган жок деп айтышты.

Бирок шериктеш мамлекеттер ичинде бир дагы радио, сыналгыдан эч ким ачык, расмий билдирүү жасай алган жок. Бир гана Кыргызстанда Кыргызстан демократиялык кыймылы, биз орусча-кыргызча кайрылуубузду жарыялай алдык. Анда раматылык Сатыбалды Жээнбеков Телерадио комитеттин башчысы болчу. Ал биздин КДКнын да мүчөсү болчу. Ошол эрдик кылып, мурунку ССРге кирген мамлекеттердин ичинен жалгыз гана биздин кайрылуубузду чыгарды.

Анан союздук армиянын командачылыгы бизге чыга баштады. Бизге келип “айтып бергиле, силердин кайрылууңарды уктук” дешти. Биз "эч качан демократиялык баалуулуктан баш тартпайбыз, керек болсо жаныбызды да берүүгө даярбыз. Ошондуктан бүт мекендештерди, бүткүл союздук армиянын аскерлерин бул провокацияга алданбагыла, бул келечеги жок бийлик, төңкөрүш" деп чакырык жасаганбыз. Текстин мен өзүм иштеп чыккам. Анан солдаттардын командирлери келип, тексти өздөрү алып кетишти.

Биз андан кийин Коопсуздук комитеттин төрагасы Асанкуловду чакырдык. Биз ага “сиз Москвадан айлык алып жатасыз, сиз азыр эгемен Кыргызстанды колдойсузбу, же Москвадагы ГКЧП, төңкөрүштүбү” деп сурадык.

Ал “туура, мен Москвадан айлык алам, бирок Кыргызстандын эгемендиги үчүн туруп берем” дегендей кылды. Бирок ал сөзүнө турбастан, Акаевге кирбестен Коммунисттик партиянын биринчи катчысы раматылык Аманбаевге кирип сүйлөшкөнү билинип калды да кызматтан айдалып калбадыбы.

- Кыргызстанда бийликте тургандардын реакциясы кандай болгон? Мына мурдагы президент Аскар Акаев "ошол кезде биз эле бул төңкөрүштү айыптап чыкканбыз" деп айтып жатат.

- Жок, адегенде эң биринчи КДК чыкты. Анда парламенттин баары каникулда болчу. Парламенттин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкулов да билдирүү жасады. Анын билдирүүсүнүн мазмуну биздикине жакын болду. Ага чейин Акаев бир билдирүү жасаган, Акаевдин билдирүүсү түшүнүксүз болчу: же ал жакты чечкиндүү айыптабайт, же коргобойт, айтор белгисиз билдирүү болуп калды.

Шеримкуловдун билдирүүсү Акаевдин биринчи билдирүүсүнө караганда курчураак, даана айтылып калды. Шеримкуловдон кийин Акаев дагы билдирүү жасады, анда артында КДК деген чоң уюм турарын билип, Шеримкуловдун курч билдирүүсүнөн кийин Акаев кадимкидей өзүнүн кайратына келе түштү да, өзүнүн позициясын даанараак билдирүүгө аракет кылды.

- ГКЧП тууралуу маалымат келгенде ошол кездеги Фрунзеде элдин маанайы кандай эле?

- Кыргызстанда баягы эски кишилер, академиктер, окумуштуулар, бир топ интелигенция өкүлдөрү коркуп турушту, колдошту. Ал эми жаштар болсо аябай ишенимдүү болду.


Ошол кезде штабды өзүм жетектеп турдум. Улан-кыздар “биз мамлекетибизди коргоп калабыз, аягына чейин турабыз, керек болсо бизге курал бергиле” деп аягы суюлбай келип жатышты.

Мен андан кийин Куловду чакырып, “бизде курал жок, бирок 20 миңдей адам даяр турабыз” дедим. Ал болсо “Москваны карагылычы, аябай сулуу кыздар танктын астына гүл таштап токтотуп жатышат, силерде деле сулуу кыздар көп эмеспи, силер деле гүл алгылачы, курал бергенде болбойт” деп тамашалап калды. Эски кишилер, аксакалдар болсо кайра-кайра бизге келип, коркуп, “силер шаардан алыс кетип калгыла, кармап аттырып салат, биздин башыбыздан көп репрессиялар өткөн, жаманчылыкты силер сезбей жатасыңар” деп айтып жатышты.

Шаардын үстүнөн тик учактар учуп атты. Биздин жигиттер армиядагы жоокерлер менен жолугуп, бизге жакшы кабар алып келип жатышты. Солдаттар "эгерде бизге Кыргызстандагы мындай бийликти басып аласыңар деген буйрук келсе, командирлердин өздөрүн камайбыз" дешкен экен. Эгерде танк менен аскер кирип калса, даяр турган жаштардын баары көтөрүлмөк. Алардын баары даяр болушчу.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG