Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

“Доор ураганда” түрмөгүнүн алкагында легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов "Азаттыкка" маек курду.

Эки доордо саясий элитанын башында жүргөн саясатчылардын бири Совет доорунан бүгүнкү демократиялык түзүлүшкө чейин жеткен Кыргызстандын саясий өнүгүшү тууралуу айтып берди.



“Азаттык”: Эски замандын үйрөнөр эмнеси бар эле, кендирди кескен кесепети кайсыда болду?

Шеримкулов: Кыргыздын миңдеген жылдык тарыхында кала турган окуя – 1917-жылкы Октябрь революциясы. Бул революция жана андан кийинки курулган Совет өкмөтү, аларды жетектеген Коммунисттик партия жөнүндө Орусияда да, чет мамлекеттик ММКларда да, тарыхый ж.б. изилдөөлөрдө да көп айтылып келе жатат.

Октябрь революциясынан кийинки Совет өкмөтүнүн түзүлүшүнө, Коммунисттик партиянын жетекчилигине, Ленинге, андан башка жетекчилерге канчалык сын пикирлер айтылбасын, бир нерсени унутпашыбыз керек: ошол Совет мамлекетинин убагында Кыргызстан өзүнчө мамлекет болду, адегенде автоном облусу болдук, анан автономиялык республика болдук, 1936-жылдан баштап Кыргыз ССР өзүнчө республика болдук.
Акаевдин кайрылуусунда Москвадагы болуп жаткан төңкөрүш, антиконституциялык кадамдар мыйзамсыз иш-чаралар деген баа берилген эмес болчу.

1991-жылкы 31-августтагы Кыргыз Республикасынын эгемендүү, көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган чечим ошондогу кабыл алынган декларациянын нугу, бул мамлекеттин түзүлүшү ошондогу совет дооруна туура келет.

Экинчиси, Совет доорунда алдыңкы индустриялык өнүгүү болду, айыл чарбабыз өнүктү, сабаттуулугубуз, билим деңгээлибиз жогорулады. 1913-жылкы калкты каттоо мезгилиндеги көрсөтүлгөндөй кыргыздардын ичинде сабаттуулук 2 пайыз экен. Ал эми 1989-жылы өткөрүлгөн бүткүл элдик каттоодо Кыргызстандын жарандарынын сабаттуулугу 98 пайыз болгон.

Чындыгында бул объективдүү нерсе. Кыргызстан ушуну менен дайыма сыймыктанып, мактанып келе жатабыз. Кыргыз эли дээрлик сабаттуу, окууну билбеген, китеп, гезит окуй албаган жаштардын арасында да, улуу муундун арасында да азыр жокко эсе. Кептин баары азыр ийгилигибизди сактап кала алдыкпы, ушул эле деңгээлибизди мындан ары да аркалап кеткенге жарайбызбы, жарабайбызбы, бул башка маселе.

“Азаттык”: Советтик мезгилдин кендирди кескен кесепети эмнеде болду?

Шеримкулов: Совет өкмөтү жалаң бир партиянын жетекчилигинде болуп, башка ой-пикирлер, демократиялык жолдор, сөз эркиндиги бир гана Коммунисттик партиянын кароосунда болуп, ошол партия айткан гана саясат жүрүп, партия айткан гана сөз ишке ашырылып келген.

Кыргызстан өзүбүзчө республика болуп турган күндө да көп маселени өзүбүзчө чече албастан, Москва аркылуу сүйлөшүп, Москва менен макулдашып маселе чечилчү. Кыргызстан эгерде чоң объект, курулушту баштай турган болсо, 3 млн. рублден ашык болгон долбоорду сөзсүз Москва менен макулдашып, алардын чечими менен гана долбоорду ишке ашырып, ошол курулуштарды курууга укугубуз бар болчу.
ГКЧПнын демократияга, мыйзамдуу бийликке каршы жүргүзүп жаткан аракеттери 1968-жылдагы 20-августтагы Чехословакия окуясы менен барабар деп билдирдим.

Биринчиден, Кыргыз Республикасы өзүнчө эсептелгени менен көпчүлүк маселе ошол борбордон чечилип турган. Кийинки 70-жылдардын аягынан баштап Советтер Союзунда застой мезгили башталып калды, экономика өтө төмөндөп кетти, Батышка, АКШга салыштырганда өндүрүштүн өсүш темптери өтө төмөн болуп кетти. Өзгөчө Горбачевдун перестройка саясаты убагында, дүйнө менен Советтер Союзунун арасындагы ар түркүн айырмачылыгы жөнүндө маалымат көп түшө баштады.

Бул элдин билим, илим деңгээлин жогорулатса, экинчиден, биздеги болуп жаткан кемчиликтерди башкалар менен салыштырганга мүмкүнчүлүк берди. Ошонун негизинде көп нааразычылыктар пайда боло баштады.

Советтер Союзунун кийинки жылдарындагы чоң кыйынчылыктарынын бири – улуттук маселенин өтө күчөп кеткени болду. Маселен, Грузиядагы 90-жылдарда болгон окуя, Тажикстандагы окуя, Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал, Прибалтика өлкөлөрүнүн чыгып кетүүгө жасаган аракеттеринин баары Советтер Союзунун пайдубалын уратууга алып келди.

“Азаттык”: Ошентип пайдубал урады. 91-жылы тарыхта Август кутуму деген ат менен белгилүү ГКЧП өзүн жарыялады. Сиз 19-августта кайда элеңиз?

Шеримкулов: Мен 19-августта Бишкек шаарында болчум. 17-18-августтарда республиканын жетекчилери, президент А.Акаев, парламенттин төрагасы мен, премьер-министр Насирдин Исанов, Ош облусунун Алай районунда улуу энебиз Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин өткөрдүк.

18-августта эртең менен премьер-министр Н.Исанов Москвага учуп кетти. Кечки рейс менен А.Акаев жана мен Москвага учмакпыз. Себеби 20-августта Союздук келишимге кол коймокпуз. 19-августта ГКЧПнын мамлекеттик төңкөрүлүшү башталып, биз өз ордубузда туруп, Москвадан маалыматтарды толугу менен алгандан кийин, саат 12де Акаевдин кабинетинде жолугуп, мен, вице-президент Кузнецов, КГБнын башчысы Жумабек Асанкулов, ички иштер министри Феликс Кулов, президенттин администрациясынын жетекчиси Эднан Карабаев болуп жыйын өткөрдүк. Москвадагы болуп жаткан ГКЧПга турумубузду кандай кылып билдиребиз деген маселени талкууладык, бир пикирге келдик.
Советтер Союзунун кийинки жылдарындагы чоң кыйынчылыктарынын бири – улуттук маселенин өтө күчөп кеткени болду.

Кыргыз Республикасынын бийлигинин атынан президентибиз Аскар Акаев кыскача билдирүүсү жасайт деп, ошону менен 19-август күнү Акаевдин гана кыскача билдирүүсү кетти, андан башка эч кандай расмий маалымат кеткен жок.

Мен ишиме баргандан кийин билдирүүмдү өз колум менен жазып, биздин радио, сыналгы, гезит, журналдарга жөнөттүм. 20-августта эртең мененден тарта эфирге чыга баштады.

“Азаттык”: Сиздин көз карашыңыз президент Акаевден өзгөчө болдубу?

Шеримкулов: Менин көз карашым Акаевдин көз карашынан өзгөчө болду. Себеби мен ГКЧПнын кыймыл иштерин антиконституциялык, мыйзамга туура келбеген мамлекеттик төңкөрүш деп эсептедим.

Экинчиси, ГКЧПнын демократияга, мыйзамдуу бийликке каршы жүргүзүп жаткан аракеттери 1968-жылдагы 20-августтагы Чехословакия окуясы менен барабар деп билдирдим. Себеби Советтер Союзу жана башка Социалисттик Батыш өлкөлөр Чехословакиядагы болуп жаткан демократиялык кыймылды басуу үчүн аскер киргизип, ошол жерде демонстрацияга чыгып аткан адамдарды танк менен бастырып, аларды өлүмгө чейин алып барган болчу.

Дагы бир өзгөчөлүгү – ГКЧПнын кабыл алган чечимдери Кыргыз Республикасына эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан биз өзүбүздүн республикабызда тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактап калалы деп элге кайрылуу жасадык.

“Азаттык”: Акаевдин билдирүүсүнүн өзгөчөлүгү эмнеде эле?

Шеримкулов: Ал кишинин биринчи билдирүүсү жалпы жонунан жылмаланган кайрылуу болчу, тиги жакты да, бул жакты да колдогон сөзү жок болчу. Акаевдин кайрылуусунда Москвадагы болуп жаткан төңкөрүш, антиконституциялык кадамдар мыйзамсыз иш-чаралар деген баа берилген эмес болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG