Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Акыркы кездери өз эне тилин бузуп, тантык сөздөр менен сүйлөгөндөр көбөйүүдө. Илгери айылдын улуу кишилеринин, айыл аксакалдарынын кулак кумарын кандыра сүйлөгөн сөздөрүн угуп чоңойдук. Ошолордун сөздөрүн үлгү туттук.

Мисал: «Кечки көлөкөдөй чубалган келин экен» дешчү. Көрсө бою узун, анча илбериңки кыймылдабаган келиндерди ушинтип кечки көлөкөгө салыштырчу тура. Чын эле кийин байкасак кечкисин көлөкөлөр батып бараткан Күндү кармап келчүдөй узарып кетет экен. Ушундай сөздөрдү укканда эне тилибиздин элестүүлүгүнө, көркөмдүгүнө, байлыгына суктанчубуз. Бул сыяктуу мисалдар толтура.

"Күн ат жабуу болуп тургандыктан анча деле жылуу кийинбей кетти эле" дейт.
Сүйлөмдөгү «күн ат жабуу» деген сөздүн мааниси – Күн бүркөлүп, бирок анчалык суук болбой, желп эткен жел да жок мемиреп турган убакты айтат. Ушундай учурду «күн ат жабуу» болуп турат деп койот.

"Жана эле чакырттык эле, бирдин айындай чоюлуп, эми келмеги азап" дейт.
Сүйлөмдөгү – бирдин айындай чоюлуп– деген салыштыруу, сүйлөр-сүйлөмөксөн болуу же иштер-иштемексен болуу, же кыбырап илең-салаң иштөө, же маалкатып, күттүрүп атып көптөн кийин келүү дегенди түшүндүрөт.

Ал эми – бирдин айы– деген февраль айы. Жогорудагыдай кыбыраган адамдарды кыргыз кыштын тажатма ушул айына бекеринен салыштырган эмес. Ошондуктан:

–Айланайын, бирдин айындай чоюлбай батыраак барып келчи?–деп койгон.
“Бөрүгө кой кайтартуу” же “Карышкырга кой кайтартуу” деген сөз бар. Ишенип тапшырбай турган ишти тапшыруу, душманга колтук ачуу, ишти же кызматты ишенген ишенимдүү бирөөлөргө эмес, баары бир душмандык кыла турган, акыры сага ор каза турган адамдарга берүү дегенди билдирет.

–Ал аз убакыттан соң өзү да жок болот, карышкырга кой кайтарта баштады,–дейт.

–Карышкырга шарият үйрөтсөң: “Койдун жайыты кайда?” деп сурайт деген лакап да бар.

Кыргызда итке байланыштырып айтылган толгон-токой сөздөр кездешет. Мисалы:
“Ит алган түлкүдөй болдум” дейт. Сөзгө маани берсек, адатта түлкү деген эч качан ит албайт. Бул сөз “иттей уят болдум”, “айыбым ачылып калды”, “маскара болдум” деген маанини туюндурат.

“Акчаны санап алып жатканда текшерүүчүлөр кирип келип ит алган түлкүдөй болдум” дейт.

“Ит арка” деген да бар. “Эли-журтубуз мурда жакшы эле, кийин чоңдорубуз ит арка боло берип такыр эле айылды бузуп алдык” дейт. “Ит арка” деген – “ынтымагы жок”, “ыркы жок” деген мааниде.

Буга дагы бир мисал: “Башка элдер ансыз да ит арка эл экен” деп, бизден качып калды” дейт.

“Баягыл каада чайкап калыптыр, барсам каакы ордуна көрбөй койду” дейт.

Каада чайкоо – деген кесир кылуу, пейил күтүү, көөп, айткан-акылды укпоо–дегенди билдирет. Ал эми каакы ордуна көрбөө деген – кенебөө, тоготпоо - деген түшүнүк.

Кээде бул сөз оң мааниде да айтылат. М: “Кожомкул өзүнөн чоң ташты каакы ордуна көрбөстөн жерден көтөрүп ала койду” дейт.

Тескери мааниси – теңсинбөө, киши ордуна санабоо.

Мисалы: “Ал Ак үйгө кызматка орношору менен жакын санаалаштарын каакы ордуна көрбөй калды” дейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG