Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Айтылуу Толубай сынчынын замандашы Жээренче чечен жолоочулап кетип баратып уулу Төлөмырзага, “балам, узун жолду кыскарт” деди. Төлөмырза аттан түшө калып жолду туурасынан кетмендеп жибериптир” деп айтылып келаткан сөз бар. Ошондо Жээренче чечен, “балам, узун жолду кыскарт” деген жол жүрүп баратканда убакытты кыскартыш үчүн кызыктуу окуялардан кеп салып жүрүп отурганды айтат. Кызыктуу кандай окуяларды билесиң, билсең ошолордон сүйлөп бар” деген экен. “Аксакал жанда жок сөзмөр киши экен, тоого жеткенче зериктирбей узун жолду кыскартып барбадыбы” дейт. Аңгеме салып барды, кызыктуу кеп салып барды дегенди түшүндүрөт.

“Жанагы жаман динге кирип кеткен экен, эри өлгөндө эртели-кеч үн чыгарып койгонго да жараган жок” дейт. “Үн чыгаруу” деген сөз өлгөн адамды жоктоп ыйлоо, кошуп ыйлоо дегенди түшүндүрөт.

“Атчандар өкүрүп түшөрү менен боз үйдөгү катын-кыздар үн чыгарды” дейт. Кыргыздар өлүктү жайга коёрго чейин тестиер балдарга таяк таянтып, боз үйдүн өлүк жаткан тарабын каратып туруп өкүртүп койгон. Өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон. Атасына, же энесине, же жакын бир туугандарына өксүп ыйлаган балдар, кыздар болобу, чоң кишилер болобу, айрым дин бузарлардын үгүт-насааты менен зордоп киргизилип, чала молдолор тарабынан таңууланып, “өлүккө ыйлабаш керек, кошок кошпош керек” деп айтыла баштады. Бул таптакыр туура эмес. Өлүктүн да өз зыйнаты болот.

Кыргыз адамды акыркы сапарга узатып жатканда атчан-жөөчөн болуп дүңгүрөп өкүрүп түшкөн. Аялдар укмуштай мазмундагы кошокторду кошкон. Кошокту мыкты кошкон аялдарды аңыз кылып, колунда барлар атайлап алыстан алдырып келип коштурган. Балдары өксүп ыйлап жатса, “өлгөн адамга ыйлабайт” деп азыркы салт бузарларга окшоп тыйган эмес. Улуу кишилер, “жөн койгула, көкүрөгү сууганча ыйлап алсын, “ыйлаба” деп тыйсаңар, ыза-муңу өзөгүнө түшүп кетип өмүр бою оорукчан болуп калат” деп айтышкан. Бул медицинада да такталган нерсе.

“Үн чыгаруу” деген байыртадан бери кыргыз менен кошо келаткан сөз.

“Кыргыздын түбүнө жете турган салттуу исламга жат ар кандай диний секталар туш-туштан каптап кирди” дейт. “Түбүнө жетүү” деген сөз “жок кылуу, ойронун чыгаруу, элдин дүйнөгө, башка элдерге мактана турган жакшы эч нерсесин калтырбай жоготуу” дегенди түшүндүрөт.

“Кыйын абалга алып келип кырсыкка учуратат, кыянаттык кылат. Эл ишенген аталарынын түбүнө эми балдары жетмей болду” дейт.

“Президент коррупциянын түбүнө жетээр бекен? Элдин ишенимин ойготоор бекен?” дейт.

“Бул бийлик ит куйругун түйүштүрмөйүн жүрбөгөндөрдөн деги эле арылбай калды окшойт” дейт.

“Ит куйругун түйүштүрүү” деген жөн турган адамдарды бири-бирине кайраштыруу, араздаштыруу, ортого бүлүк салуу, бузуу дегенди түшүндүрөт. Мисал келтирели: “Баягы дагы Ак үйгө барган экен, эми эки айга жетпей ит куйругун түйүштүрө баштайт” дейт.

“Жансыз” десе биз көбүнчө жаны жок, өлүк же кыймылсыз нерселерди түшүнөбүз. Бирок “жансыз” дегендин дагы бир мааниси “шпион, сөз ташыгыч” дегенди да түшүндүрөт экен. “Ар күнү жансыз жөнөтүп Манастын жайын чалдырды” деген сөз бар эпосто.

“Сары тилдүү киши экен” дейт. Тили ачуу, тили уулуу экен дегенди билдирет.

“Сары тиштүү” деген да сөз бар. “Ал сары тиштүү кой экен” десе “ал карыган кой экен” дегенди түшүндүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG