Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Кыргыздын тили - өтө элестүү тил. Айрыкча кимдир бирөөлөрдүн кебете-кешпирин сыпаттаганда сүрөткө тарткандай сүйлөгөн.

“Түлөгөн тайлактай самсаалап, сакал-муруту сапсайып, ачкалыктан араң эле басып калыптыр байкуш” дейт. Мындагы “түлөгөн тайлактай” деген салыштыруу “кейпи кетүү, арып-ачуу, самсаалаган, жүдөгөн” дегенди түшүндүрөт.

“Түгөлбайдын түлкүсү түштө улуп турган кези эле” дейт. Бир нерседен жолу болуу, иши оңолуп, өкчөгөн чүкөсү айкүрүнөн түшүү, оңдой болуп турган кезин же кел-кели келген кезин түшүндүрөт.

“Ал түк бүткөн сайын калтырап, качан болсо эле “жок” деп турчу болду” дейт. Мындагы “түк бүткөн сайын калтырап” деген байыган сайын дүнүйөгө, байлыкка кароо болуп, сараң, зыкым болуп кеткенди айтат.

“Биз эртең таң каракчысында жөнөп кетебиз” дейт. Таң атарга аз калганда, таң агарып калганда дегенди кыргыздар “таң каракчысы” деп койгон.

“Кайран өмүр көз ачып-жумганча мөөрөп кете берген экен” дейт. Текке кетүү, бошко кетүү, куру бекер кетүү деген мааниде, өмүрдүн пайдасыз кеткенин ушинтип айтат.

“Билбей да калдым, кызыл кар жааганда орундалат окшойт” деп коет. Мындагы “кызыл кар жааганда” деген сөз эч качан ишке ашпай турган, болбой турган, болсо да качан болору белгисиз дегенди туюндурат.

“Кызыл батырыш кылуу” деген да сөз бар. “Алар ортодогу мүлктү кызыл батырыш кылып алышты” десе “өз ара бөлүп алышты” дегенди түшүндүрөт.

“Биздин айылда кызыл бут жигиттер көбөйүп кетти” дейт кыргыз. “Кызыл бут” деген “бойдок жигиттер” деген маанини түшүндүрөт.

“Сенин күн какты болгон аттарың алыс жолго жарабайт го?” дейт. “Күн какты болуу” деген жайында көп минилип же арабада жүрүп оңолбой, семирбей калган начар атты айтат.

“Куйругу жок чоңдор көбөйдү” дейт. Куу, митаам, шыпыр, калп, кудайдан жөө качкан шумпай адамдарды ушинтип “куйругу жок” деп койгон.

“Баягы куйругу жок дагы Жогорку Кеңешке келиптир” дейт. “Көзү төбөсүндө, байкап жүргүн” деген да сөз бар. Бир нерсени тез баамдаган, алдын ала билген, абдан кыраакы, байкагыч кишилерди ушинтип “Анын көзү төбөсүндө” деп койгон.

“Анын көзү төбөсүндө эмеспи, ыраазы болбой калды, сенин кыйшаң экениңди билип койду окшойт” дейт.

“Көзү желкесинде” десе, эмелеки сөздүн тескерисинче эч нерсени көрбөгөн, билбеген, байкабаган деген мааниде.

“Биздин аткаминерлердин көбүнүн көзү желкесинде болуп, элдин накта жашоо-турмушун билбей, көрбөй жатпайбы” дейт.

“Көзү бозоруу” деген да сөз бар. Мунун бир канча маанисин чечмелей кетели. Биринчи мааниси карайлоо, көзү көрбөй калуу, көзү тунаруу дегенди түшүндүрөт. “Байкуштардын көзү бозоруп, шайы ооду” дейт. Экинчи мааниси, аял төрөп аткан маалда кан көп кеткендиктен абдан алсыз болуп, эс-учун жоготуп, эч нерсени сезбей калган учурун да ушинтип айтат. “Бул аялды кара басты” деп коет. Үчүнчү мааниси, көпкөндүктөн эч нерсени көзүнө илбей дөөгүрсүү, көбүү. “Чоң болору менен көзү бозоруп, эч кимди тааныбай калбадыбы” дейт. Төртүнчү мааниси, адамдын катуу жутаган, аябай эңсеген абалын айтат. “Бул аялдын көзү бозоруп араң эле турат, “кеттик” десең эле “кетет” дейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG