Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

“Ат жыгачтай” деген түшүнүк бар. Териси сөөгүнө жабышкан, өтө арык кишилерге берилген сыпаттама. “Бечара, ат жыгачтай болуп катып калган турбайбы” дейт.

“Ат кара тил болгондо” деп коёт. Жаз өтүп жайга айланып, чөп жетилип, мал тоюнуп, көк тулаңдын чыктуу ширесине малдын тили боелуп турган мезгилди кыргыз ушинтип “ат кара тил болгондо” деп атаган. “Абылайдын ашын ат кара тил болгондо өткөрөлү деп макулдаштык” дейт.

“Жарыктык, Жон-Арыктын чөбү ат кесерден болуп калган экен” деп коет. Мындагы “ат кесерден...” деген сөз “аттын омуроосунан” дегенди билдирген сөз. Кетмен-Төбөнүн тоолорундагы чөп дал ушундай, ат кесерден келген чөп эле го чиркин!...

“Ат кошчу” деген сөз бар. Дөөлөттүү, сыйлуу адамдардын жанында жүрүп, ага жардамчы болгон кишини ушинтип “аткошчу” деп атайт.

“Ат майы” деген сөз бар. Бирөөнүн атын сурап алып пайдасын көрүү, күчүн алуу, азыркы тил менен айтканда ижара - аренда акысы. “Пейли жаман кишиден ат майын сурасаң, “эртең кел” деп саалытат” дейт. “Саалытат” деген “маалкатат, убара кылат” дегендин синоними. Азыркылар “ат майы” деген сөздүн маанисин түшүнбөй, “ат майын” сурап кел десең, аттын акысын сурабай, түз маанисинде аттын майын сурап келиши мүмкүн.

“Ат соорусун салуу” дейт. Артын карай качуу, чегинүү деген түшүнүк. Кээде бул сөз жактырбоо, көргүсү келбөө деген түшүнүктү да берет. Мисалы, “Ал мага соорусун салып, жактырбай калыптыр” дейт.

“Ат тезегин кургатпай” деген сөз бар. Арадан анча убакыт өткөрбөй бат-бат барып туруу дегенди түшүндүрөт. “Менин жаман үйүмө жытыгып калгансып, өзүбүз батпай жатсак, айылдыктар ат тезегин кургатпай келе берчү болду” дейт.

“Ал ат тердетпей жан багып жатканына көп болду” деп коёт. “Ат тердетпей” деген жанын кыйнабай, жанын кейитпей дегенди түшүндүрөт.

“Атайын Ак үйгө келип, ат тери кайтпай кетмей болду” дейт. “Ат тери кайтпай” дегени, жумушу аткарылбай, куру убара болуп кетмей болду дегени.

“Аялың эмне төрөдү, “ат токурбу?” же “кырк жылкыбы?” дейт. “Ат токур” дегени эркек бала, “кырк жылкы” дегени “кыз төрөдүбү?” дегени.

“Алар өлөр-өлгөнчө ат үстүндө жүрдү” дейт. “Ат үстүндө” деген өмүр бою кызматта жүрүп өттү деген сөз.

“Барсам, ат үстүнөн мамиле кылып койду” дейт. Анчалык көңүл бурбай, эптеп-септеп, үстүртөн, кайдыгер мамиле кылганды айтат.

“Азыр кызматтык ишин ат үстүнөн жасагандар көбөйдү” дейт.

“Ат чабым алыс жер экен” деп коёт. Кыргыздар 25-30 чакырым аралыкты ушинтип атаган.

“Ата безер” дейт. Эч кимге баш бербеген, өтө ээнбаш дегенди билдирет. “Аттиң жалгыз бала деп көзүн карап, кийбегенди кийгизип, мингенине машине алып берип өстүрдүк эле, эми такыр эле тил албаган ата безер болуп калбадыбы” деп башын муштагылап олтурду” дейт.

“Ат таягын кармоо” дейт. Ата-бабалардын салтын улоо, ата жолун жолдоо дегенди түшүндүрөт.

“Атаганат!” дейт. Өкүнгөндүктү, кейигендикти, кээде кубанып ыраазы болгондукту билдирет.

“Атаганат, эки эл араздашып, жаман окуя болбодубу” десе кейигендикти, “Атаганат, мыкты китеп жазыптыр, окугандар ыраазы болду” десе кубангандыкты билдиргени.

“Атаңдын канын ич!” дейт. Катуу тилдөө, жемелөө. “Алдагы арагың аздык кылып атса атаңдын канын ич, атаңдын канын ичкир!” деп кумсарган бойдон сыртка чыга жөнөдү” дейт.

XS
SM
MD
LG