Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Эркиндик кунун сактап кала алабызбы?


Учурда Финляндияда жашаган эркин журналист Асыран Айдаралиев. Аманат сүрөт.

Учурда Финляндияда жашаган эркин журналист Асыран Айдаралиев. Аманат сүрөт.

Кыргыздар тарыхтагы тараза ташын улам «калыңдатуунун» үстүндө. Кылым карытып, нечен кыргынды башынан кечирсе да жок болуп кетпей, бүлүнүп-таланса да бүгүнкү күндө бүтүндүгүбүз сакталып келатканына шүгүр дейли. Уюткулуу улуу журт катары дүйнө элинин эсин тандыра элейтип, Борбор Азия аймагында бололек бурулуштарга кайра-кайра кадамын чечкиндүү таштап, калп айткан менен каардуу, оор сыноолорду башынан кечирүүдө. Кантсе да эгемендигин колдон чыгарбай, эркиндикти самаганын, эзели бирөөнүн этегине жыгылбай турган эл экенин эки ирет кашкайта далилдеп берди. А бирок эми эртеңкибиз кандай болот?

Жүздөгөн өмүрлөр кыйылып, кырчындай жарандардын каны аркылуу келген эркиндиктин кунун колдон чыгарбай кармап кала алабызбы, же?.. Эң кыйын, түмөн-түйшүгү оюлбаган оор маселе дал ушул жерде жатат.
«Жооштон жоон чыгаарын» эстеринен чыгарып койгон эки президент «элди акырындык менен алдыбызга салып айдап алабыз, керек болсо кой сыяктуу короого камап коебуз» деген «чолок» акылдарын иш жүзүнө ашыра алышпады. Каны таза болбогондуктан, бүтүндөй кыргызды каратып туруп «беш миллион бараным» бар» деп мактанып, кесир сүйлөп, кемсинтип турду го Максим деген «кескелдирик». Кесир сөздүн арты кандай болоорун кечирээк аңдап, тилдерин кырча тиштеп жатышкандыр, бирок кандай болбосун тоодой жоопкерчиликтен кутулуп, «кескелдириктердин» тобу куйруктарын «кесип» салып, сай-сайлап житип кеткенине көпчүлүктүн көксөөсү суубай турат.

Күнү бүгүн бир жыл он айдын таңы сүрүп, кан булоонго айланган апрелдин жетиси алыстаган сайын жаралуу жүрөктөр жанданып, канаган денелер карттанып, кайраттуу эл кайра калыбына келип, өз келечегин өзү тандап турганы жакшы көрүнүш болду. Дегеним, кылдын учунда турган Кыргызстаныбыз кыйшайып кетпей 30-октябрь күнү терең казылып жаткан «ордон» оолактап өтүп, так секирип аттап кетти. Баскынчыга айланып калган «бакиевчилер» элдин этегине алдарынын жетишинче эрмешип, мээлерине болушунча «наркоз» куюп, чага жүргөн «жаңгакты» адатынча чагып, ал эмес жалынып-жалбарганга чейин барышты. Алар үчүн «кайда калбаган каражатты» кап-кап кылып каалагандай чачышты.
Жыйынтыгы жакшы эле болду го, туурасын айтканда «тумшука» жешти. Жедеп алдаганга көнүп бүткөн «аңкоолор» акыры алданышты, аны жон терилери менен сезип, алданган өтө жаман экенине жандары кашайып туру. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» болгон бечералар «канжалаган» мурундарын кармап алып, «турсам өлөсүң» деген тейде тегеренип, айгай салып чуркап жүрүшөт. Чычалагандар мурунку шайлоолордун кандай өтүп жүргөнүн эстегилери жок. Кимди күнөөлөп, кимге догун артып «жөөлөп» аткандарын, эмнени жөн калтырбай, кимдердин түбүнө жетээрин түшүнгөн деле жан жок. Эң башкысы, алардын калк арасындагы «камгактай» кадыр-баркы, саясаттагы салмагы, «деңгээл» деген немелери элдир-селдир экени «булайып» чыгып калды.

Акыркы 20 жылдык саясый айдыңдагылардын аттарын тизмектеп көрүп, алардын арасынан аламан жарышка аттанган «анча-мынчалардан» алдыга озуп чыгып, төртүнчү президент катары жеңишке жеткен Алмазбек Атамбаев татыктуу талапкер экени талашсыз. Албетте, анын деле оош-кыйыш кемчиликтери жетиштүү. Анткен менен саясат жаатында да, бийликтеги башкаруу жаатында да, оппозициянын оор жүгүн көтөрүп, кагылып-согулуп, катуу такшалып калганын да эч ким жокко чыгара албайт. Акаеви дагы, Бакиеви дагы эл башына капыл-тапыл эле келип калгандардан. Отунбаева да ошондой келди, бирок алдындагы эки «мырзадан» айырмаланганы өзүн бийлик менен мансаптан жогору коюп манчыркабады, азгантай мөөнөт аралыгында далай башчыга үлгү болчу иш жасап, кадимкидей эле айыкпас «ооруга» айланып, цементтей катып калган системаны «сындырып», «катыгын» бергенге эрки жетип отурат.
Бир дагы президент «мынакей бийлик, кимиңди шайласа ошого өткөрүп берем» демек тургай, ушул сөздү ойлогондон коркуп, жаа бою качып, зыркырап турушпайбы. Айлана-чөйрөбүздүн баары ошондой «түшпөс хандар». Эмесе Роза Отунбаеванын жок дегенде бир мөөнөт иштеп бергенге акыл-көрөңгөсү, эл аралык кадыр-баркы, анан калса толук моралдык акысы да жетишээрлик болчу.

Тарых алдында эл үчүн жасаган Отунбаеванын эки бирдей эрдигин айтып коюш керек. Биринчиси, кыл чайнашкан кыйын кырдаалга төшүн тосуп, бычактын мизи менен басып өттү. Экинчиси, топ жарган алгачкы аял президент катары бүтүндөй Борбор Азия башчыларынын «боорун канатып», бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат. Мындай кадамы менен эжекебиз элдин ак батасы менен тарых барагынан таза жана татыктуу ордун алаары шексиз. Кырды бычак, кыйналган учурга карабастан өткөн жылы «тобокел» деп парламенттик башкарууга өтүп алганыбыз жакшы болду. Аныбызга да алыс-жакын «ашыналарыбыздын» «аллергиясы» кармап, сыр бербегени менен аликүнчө «кучунаштары» кургабай турат. Орой кемчилиги менен кошо парламенттеги «башкаруучуларыбыз» такшалуу жолунда баратат.

Ошондой кыйын кырдаалда шашылыш жазылгандан болдубу, же кандай, ал Баш мыйзамдагы президенттин мөөнөтү тууралуу жеке пикирим мындай. Алты жыл болуп узарганы менен «бир эле мөөнөт» дегени туура эмес болуп калган. Кайсы өлкөдө бир мөөнөт бар экенин угуп биле албадым, бирок эки мөөнөт болгону эле оң. Отунбаеваныкын мөөнөтүн обу жок кыскарып калганына мейли деп коелу да, эми Атамбаевге келели. Аманчылык болсо алты жыл тез эле өтөт. Экинчи мөөнөткө калыш, кайра шайланып келиш сөзсүз түрдө Атамбаевдин берген убадаларына, алардын канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашып, аткарылышына түздөн-түз байланыштуу болот.

Эртедир-кечтир баары бир эки мөөнөт болуп өзгөрөөрү турган иш. Эгер Атамбаев алты жылда эл турмушуна эгедер болуп, эл аралык абройубуз өсүп, экономика жааты «эптелип» кетсе экинчи мөөнөтүн да аяктаганы дурус. Бир-эки жылда эле билинип, дарамети дааналанат эмеспи. Болбосо алты жыл ичинде ийгиликтүү иштер башталып, албан жумуштар аягына чыга электе башкасы келип, чалмакейин чалып, баарын кайра жаңыртып турса кандай болот? Бул жерде мен жеке Атамбаевдин экинчи мөөнөткө калышын же анын шайланышын эмес, болгону баш мыйзамга экинчи мөөнөттүн киргизилишин сунуштап жатам. Ага чейин буюрса жаңы муун арасынан «мен» деген күчтүү жаш саясатчылардын, татыктуу талапкерлердин жоон тобунун чыгышына бөркүбүздөй ишенели. Ошолор менен ат салышуу албетте оңойго турбайт.

Дегеле жаңы шайланган президент экинчи мөөнөт бар экенин, кызматы аяктап баратканына кызыкпай коебу? Шайланган күндөн тарта экинчи мөөнөттү да камсыз кылуу үчүн кара жанын карч уруп иштеп берсин да. Андай мүмкүнчүлүгүн пайдалана албаса эл элегине түшкөн менен экинчи ирет шайлана албай калышы толук мүмкүн. Элдин болсо тандоо табити өсүп, кимдин ким экенине көзү жетип, ажыратып калганын көрбөдүкпү. Так ошондой шартта туура тандоо жана калыстык болот. Орустар деле эки мөөнөтүн калтырып төрт жылды алты жылга көтөргөнү туура чечим деп эсептейм. Аралаш башкаруудагы (президенттик-парламенттик) ушул эле Финляндиянын президенти алты жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Менин өлкөм менен көптөгөн окшоштуктары бар ушул өлкөнүн тандаган таза жана тарыхый өнүгүү жолуна ар дайым тымызын суктанганым менен өз ичимдеги ишенимим да «оргуштап кайнап» жүрөт. Ал «аз жылдар аралыгында менин Кыргызстаным дагы өнүккөн эң бай өлкөлөрдүн катарына кошулат» деген кайраттуу, терең ишеним!..


Асыран Айдаралиев,

эркин журналист,

Хельсинки шаары. 11.11.11.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG