Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстанда эмне үчүн негатив көп?


Мырза Каримов Кабул шаарындагы иш-чаралардын биринде, 2011-жыл
Мырза Каримов Кабул шаарындагы иш-чаралардын биринде, 2011-жыл
Мени көптөн бери ойлонтуп келаткан маселе - биздин өлкөдөгү массалык маалымат булактары аркылуу тараган маалыматтардын негативдүү мазмуну. 2002-жылдагы белгилүү Аксы окуяларынан бери Кыргызстандагы телекөрсөтүү, радио уктуруу жана басылмалардын баарында эле адам көңүлүн чөгөргөн негативдүү мазмундагы маалыматтар басымдуулук кылат. Мен мурда бул нерсеге көп деле көңүл бурган эмес элем. 2010-жылдан тарта Ооганстанда Counterpart International деген уюмдун жарандык коомду өнүктүрүү долбоорунда эки жыл директор болуп иштеп келдим. Менин журналисттерге, жалпы эле массалык маалымат каражаттарына болгон көз карашым дал мына ушул Ооганстанда жүргөнүмдө өзгөрдү.

Ооганстандан эмнени үйрөндүм?

Эң биринчи эле мени таң калтырган нерсе бул ооган элинин биримдиги, алардын чыныгы мекенчил болгону, өз өлкөсүнө болгон сүйүүсү жана Ооганстанда төрөлүп-өскөнү менен сыймыктанганы болду. Албетте алардын арасында да өз өлкөсүн таштап башка өлкөлөргө (өзгөчө АКШ жана Европа) кетүүнү эңсегендери да жок эмес. Бирок ооган элинин өз мекенине болгон сүйүүсү өтө эле күчтүү экендигин байкадым. Мисал катары оогандык журналисттердин жана массалык маалымат каражаттарында өлкөдө болуп жаткан окуялардын чагылдырышын айтаар элем.

30 жылдан ашык согушуп, ар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келгенине карабай, Ооганстандагы маалымат каражаттары күнүмдүк берүүлөрүндө мүмкүн болушунча позитивдүү мазмундагы маалымат таратууга аракет кылышат. Журналисттер да өз программаларында өлкөнүн ар кайсы жагында болуп жаткан жакшы көрүнүштөрдү, өз тажрыйбасы жана жашоо-турмушу менен башкаларга (өзгөчө жаштарга) үлгү боло турган ар кандай кесипти аркалаган кадыр-барктуу, абройлуу кишилердин жашоо жолун чагылдырган теле-радио берүүлөрдү көбүрөөк элге жеткиргенге аракет жасашат экен. Мен бир топ журналисттер менен жолугуп баарлаштым, ошондой эле өзүм жетектеген долбоордо дагы эки тажрыйбалуу, Ооганстанда белгилүү журналисттер иштеди. Азыр алардын бири өлкөдөгү белгилүү жеке телекомпаниянын директору.

Ооган журналисттери менен жолугушууларда менин байкаганым, алар бирөөдөн интервью алаардан мурда мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат чогултуп, ошол чогулган маалыматтан позитивдүү мазмун табууга аракет жасашат. “Журналист үчүн негативтүү маалымат табуу өтө эле оңой, ал эми көңүл ооруткан көрүнүштөр көп биздин өлкөдө позитивдүү маалымат табуу бул журналисттин тажрыйбасына жана чеберчилигине байланыштуу болот. Ошондуктан өз ишин мыкты билген профессионал журналист мына ошол өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөн позитивди таба ала билүүсү абзел”, - деген ооган журналисттин сөзүн азыр көп эстейм. Мен бул маанилүү нерсеге ал жакта жүргөндө көп деле көңүл бурган эмес экем, анткени жаңылыктарды негизинен интернет булактарынан алаар элем. Ал жакта Кыргызстандын (өзгөчө телеканалдарды) программаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, алардын профессионалдык деңгээлине дагы баа бере албайт болчумун.

Кайда караба, баары жаманбы?

Ооганстандагы ишимди ийгиликтүү аяктап, өз өлкөмө келип иштеп жатканыма жакында эки жыл толду. Өлкөбүздөгү күнүмдүк турмуш менен саясатка көз салып, ошол эки жыл сыртта жүргөндө Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болгонуна сын көз менен карай баштадым. Келгенден бери жаңылыктарды, өзгөчө телеканалдарды тынбай көрөм. Бирок тилекке каршы жаңылыктарды көргөн сайын (дээрлик бардык каналдардан) ачуум келип, көңүлүм чөгүп, келечекке болгон жаркын үмүт бүлбүлдөп бараткандай сезилет. Анткени биздин телеберүүлөрдө терс мазмундагы программалар дээрлик басымдуулук кылат, эгер кандайдыр бир жаңы саамалык болсо, бул сөзсүз түрдө президенттин же премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын же депутаттардын катышуусунда өткөн окуяларда айтылат.

Эмне биздин өлкөдө жөнөкөй жумушчунун, таңзаардан талаада эмгектенип жаткан фермердин, же жайлоодо мал-жандын артынан жүрүп, өз үй-бүлөсүн багып жүргөн чабандын турмушун көрсөтүүгө болбойбу? Алардын да өлкөдөгү ар кандай окуяларга, коомдогу оң-терс өзгөрүүлөргө карата көз караштарын билүүгө болбойбу? Же алар жөнөкөй турмушун баяндоого татыксызбы? Же биздин өлкөдөгү мамлекеттик жана коомдук маалымат булактары да жеке менчикке өтүп кеткенби? Анда эмнеге биздин өлкөдөгү массалык маалымат булактарын он чакты депутат менен беш-алты “СЕРЕПЧИ” эле ээлеп алган?

Жогорку Кеңештеги башка эл өкүлдөрүнүн да оюн билүүгө болбойбу? Эмне үчүн биздин журналисттер эмне болбосун, кайра-кайра ошол эле депутаттардын, же ошол эле “серепчилерден” гана интервью алышат? Биздин өлкөдө бардык маселе боюнча “профессор” беш-алты “серепчиден” башка өз кесибин мыкты билген мугалим, врач, фермер, же инженер жокпу? Анда эмне үчүн ошол “серепчилер” мугалимдин ордуна балдарга сабак өтпөйт, врачтын ордуна бейтапты дарылабайт, фермердин ордуна талаада эмгектенбейт? А балким, бардык маселе боюнча “серепчи” болгон баарынан оңойдур...

Мунун себеби эмнеде?

Эң биринчиси - биздин журналисттердин чеберчилигинде. Журналисттердин билимин өркүндөтүүчү атайын мектеп ачуу мезгил талабы деп ойлойм. Анткени журналист коомдун күзгүсү гана эмес, ошол күзгүнү жасаган чебер болуп эсептелет. Эгер күзгү тажрыйбалуу, өз кесибин мыкты билген чебердин колунан жасалса, анда ал туптунук болуп, чыныгы турмушту эч кандай боёкторго боёбой так чагылдырат, коомдогу оң жана терс көрүнүштөрдүн болгонун болгондой көрсөтөт. Биздин коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү өз убагында, так чагылдыруу үчүн ар кыл тармакты мыкты билген чебер журналисттер даярдалышы керек. Мисалы, билим берүүдөгү ар кандай көрүнүштөрдү чагылдыруу үчүн атайын билим берүү тармагын мыкты билген журналисттер керек. Ошондой эле курулуш, экономика, эл аралык мамилелер, саясат жана башка тармактарды мыкты билген профессионал журналисттер даярдалышы керек. Мына ошондо журналисттер жалаң гана маалыматты бир жерден угуп, эл арасына таратып эле койбостон, ар бир тармактын өнүгүшүнө салымын кошо алат.

Соңку сөз

Ооганстанга ишке жөнөп жатканда үй-бүлөм, туугандарым, досторум, кесиптештерим абдан таң калып, “Ал жакта канча жылдан бери согуш жүрүп, көптөгөн кишилер набыт болуп жатса, сен эмне кыласың? - деп сурашкан. “Бул жердеги жакшы ишиңди калтырып..." деген сөздөр негиздүү болчу. Бирок баш-аягы жарым кылымга созулган согушту баштан кечирип жаткан өлкөгө барып иштеп келүүнү туура көрдүм. Анткени кызматыма байланыштуу Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө, Кыргызстандын дээрлик ар бир районунда болгом. Ооганстанга аттанаардан мурда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинде (USAID) сегиз жылга жакын билим берүү боюнча адис болдум. Көп жерлерде ар кандай ишти аркалаган, өз кесибин мыкты билгендер менен кызматташтым, алардан көп нерсени үйрөндүм, тажрыйба алдым, Кыргызстандын билим берүү тармагына аз да болсо өз салымымды кошуп келем.

Мырза Каримов, Бишкек
XS
SM
MD
LG