Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

"Спайс" кыргыз жаштарына да жетти


Соңку мезгилде Кыргызстан жаштарынын арасында “спайс” деп аталган маңзат аралашмасы тездик менен тарап жатат. Ал гана эмес, бул маңзат окуу жайларда да сатылганы айтылууда.

Бул психотроптук аралашма Кыргызстанда тыюу салынган маңзаттар тизмесине кирбегенинен улам милиция иликтөө жана аныктоо ишин жүргүзүү менен эле чектелип калууда.

Кыргызстандагы белгилүү видео хостингде болжол менен Бишкектеги батирлердин биринде жаштар “спайс” деп аталган психотроптук затты чегип отурганы түшүрүлгөн тасманы көрүүгө болот. Видеодо маңзат аралашмасы ачык эле жарнамаланганы көрүнүп турат.

Соңку мезгилде Бишкекте жана анын тегерегинде "спайс" тездик менен тарап жатканы айтылууда. Мындан бир ай мурда борбор калаадагы дубалдарга алгач ирет "спайс" сатылары тууралуу жарыялар илинген эле.

Учурда "спайс" соодасы Бишкектеги окуу жайлардын ичине да баш бакты. Кыргыз техникалык унивеситетинин Талант аттуу студенти окуу жайдын дааратканасында аталган маңзаттын жарнамалары пайда болгонун “Азаттыкка” билдирип, бирок бул тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тартты. Окуу жай жетекчилиги мындан кабары жок экенин маалым кылды.

Ал арада Ички иштер министрлиги өлкөдө тыюу салынган маңзаттар тизмесине "спайсты" да кошууну сунуштоодо. Азырынча кыргыз милициясы бул маңзат аралашмасын тараткандарды жана колдонгондорду аныктоо иштери менен гана чектелүүдө.

Министрликтин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси Алымжан Козубаев Кыргызстанга "спайс" агымы Кытайдан Орусияга өтүп, андан бери Казакстан аркылуу келүүдө дейт:

- Мыйзамда жок экен деп эле милиция жөн отурган жери жок. "Спайсты" саткандарды аныктоо иштеринин натыйжасында үч жаран кармалган. Андан сырткары саткан эки адам аныкталды. Алардын бири Казакстандын жараны.

Кыргызстанда бул затка тыюу салынбаса да, милиция коомчулукка кайрылып, аны тараткандарды аныктоо үчүн көмөктөшүүгө чакырып келет.

Спайс (Spice) - бул аралашма. Учурда дүйнө жүзүнө тарап жаткан "спайстын" курамын химиялык уулуу затка каныккан жыттуу чөп түзөт. Алгач ирет бул психотроптук зат 2006-жылы Европада пайда болгон.

Бул заттын химиялык формуласы маал-маалы менен өзгөртүлүп турат.

Аралашма учурда Европанын бир нече өлкөлөрүндө, Орусияда да тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG