Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

"Ата Мекен" Текебаевди тез арада бошотууну талап кылууда


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеңеши лидер Өмүрбек Текебаевди тез арада бошотууну талап кылууда. Партия бүгүн бул тууралуу расмий билдирүү таратып, Текебаевге тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди.

Партия мүчөсү Асия Сасыкбаева "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берип жатып Текебаевдин камалышына негиз болгон арыздын ээси, Орусия жараны Леонид Маевскийдин "Текебаев Москвага барып андан акча доолаган" деген билдирүүсүнө дал келбеген документтер бар экенин айтты:

- Четке кагып жатабыз, анткени ошол күндөрдө Текебаев Москвага барган эмес, анын кеңсесинде болгон эмес.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар талап кылган деген шек менен 26-февралда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Бул боюнча кылмыш иш козгогон Башкы прокуратура жана тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук комитети саясатчынын айыбын далилдөөчү фактылар бар экенин айтууда.

Текебаевдин камалышына байланыштуу анын тарапкерлери Бишкекте жана Базар-Коргондо нааразылык акцияларын өткөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG