Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Спорт: уткан да, утулган да бар


Кыргызстан Азиянын акыл таймашынан кур калды

Кыргызстан Азиянын акыл таймашынан кур калды

2-майда Түркияда бокс боюнча дүйнө чемпионатында А.Жамгырчиева коло байгелүү болду. Ирандагы Азия шахмат чемпионатына кыргызстандыктар катышпады.

Кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн кубанычтуу кабар бар. Түркиянын Анталия шаарында 2-майда аяктаган бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кара-Балта шаарынын тургуну Ажар Жамгырчиева үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Ажар Жамгырчиева 66 кг. салмакта жарым финалда түркиялык атаандаш кызга аз упай менен алдырып койду. Мындай ийгилик Кыргызстан эгемен өлкө болгону бокс боюнча алгач ирет жаралды. Дүйнөлүк таймаш 26-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталды.

Казакстандын Чымкент шаарында 2-майда бокс боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш башталды. Өлкөнүн бокс боюнча башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, таймашка Кыргызстандан 7 боксчу катышып жатат.

- Эл аралык мелдешке жалпысынан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн, Түркмөнстандан башка бардык мамлекеттерден спортчулар келип, курч таймашуулар өтүүдө.

Кыргызстан Азиянын акыл таймашынан кур калды

Учурда Иранда шахмат акыл таймашы боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Айжан Алымбай кызы менен Андрей Мазницын коргомок болушкан. Алардын жатаканасын, тамак-ашын Азия шахмат федерациясы моюнга алган. Жол кирени Дене тарбия жана спорт агенттиги төлөп берүүгө макул болгон.

Өлкөнүн шахмат федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Таалайбек Иманалиевдин “Азаттыкка” айтымында, эки шахматчы белгисиз себептерден улам Мешхед шаарында башталган Азия чемпионатына барбай калышты.

- Быйылкы Азиянын шахмат чемпионатынын байге фонду 65 миң доллар эле. Жеңүүчүлөр дүйнө биринчилигине катышуу укугуна ээ болмок. Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү 11 тур оюндан кийин 11-майда аныкталмак. Тилекке каршы белгисиз себептерден улам эки шахматчыбыз Азиялык таймашка барбай калышты. Эгерде алар паспорт же башка көйгөйүн мурда айтышса, алардын ордуна бөлөк шахматчынын жиберет элек. Өтө уят, намыска тийген иш болду.

Кыргызстандын айрым маалымат каражаттары аныгын тактап билбей туруп, Андрей Мазницын менен Айжан Алымбай кызын Азия чемпионатына катышууда деп жарыялап да жиберишти.

“Алга” менен “Дордойдун” кезектеги жеңиши

1-майда өлкөнүн футболдон 20-чемпионатынын кезектеги таймашуулары Бишкекте, Кантта, Караколдо өттү.

Бишкекте “Алга” жана Оштун “Алай” командалары беттешип, оюн 2:1 эсебинде “Алганын” жеңиши менен аяктады.

Караколдо “Ысык-Көл” командасы өлкөнүн 6 жолку чемпиону “Дордойго” каршы тура албай, 4:0 эсебинде “дордойчулар” үстөмдүк кылышты.

Кантта “Абдыш-Ата” командасы менен былтыркы чемпион Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу тең ата ойноп, эсепти ачалбай убара болушту.

Толкун менен жарышкан балдар

Ысык-Көлдөгү “Маяк” балдар эс алуу жайында парус жарыштарынан Кыргызстандын Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды.

“Луч” классындагы өспүрүмдөрдөн Илья Игнатев марага биринчи келди. Көлдүк Азатбек улуу Нурлан парус жарышында коло байгелүү болду. “Оптимист” классындагы жел кайыктар жарышында биринчи орунду 13 жаштагы Максим Фирсов ээледи.

Парус жарыштарына 37 спортчу катышса, анын 13ү казакстандыктар болду.

Салбурун Түптө

Ысык-Көлдүн Түп айылында улуттук спорт боюнча “Салбурун” фестивалы өттү.

Тайган агытып, бүркүт салып, жаа таркандардын мөрөй талашуулары тууралуу “Салбурун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акун “Азаттыкка” буларды айтты:

-“Салбурун” фестивалы калккка майрамдык маанай тартуулады. Тайган жарыштар, карышкырга тайган агытуу, бүркүт, куш салуу, оодарыш жана жаа тартуу мелдештери болду.

Жыл өткөн сайын жаа атууга кызыккандардын саны арбып баратат. Мурда 4-5 жаачы болсо, бул ирет жыйырмага жакын жаа аткандар өнөрүн көрсөтүштү.

Мергендер мелдешет

3-майда ок атуу боюнча Жеңиш күнүнө карата Бишкектин Кубогуна арналган мергендер мелдеши башталат. Мөрөй талашуу 3 күнгө созулуп, улан-кыздар кичисайлуу мылтыктан атып, мергендигин сынайт.

Кыз-келиндер жана жигиттер тапанча жана сайлуу мылтык менен бута атып, өнөрүн көрсөтүшөт.

Алматыга аттанган спорт чеберлери

Кыргызстандын “Салам-Алик” волейбол клубу Алматыда 6-майда баштала турган эл аралык мелдешке даярдык көрүүдө. Бул турнирге Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн командалары чакырылган.

Кыргызстандын командасын спорт чеберлери Кылыч Сарбагышев, Илья Анкудинов, Алмазбек Атабаев, Учунбек Маралов баштаган жигиттер баштап барышат.
XS
SM
MD
LG