Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Кыргызстанда спорттук медицинага көңүл бурулбайт


Дени сак калк - күчтүү мамлекет.

Дени сак калк - күчтүү мамлекет.

Дүйнөлүк спорт тармагындагы ийгиликтердин, жеңиштердин жаралышына медицинанын да салымы зор. Учурда дүйнөлүк спорттук медицинанын деңгээли жогорулап кеткени менен Кыргызстанда бул тармакка көңүл бурулбай келүүдө.

Кыргызстан кеңеш курамындагы республика учурунда спорттук медициналык мекеме болгон. Эгемендүү өлкө болгону мындай мекеме жоюлуп, ага тиешелүү имараттар менчиктештирилип кеткенин Улуттук олимпада комитетинин спорт жана спорт федерациялар департаментинин жетекчиси Турат Калыбаев өкүнүч менен билдирди.

- Биз 1990-жылдын деңгээлиндеги шартта калып калдык. Бишкекте спорттук медициналык диспанцер бар болчу. Анын баары 1992-жылы жоюлуп, ага тиешелүү имараттар, жабдуулар менчиктештирилип, жең ичинен сатылып кеткен. Учурда спорт медицинасына терең караш керек. Мунун өтө зарылдыгын дүйнөлүк спорт айгинелеп койду. Спорттук медициналык борбор түзбөсөк, спорттук зор ийгиликтер болбойт.

16-Азия оюндары
Кеңеш доорунда спорттук дарыгерлер Москва жана Тарту шаарларындагы окуу жайларда даярдалып, атайын адистешип келсе, учурда өлкө боюнча бир гана спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева гана калган. Медициналык академия менен дене тарбия жана спорт академиясы да спорттук дарыгерлерди кайра даярдоого кызыкдар эмес. Эл аралык олимпиада комитетинин демилгеси менен уюшулган семинар-кеңешме, тажрыйба алмашуу долбоорлоруна Кыргызстандан бир да дарыгер катышкан жок.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын предиденти Канат Аманкуловдун айтымында, спорт тармагында медицинага көңүл бурулбаса да Гуанчжоудогу 16-Азия оюндарындагы балбандардын мөрөй алышына спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева зор салым кошту.

- Кыргызстанда спорттук медицинага көңүл бурулбайт. Бир гана адис бар. Ал Бактыгүл Алишева. 16-Азия оюндарындагы грек-рим күрөшү боюнча алтын, күмүш жана коло медаль утуп, өлкөнү тааныткан балбандардын ийгиликтерге жетишине Бактыгүлдүн салымы зор болду. Балбандардын салмактарын түшүрүп калыбына келитирип, күч-кубатын арттырууда дарыгердин көзөмөлү жана жардамы керек. Кыргызстанда спорттук медицина жок. Медициналык академия менен дене тарбия жана спорт академиясы адистерди кайра даярдоого кызыкдар эмес. Эл аралык долбоорлор боюнча Москвада уюшулган иш-чараларга дарыгерлерди, адистерди жибергиле десек, алар көңүл кош мамиле кылышты.

Гуанчжоу шаарындагы 16-Азия оюндары
Мындай дооматтарга Бишкекте жаңы уюшулган медициналык кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун башкы дарыгери Сагындык Айтбаев да кошулат. Анын айтымында, учурда экономикалык жагдайга байланыштуу Кыргызстанда атайын спорттук медициналык окуу жай же бөлүм ачуу кыйынга турат.

- Гуанчжоуда өткөн 16-Азия оюндарына Кыргызстандан катышкан 145 спортчуну 2 дарыгер гана тейлеп, колдон келген жардамын беришти. Өнүккөн өлкөлөрдү мындай койсок да коңшу Казакстандан ар бир спорт түрү боюнча 2-3 дарыгер, укалоочу, баш-аягы отуздан ашуун дарыгер коштоп жүрдү. Бизде бул тармакка өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл.

Учурунда дзю-до күрөшү боюнча СССРдин чемпиону болгон өлкөгө эмгек сиңирген устат, ушул тапта Бишкек шаардык спорт комитетин башкарган Шейшенкул Бакировдун айтымында, спортчулардын күч-кубатын арттырып, калыбына келитрүүчү дары-дармектер Кыргызстанда сатылбайт. Мындай фармакологиялык дарыларсыз дүйнөлүк спортту элестетүү кыйын. Кандай дары-дармекти кайсы учурда, кандай өлчөмдө колдонуунун жана кызытма текшерүүдөн өтүүнүн зарылдыгын спорттук дарыгерлер гана билет.

Ошондуктан Кыргыз жергесиндеги дары чөптөрдөн, кошумча күч-кубат берүүчү улуттук тамак-аштарды колдонуу үчүн атайын илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү максатка ылайык болмок.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев да күч-кубатын арттыруу үчүн гүлазык даярдап, улуттук тамак-ашты колдонуп, кымыз ичип, дары чөптөрдү пайдаланганын "Азаттыкка" айтып берген эле.
XS
SM
MD
LG