Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Бишкекте учурунда грек-рим күрөшүнөн СССРдин чемпиону болгон маркум Дүйсөнбек Ахмедовду эскерүү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Дүйсөнбек Ахмедовду эскерүүгө арналган эл аралык мелдеште Казакстандын Талды-Курган, Тазар, Чымкент, Өзбекстандын Ташкент шаарларынан сырткары Ала-Тоонун жети облусунан 610 жаш балбан күч сынашты.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Анарбек Садыровдун айтымында, кыргызды дүйнөгө тааныткан балбандар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Каныбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев чоң спортко ушул мелдештен кадам таштаган.

Мелдеш 13 салмак категориясы менен өтүп, эң жеңил салмакта баш байгени олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Азат Тойгонбай уулу утуп, алтын медаль тагынды.

36 кг. салмакта таластык Күлчоро Маат уулу жеңүүчү деп таанылды. 39 кг салмакта бишкектик Тынарбек Шаршенбек уулу, 42 кг. салмакта олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Балбай Дордоков биринчи орунду ээледи.

46 кг. салмакта баш байгени жеңип алган олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Сардарбек Конушбаев белгилүү балбандар Канат Бегалиев, Данияр Көбөновдон үлгү алып, келечекте өлкө намысын коргоого аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

- Мен азыр 15 жаштамын. Бул мелдеш абдан курч мүнөздө өттү. Менин алгачкы чоң жеңишим болду. Финалда ысыккөлдүк Болотбек Ашыралиевди утуп, алтын медаль тагындым. Мен да келечекте белгилүү балбандар Данияр Көбөнов, Канатбек Бегалиевдей болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деймин.

Президент Роза Отунбаева жана спортчу Данияр Көбөнов
50 кг. жана 54 кг салмактарда Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары Каниет Зоотбеков менен Эламан Нурдинов биринчи орунду ээледи.

58 жана 63 кг салмактарда болсо бишкектик жаш балбандар Жанат Кыйлабаев менен Шухрат Сайдазимов баш байгенин ээси болушту.

16-Азия оюндарынын чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов да жаш балбандардын таймашууларын көрүп, мыкты жигиттер өсүп келатканын кубаныч менен “Азаттыкка” айтып берди.

- Эки күндөн бери жаш балбандардын таймашууларына күбө болуп жатам. Биз дагы ушундай өспүрүм кезде ушул мелдештен тушообуз кесилип, чоң спортко кадам таштаган элек. Ошондо мыкты балбан, Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, маркум Раатбек Санатбаевдей, олимпиада чемпиону Юрий Мельниченкодой балбан болсок деп тилечү элек. Жаштардын катарында келечекте мыкты балбан боло турган жигиттер бар экен. Айрыкча 85 кг салмактагы жаш балбан Улку Пулатов көңүлүмө толду. Жанарбек Кенжеевдей өжөр, чыдамкай, чапчаң экен. Чоң спорттун түйшүгүнө чыдап, талыкпай машыкса өлкө намысын коргой турган жигиттердин келечеги алдыда.

76 кг. салмакта оштук жаш балбан Мухамедали Өмүрзаков жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

85 кг. салмакта баш байге үчүн бишкектик Улук Пулатов менен оштук Динмухамед Таалайбек уулу күч сынашып, Улук ийгиликке жетти.

Оор салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Камбар Жоробеков килем үстүндө күрөшкө чыгып, бардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду.

Канатбек Бегалиев менен Каныбек Жолчубековдун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов агасы Дүйсөнбек Ахметовду эскерүүгө арналган эл аралык мелдешти быйыл 16-ирет өткөрүп, жаш балбандар сыналып келатканын “Азаттыкка” маалымдады.

- Агам Дүйсөнбек учурунда союздук мелдештерге мөрөй алган. 23 жашында кырсыкка учурап каза болуп калган. Агамдын жаркын элесине арнап, 16 жылдан бери үзбөй жаш балбандар арасында эл аралык мелдеш өткөрүп, өзүм демөөрчү болуп келатам. Максатым - жаштар бош убактыларында спортко тартылса, ден соолугу чың болуп, кылмыш чөйрөсүнө аралашпай, жаман адаттардан алыс болсо деген тилектемин. Менин окуучу, шакирттерим Канат Бегалиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалар ушул мелдештен чоң спортко кадам таштаган. Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган жаш балбандар арбын. Аларга шарт түзүп, чеберчилигин жогорулатуу үчүн ушул сыяктуу эл аралык мелдештерге катыштырып туруу керек.

Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Эл аралык үчүнчү мелдеште 3 өлкөнүн алты жүздөн ашуун жаш балбаны күч сынашты.
XS
SM
MD
LG