Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Кыргызстандык футболчуларга кызыккандар көп


Кыргызстандын футболчуларынын айлык акыларын, келишимдик бааларын кошкондо 640 миң еврого барабар экенин адистер иликтеген. Бул дүйнөлүк аргентиналык Лионель Мессинин бир айлык акысынан да аз.

Дүйнөдө чеберчилиги кымбат бааланган футболчу - “Алтын топ” сыйлыгынын ээси, португалиялык Криштиан Роналдо. Аны "Манчестер Юнайтед" командасынан Испаниянын "Реал" клубу 80 млн. фунт. стерлингге баалап, сатып алышкан. Бул каражат 130 млн. долларга барабар.

Учурда Кыргызстандагы эң кымбат баалаган футболчу - Бишкектин "Дордой" футбол клубунун жарым коргоочусу Вадим Харченко дешет. Ал учурда 27 жашта, табына келип турган кези. Аны футбол адистери 175 миң еврого баалаган. Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасынын капитаны, чабуулчу Чолпонбек Эсенкул уулун 150 миң еврого баалап жүрүшөт.

"Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу Антон Землянухинди да Казакстандын "Тараз" командасы 150 миң еврого баалап, бирок ижара акысы канча экени ачык айтылбай калган.

Таланттарын баалабаган өлкө

Кыргызстандын футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев клубдар өз ара макулдашуу менен оюнчуларды сатып же ижарага берет дейт. Бирок алар канча айлык алып, канча каражатка келишим түзгөнү ачыкка чыгарылбасын айтып, футболчулардын баалары божомолдонуп алынганын белгиледи.

- Клубдардын жеке иштерине биз кийлигише албайбыз. Алар кимди канча каражатка сатып алышканын да, же айлык акыларын да ачык айтышпайт. Бизге билдирген келишимдеринде көрсөтүлгөн сумма так эмес.

Футболдон Кыргызстандын 6 жолку чемпиону "Дордой" клубунун президенти Аскар Салымбеков африкалык жалданма оюнчулар деле жергиликтүү футболчулардай 20 миң сомдой айлык алышаарын айтып, мыкты оюнчуларга кошумча акчалай сыйлыктар да берилерин билдирди.

- Кыргызстанда таланттуу футболчулар жок эмес. Мисалы, бизде ойногон жөндөмдүү футболчулар Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаевди Европанын клубдарына ири каражатка сатсак болмок. Бирок өлкөдөгү футболдун деңгээлине карап, адистер жигиттерге көңүл бурбай, бааланбай калып жатышат. Учурда биздин клуб бир дагы футболчуну расмий сата элек. Айрым учурда гана ижарага берип, 1-2 жыл ойноп жүрүшөт. Ал эми биздин клубда ойноп жүргөн африкалык жигиттер деле биздин негизги оюнчулардай эле айлык алышат. Бирок оюндардагы атаандаштардын дарбазасына киргизген топтору, мыкты оюндары үчүн кошумча акчалай сыйлыктарды да алып турушат.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун баамында, жаш кезинде Казакстанга кетип калган кыргыз футболчусу Эмил Кенжесариевге теңдеш оюнчу чыга элек.

Казак адистери өлкөдөн өспүрүм кезинде эле таланттуу оюнчуларды алып кетип, табына келтирип таптап, башка клубдарга сатып жатышканын Бообек Кадыркулов кошумчалады.

Борбор Азия футболго көңүл бура баштады

Чынында жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп, жөндөмдүү оюнчулардын багы ачылбай келүүдө. ФИФАга 203 өлкө мүчө болсо, январь айындагы иликтөөгө ылайык Кыргызстан 175-орунга илинген. Чынында эле Жогорку лигасында 6 команда ойногон Кыргызстандай өлкө жокко эсе.

Учурда "Дордой" клубунун жөндөмдүү футболчулары Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаев Шериктеш өлкөлөрдүн клубдарына кетүүгө сындан өтүп жүрүшөт. Алар Европанын клубдарында ойносок деп тилек кылып жүрүшөт.

Канттын "Абдыш-Ата" клубунан былтыр мыкты дарбазачы атыккан Максим Агапов менен коргоочу Роман Аблакимовду Өзбекстандын "Анжиян" командасы сынап, аларга "куда" түшүүдө.

Өзбекстан Борбор Азияда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл буруп, оюнчуларга шарт түзгөн мамлекет. Алар ар жылы футболчуларына 10 млн. евродон ашуун каражат чыгымдайт. Натыйжасы да сезиле баштады. 1994-жылы Хиросимада өткөн 12-Азия оюндарында өзбек футболчулары биринчи орунду ээлеп, Азия оюндарында чемпион аталган.

Быйыл Азия Кубогунун финалдык беттешүүлөрүндө чейрек финалга чыгып, баш байгеге талапкердин бири болууда.

Казакстан болсо Европа футбол конфедерациясына мүчө болгону деңгээли да өсүп, жаш футболчуларга мыкты шарт түзүүгө дилгир.

Дүйнө жүзүндө футболчуларына эң көп айлык акы төлөнгөн Испания. Алар жылына 645 млн. евро каражатты футболчуларга чыгымдайт. Футболдук өлкөлөр атыккан Аргентина 398 млн., Англия 397 млн., Франция 319 млн. евро каражатын футболчуларга арнап келет.

Португалия, Италия, Германия мамлекеттери да алардан кем калбай, футболго абдан көңүл буруп келатат. Орусия деле аларга теңелүүгө аракет кылып, ар жылы 220 млн. евро каражат чыгымдайт.
XS
SM
MD
LG