Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Азия оюндарында Кыргызстан жетинчи орунда


Жетинчи Кышкы Азия оюндарынын ачылышы.
Жетинчи Кышкы Азия оюндарынын ачылышы.

7-Кышкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар бир коло медалы менен 27 өлкөнүн ичинен жетинчи орунга чыкты.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кышкы Азия оюндарында байгелүү орундар болду. 7-кышкы Азия оюндарында коло медалды кыргызстандыктар топ хоккейи оюнунда жеңип алды.

Топ хоккейи командасынын башкы устаты Ниязбек Алиев Казакстан 7-кышкы Азия оюндарын жогорку деңгээлде өткөрө алганын, кыргызстандык хоккейчилердин даярдыгы чийки болуп, машыгууларга да убакыт жок болуп калганын “Азаттыкка” билдирди.

Эркин күрөш боюнча дүйнө жана олимпиада чемпиону, алматылык Жакшылык Үчкемпиров Казакстан келечекте кышкы олимпиаданы да өткөрүүгө талапкер болоорун, олимпиадалык байге алышаарын сыймык менен айтты.
Кыргыз хоккейчилери Тайланддын командасы менен беттешүүдө, 30-январь.

Астанада өткөн 7-Кышкы Азия оюндарында шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курамасы алты ирет ийгилик жарата алды. Кыргызстандын курамасы Тайланд, Бириккен Араб Эмираты, Монголия, Малайзия, Бахрейн жана Кувейт өлкөлөрүн ири эсеп менен жеңип алды.

Бирок шайба хоккейи боюнча кыргызстандык курама биринчи лигада ойногондуктан, анда ээ болгон алтын медалы жалпы эсепке кошулбайт. Себеби Азияда өнүгүп келаткан өлкөлөр өзүнчө биринчи Лигада ойноду. Бул жеңиш эмки 8-Азия оюндарында Кыргызстанга Жогорку Лигада ойноого жол ачты.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын жетекчиси Анвар Оморкановдун маалымдаганына караганда, Азия оюндарынын хоккей боюнча биринчи Лигасында кыргыз курамасынын байгелүү орунга жетүүсү өлкөдө бул оюндун өнүгүүсүнө өбөлгө болмокчу.

53 жашка чыкса да хоккей ойноп, Алматыда коло байгелүү болгон нарындык Алмамбек Кулчуновдун айтымында, өкмөттүк деңгээлде камкордук болсо, бул оюнду өлкө аймагында өнүктүрүүгө негиз бар.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, кышкы спортту өнүктүрүүгө өкмөттүк деңгээлде камкордук керек.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин Алматы шаарынан билдиришинче, кыргызстандык спортчулар алгачкы ирет кышкы Азия оюндарында ийгилик жарата алды.
Кыргыз хоккейчилери Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен таймашууда, 29-январь.

Кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи жана спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышты.

VII Кышкы Азия оюндары 30-январда башталып, 6-февралда жыйынтыкталды. Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өттү.

Жеңүүчүлөргө 69 комплект байгелер ыйгарылды. Азия континентинде кышкы спорт анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга 27 өлкөнүн 1150 спортчусу гана катышты.

Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча оюн ээси Казакстан биринчи орунда. Алар 32 алтын, 21 күмүш жана 17 коло байгелүү болушту. Экинчи катардагы Жапон өлкөсү 13 алтын, 24 күмүш, 17 коло медаль утуп алышты. Үчүнчү орунду ээлеген Түштүк Корея өлкөсү 13 алтын, 12 күмүш, 13 коло байгелүү болушту. 4-орундагы Кытайдын 11 алтын, 10 күмүш жана 14 коло байгеси бар. Бешинчи - Монголия, алтынчы - Иран болсо, жетинчи орунду Кыргызстан менен Түндүк Корея өлкөлөрү тең бөлүштү.

Азия оюндарына 27 өлкө катышкан болсо, алардын ичинен медалдар жети өлкөгө гана тийди.

Оюндардын расмий жабылышы 6-февралда Алматыдагы Балбан Чолок атындагы спорт ордосунда болду. Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан 52 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрү боюнча күч сынашып, тажрыйба топтой алышты.

1996-жылы Кытайдын Харбин шаарындагы Үчүнчү кышкы Азия оюндарында Кыргыз туусу алгач ирет көтөрүлгөн. Чакан делегацияны Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин ошол учурдагы жетекчиси Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандык спортчулар Усубалиев, Абдулин, Буйков жана Борисов тоо лыжа мелдештерине катышып, тажрыйба топтоп келишкен.

1999-жылы Түштүк Кореянын Кангвон шаарында өткөн Төртүнчү кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан жалгыз тоо лыжачы Андрей Трелевский барган. Азия аймагындагы спорт державасынын бири – Жапония 2003-жылы Бешинчи кышкы Азия оюндарынын отун үчүнчү ирет жандырган. Аоморидеги Бешинчи кышкы Азия оюндарына жалгыз трамплинден секирүүчү Дмитрий Чвыков барган.

2007-жылы Кытайдын Чанчунг шаарында Алтынчы кышкы Азия оюндары болуп, Кыргызстандан барган тоо лыжачылар ийгилик жарата алышкан эмес.

Кыргызстандык спортчулар мындан мурдагы төрт Азия оюндарында мөрөй албай жайдак келишсе, 7-кышкы Азия оюндарында байгени эсеби ачылды. Мурда бирин-экин спортчу гана кышкы Азиадага катышса, быйыл гана шайба жана топ хоккейинен команда катары барып, ийгилик жарата алды.
XS
SM
MD
LG