Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Лыжа спорту мамлекеттик колдоого муктаж


Кыргызстан лыжа спортунан бечел экени 7-кышкы Азия оюндарында айкын болду. Ак-кар, көк муздун мекени аталган Кыргызстанда бул спортко маани берилбей келүүдө.

Эгемендүү өлкө болгондон бери лыжа спортунун деңгээли төмөндөп кеткен. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болгон. Учурда өлкө боюнча беш гана машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштейт.

Сапаттуу лыжа бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт.

Адистердин баамында, "Нооруз", "Оорусайдагы" лыжа базалары президенттин алдындагы иш-башкаруу башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат.

Мыкты адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту көңүлдөн чыгып калган.

Кыргыз дене тарбия академиясынын ректору Токтобек Иманалиев окуу жайда лыжа спорту боюнча адистер даярдалбай калганын, бирок Кой-Таштагы базада тоо лыжасынан машыгууга болорун айтты.

- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кетти. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Кой-Таштагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин окуу жайда лыжа спорту боюнча адис, машыктыруучуларды мурда даярдасак, учурда андай адистик жок. Былтыртан баштап тоо лыжасы боюнча машыгууларды өткөрүп жатабыз. Бирок тоо лыжасынын жабдуулары абдан кымбат болуп, бул маселе кендирди кесип жатат. Ошентсе да спорттун бул тармагын өнүктүрүү учурдун талабы.

"Колдо бар алтындын баркы жок"

Чындыгында Кыргызстандын жаратылышы спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет.

Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин да байкап, мындан 4-5 жыл мурда биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын өкмөт башчылары жана спорт жетекчилери тарабынан колдоого алынган жок.

Владимир Путин, Сочи, 5-январь, 2008-жыл
Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартуу демилгеси да колдоо тапкан эмес. Чынында азыркы учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы. Себеби жыл өткөн сайын Азиянын кышкы оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дүйнөлүк таасири артып баратат.

Кыргызстандык спортчулар Лиллехамeр, Нагано, Солт-Лейк-Сити, Ванкувер шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон жана Аомори, Астана жана Алматы шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышып келишкен. Бирок лыжа жарыштарынан бирөө да ийгилик жарата алган эмес.

Көңүл сыртында калган спорт

Кышкы спортту өнүктүрүүнүн келечегине ишенген Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов:

- Кыргызстандын жаратылышы, тоолору спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Муну чет өлкөлөргө барганымда кесиптештерим да "кардан бизнес жасасаңар болот эле" деп белгилешет. Кышкы спорт - бул ден соолукка өтө пайдалуу. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бишкектин айланасындагы Аламүдүн муз төрүндө 6-7 ай лыжа тээп, машыккандар да бар. Бишкектин айланасындагы "Оорусай", "Чуңкурчак", "Чоңташ" жана "Нооруз" лыжа базаларына көңүл буруп, спорттун бул тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлгөнү оң. 2011-жылы өткөрүлүшү белгиленген беш жүздөн ашык иш-чаралардын ичинен кышкы спорттун түрлөрү боюнча беш-алты гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт. Чынында спортчулар менен машыктыруучулар демилгенин негизинде эле иштеп келишет. Эгер мамлекеттик колдоо болсо, лыжа спорту Кыргызстанда да Европадагыдай таасирдүү болмок.

Лыжа жарыштары боюнча СССРдин спорт чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону Абдылда Калдыбаев кыргыз жеринде лыжа спортунун өнүгүүсү өткөн кылымдын 60-жылдарынан башталганын айтып, учурда бул спорт кароосуз калганын “Азаттыкка” билдирди.

- Ошондо лыжа сүйүүчүлөр Чоң-Ташта лыжа тебишчү. Кийин алар ДОЛС деген клуб түзүп, Оорусайда база кура башташкан. Алар: В.Трелевский, Г.Борисов, Г.Останков. 70-жылдарда Ю.Самарский менен Ю.Лостун аракети менен атайын спорт мектеби ачылган. Ушул мектептен СССРдин чемпиондору чыккан. Мени лыжага атам 4 жашымда тургузган. Ошондон бери лыжа тээп келем. Спортчулар арасында жергиликтүү мелдештерден тарта СССР чемпиондугуна чейин катышкам.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Алмазбек Касеновдун пикиринде, кийинки учурда лыжа тээп эс алууну каалагандар көбөйүп баратканы менен, кесипкөй спортчулар жокко эсе.

- Профессионалдык деңгээлде лыжа спорту менен алектенүү үчүн каалоочулар бала кезинен башташы керек. Ошондой эле спортчулардын аз болушуна өлкөдө шарттын жоктугу, өкмөттүк деңгээлде маани берилбегени да таасирин тийгизүүдө. Кыргызстанда 3000 метр бийиктикте жайгашкан лыжа тебүүчү табигый тоолор бар. Бирок мунун өзү жетиштүү эмес. Спортчулар көп болушу үчүн адис машыктыруучулар жана адистештирилген базалар зарыл.

Тарыхы терең

Биздин заманга чейин эле скандинавиялыктар лыжаны колдонгондугу тууралуу далилдер бар. Швециянын Хотинг аймагындагы саздан мындан 2500 жыл мурунку лыжанын калдыктары табылган. Ошондо лыжа аң уулоо жана согуштук максаттарда пайдаланылган. Заманбап спорт түрү катары XVIII кылымдан тарта Норвегияда калыптана баштаган.

Лыжа спортуна түрдүү аралыктарга лыжа жарыш, трамплиндерден секирүү, тоо лыжасы, кош жарыш (жарыш жана тоскоолдуктардан секирүү), сноуборд, фристайл кирет.

Эл аралык лыжа спортунун федерациясы 1924-жылы уюшулуп, дал ушул жылдан тарта олимпиадалык программага киргизилген. Ал эми Дүйнө биринчилиги расмий түрдө 1937-жылдан бери өтүп келүүдө.

Кыргыз жергесинде лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында бир убактарда лыжа ийримдери иштеп турган.

1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. Кыргызcтандыктар Союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларында азыноолак ийгиликтерге да жетишкен.
XS
SM
MD
LG