Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Президент муз аянтында


Президент Роза Отунбаева муз тээп, балалыгын эстеди. Бишкек, 16-февраль.
Президент Роза Отунбаева муз тээп, балалыгын эстеди. Бишкек, 16-февраль.

15-февралда президент Роза Отунбаева Бишкектеги муз айдыңында 7-кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Бул жерде өлкө башчысы жакында эле Астана жана Алматы шаарларында өткөн 7-кышкы Азия оюндарына катышкан спортчуларды ийгиликтери менен куттуктады. Азия оюндарынын ачылыш салтанатына күбө болгонун, 27 өлкөдөн Кыргызстан жетинчи орунду ээлеп, хоккейчилер мөөрөй алганын президент курсанттана белгиледи.

Жолугушуу учурунда өспүрүмдөрдүн муз үстүндөгү көркөм бийине, жаш жеткинчектердин шайба хоккей мелдешине күбө болгон өлкө жетекчиси жаштыгын эстеп, бутуна коньки кийип, муз тээп, жаштарды шыктандырып койду.

Нарын шаарында 5-6 жашында коньки, лыжа тээп, кийин Москвада окуп жүргөндө да машыкканын президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” айтып, кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы экенин айтты:

- Мен кичинекей кезимден эле Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө коньки тээп чоңойгом. Дурус эле тепчүмүн. Анан ал учурда ар бир мектептерде лыжа бар болчу. Лыжа тепкенди да жакшы көрчүмүн. Кийин Москвада окуп жүргөн студенттик мезгилде дагы атайын муз сарайларына барып, коньки тепчүмүн. Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүүгө 7-кышкы Азия оюндары учкун жандырды. Астана жана Алматы шаарында Азиада оюндары жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстан 27 өлкөдөн жетинчи орунга жетүүсүнө хоккейчилер зор салым кошту. Мындан ары да дене тарбия жана спорт агенттигин кышкы спортту өнүктүрүү боюнча сунуш, долбоорлору болсо колдоого алмакчыбыз. Сунуштарды киргизишсин.

Нарын облустук спорт мектебинин жетекчиси Болот Бектемишов 52 жашка чыкса дагы өлкөнүн шайба хоккей командасынын катарында ойноп Астанада 7-кышкы Азия оюндарында биринчи лиганын жеңүүчүсү аталып, алтын медал тагынып келди. Ал Кеңеш доорунда хоккейге кызыккандар арбын болгонун, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Бишкек шаарларында мелдештер өтүп турганын айтып, эгемендүүлүк алганы унутулуп бараткан оюн кайра жанданганына кубанып турду.
Президент 7-кышкы Азия оюндарынын катышуучулары менен.

- Биз бала кезде кийиз чокойго кайыш менен коньки байлап, таяктан клюшка жасап хоккей ойночубуз. Азыр кыргыз хоккейинин мекени – Жумгал району, Шортон айылы деп айтып жүрүшпөйбү. Алар абдан жаңылышат. Хоккейди биздин эл Каракол, Нарын, Балыкчы жана Бишкек шаарларында совет доорунда эле ойноп келген. Аны жумгалдыктардын менчиктей калганы жакшы көрүнүш эмес. Эгемендүүлүк алганы 7-кышкы Азия оюндарындай бул спортко кызыгуу болгон эмес. Эми ишкерлер, өкмөт колдоого алса, хоккей жанданып, чеберчилик өсөт.
Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов өлкө башчысына 10-номурдагы хоккейчинин футболкасын тапшырууда.

7-кышкы Азия оюндарынын шайба хоккейи боюнча чемпиону Султан Токоев Азиада мелдештеринен кийин хоккейге кызыккандар арбын болгонун, мелдештер көп өтүп турса гана чеберчилик өсөөрүн “Азаттыкка” айтты.

Президент Роза Отунбаева Эл аралык хоккей жана лыжа федерация жетекчилерине атайын кайрылып, Кыргызстандын мектеп окуучуларына чаңы (лыжа) тебүү үчүн жабдуулардан көмөк берүүсүн өтүнөөрүн, ишкерлер дагы бул демилгелерди колдоого алса дурус болоор эле деген пикирин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG