Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Спорт жаңылыктары: Шевченконун жеңиши


Тай бокстон дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Валентина Шевченко Тайландда жеңишке жетишти. Бишкекте биринчи жолу эрежесиз эр кармаштан Азия чемпионаты болот.

Валентина Шевченконун Тайланддагы жеңиши

Тай боксу боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Валентина Шевченко Тайланд өлкөсүнөн олжолуу кайтты. Ал дагы бир дүйнө чемпиону, чехиялык Мартина Жиндровуиз менен рингде 5 раунд бою күч сынашты. Биринчи раунддун башында эле Валентина атаандашын уруп жыгып, эсин оодарганын анын устаты Павел Федотов кабарлады. Бирок Мартина дагы 5 раунд бою кыргызстандык мушкерге туруштук берип, бир нече ирет жыгылса дагы, таймашууну уланткан.

Эрендердин кармашы Бишкекте болот

Кыргызстанда 25-26- февраль күндөрү эрежесиз эр кармаштын “Вале тудо” спорт түрү боюнча Азиялык чемпионат өтөт. Бул тууралуу эрежесиз күрөш боюнча федерациянын президенти Эмил Токтогонов “Азаттыкка” билдирди.

- Азия чемпионаты Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эки күн катары менен болот. Бул турнирге Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышат. Ар өлкөдөн 4 спорт чебери келип, чемпионат эки категорияда өтөт. Биринчи категория 80 кг. чейин, ал эми экинчиси 85кг. дан өйдө. Баш байгеге- акчалай сыйлыктар бар.

Азия чемпионатынан жеңип чыккандар Евроазия жана дүйнө чемпионаттарына катыша алышат.
Балбанды жашында сына

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн эл аралык мелдеш өтүп, ага Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 235 жаш балбан катышканын билдирди.

- Жеңил салмактарда бишкектиктер: Таалайбек уулу Асылбек, Мирлан Калчанов жеңишке жетти. “Эмгек резерви” спорт коомунун балбандар Аман Бактыбеков, Кубаныч Алтымышбаев биринчи орунга чыкты. Олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлдөрү Кожобек уулу Эсенгелди, Кубаныч Шооруков жана Камбар Жоробеков мыктылар сабына кошулду.

Футболдон Азия фестивалдары

Азия футбол конфедерациясынын демилгеси менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн футбол фестивалы Ташкент шаарында 4-апрелден 17-апрелге чейин өткөрүлөт. Бул окуянын маанисин өлкөнүн футбол федерациясынын бөлүм башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” айтып берди:

- Борбор Азияда футболду өнүктүрүү максатында Азия футбол конфедерациясы уюштуруп жаткан фестивалда калыстар, машыктыруучулар, футбол адистери үчүн атайын семинар-кеңешмелер болот. Азия аймагында мындай футбол фестивалдары Кытайда, Иран, Малайзияда өткөрүлөт. Батыш Азия өлкөлөрү үчүн Катардын Доха шаарында футбол фестивалы башталып, Бахрейн, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Палестина, Сауд Аравиясы, Сирия, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен жана Кувейт өлкөлөрүнүн 13 жаштагы өспүрүм футболчулары катышууда.

Талыкпаган Ваккер - Азиянын үч жолку чемпиону

Кыргызстандык Евгений Ваккер Тайландда велосипед мелдешине катышып, 40 чакырымдык жарышта марага эч кимге жеткирбей келип, ушуну менен үчүнчү ирет Азия чемпиону болуп калды. Германияда жашап, бирок киндик каны тамган Кыргызстандын туусун алып жүргөн Ваккер Азия оюндарынан катары менен беш ирет мөрөй алып, 2007-2008-жылдары Азия чемпиону болсо, 2009-2010-жылдары коло байгени олжологон.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин бөлүм башчысы Канатбек Арпачиев Тайланддагы 40 градус ысыкта Ваккер накта каармандыгын көрсөттү деп эсептейт:

- Азияда азыр жай мезгилиндей учур. Евгений Ысык-Көлдө 5-10 градус суукта даярдык көргөн. Ошондой болсо дагы чыныгы каармандыкты көрсөтө алды. Мындай жагдайды спортчу гана түшүнө алат. Былтыр сокур ичигисин операция кылганына карабай Гуанжоудогу Азия оюндарында марага экинчи келип, чемпионго 11 секунд гана уттуруп койгон эле.

Евгений Ваккер 160 км. аралыкка жарышууда күчүн сынап көрүүгө бел байлоодо.

Түркияны багынткан балбан кыз

Түркиянын Стамбул шаарында Яшар Догунун байгесине арналган кыз келиндердин эркин күрөшү мелдешинде кыргызстандык Мехриниса Нурматова экиничи орунду ээлеп, күмүш байге алып кайтты.


XS
SM
MD
LG