Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Кыргыздын кыздары аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, тыйын эңмейде жигиттердин намысын козгоп турган. Учурда кыз-келиндер спорт – ден соолук, сулуулук, жаштык экенине маани бербей жүргөнү байкалат.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыз-келиндерден марафончу Ирина Богачева, гимнаст Татьяна Торопова, жеңил атлетчилер Елена Бобровская, Татьяна Борисова жана Татьяна Ефименко, мерген кыз Елена Костюкова, тайбоксчу Валентина Шевченко, эркин күрөштөн Яна Панова ийгиликтерге жетише алышты.

Алар Азия, дүйнө чемпионаттарында, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын таанытты. Ушул кыз-келиндердин катарында кыргыздын кыздары жоктугу, болсо дагы саналуу экени абдан өкүндүрүп, коомчулукту да ойго салат.

2010-жылдын мыкты спортчусу аталган самбо күрөшүнөн Азия чемпиону Анара Эстебесова кыз-келиндер спортуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай жатканын сындап, болочок энелердин, кыз-келиндердин ден-соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын “Азаттыкка” айтты.
- Келечегин ойлогон өлкө жетекчилери биринчи кезекте болочок энелердин, кыз-келиндердин ден-соолугуна көңүл буруусу керек. Дене тарбиясы мыкты энеден ден-соолугу чың уул-кыздар төрөлөт. Ошондуктан кыз-келиндерге шарт түзүп, камкордукка алуу зарыл. Кыргыз кыздары да спортко маани бербей, ден соолугуна карабай жүрүшөт. Спорт менен машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эл-жер көрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын.

Кыргызстандын айкидо федерациясынын президенти Гүлмиза Сейталиева кыргыз кыз-келиндери ден-соолугун чыңдоого анча маани бербестигине өкүнүп, мындай көрүнүшкө спорт жетекчилери да күнөөлүү деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Чынында кыздар арасында мелдештер аз өткөрүлөт. Айылдагы мектептерде спорт секциялары иштебейт. Дүйнө жүзүндө кыз-келиндердин эркин күрөш, дзюдо, таэквандо, оор атлетика жана чыгыш өнөрлөрүнө кызыгуу артып баратат. Эл аралык кыз-келиндер мелдештери дагы өткөрүлгөнү менен биздин өлкөнүн командалары көп катышпай жүрүшөт. Ислам өлкөлөрүнүн кыз-келиндеринин оюндары өткөрүлүп жүрөт, жок дегенде ушул оюндарга катышып турсак, дурус болоор эле деген үмүт бар.

Чынында кыргыз элинде Кыз Сайкалдай, Жаңыл мырзадай баатыр мүнөз кыздар арбын. Ошол кыз-келиндер уяңдыктын айынан спорттогу бактысы ачылбай жүргөнү өкүндүрөт. Спортко катышып жүргөн башка улуттардын кыздарынан айылдык кыздар чыйрак, шамдагай, чыдамкай келишет дешет спорт адистери.

Кыргызстанда кыздар спортун жөнгө салуучу бирикме же федерация алигиче түзүлө элек. Дүйнө жүзүндө кыз-келиндер үчүн эл аралык мелдештер дагы арбын өткөрүлөт. Олимпиадалык оюндарда кыз-келиндердин көбүрөөк катышуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.

”Дордой” спорт клубу көркөм гимнастика боюнча өлкө командасына шарт түзүп, кыздар спортун колдоого алып келет. Клубдун жетекчиси Аскар Салымбеков ден соолугу чың кыз-келиндерден чыйрак балдар төрөлөөрүн айтып, улуттун ден соолугу үчүн энелерге камкордук зарыл дейт.

-Кыздар үчүн атайын программа түзүп, ден соолугун чыңдоо иш-чараларын көрүү зарыл. Мындан 15 жыл мурда кыздардын даярдыгы дурус, ден-соолугу чың болчу. Азыр баары тескерисинче. Көпчүлүк кыз-келиндер оорукчан. Буга азыркы экологиялык, экономикалык абал да терс таасирин тийгизип жатат. Кыргызда таланттуу кыздар арбын. Ошол кыздардын спорт жагынан багы ачылбай келүүдө. Көп жыл спортко катышкан башка улуттардын кыздарына караганда айылдык кыздар чыйрак, тың келет. Алар болочоктогу энелер да. Кыз-келиндерге камкордук керек.

Кеңеш доорунда кыргызстандык кыз-келиндер спорт менен машыгып, мелдештерге катышып, байгелүү орундарга жетип турган. Кыргызстандык кыз-келиндерден биринчи болуп ысыккөлдүк жөө күлүк, дүйнө рекордчусу Вера Корсакова 1968-жылы Мехико олимпиадасына катышып, жол ачкан.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын жылдызы Москва олимпиадасында жанган. Татьяна учурда Москвада жашап, Кыргызстандан көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Себеби эгемендүүлүктөн кийин ишсиз калып, ага көңүл бурулбай калган.

Кыргызстндык кыздардан олимпиадалык алтын медалына алгачкы болуп жөө күлүк Мария Кулчунова ээ болгон. Ал 1988-жылы Сеулда олимпиада чемпиону аталган. Эркин күрөш боюнча, дүйнө, олимпиада чемпиону Павел Пинигинге турмушка чыкканы кыз кезиндеги Кулчунова деген фамилия өзгөртүлүп, аны Мария Пингина деп билишет. Ал дагы үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.

Барселона олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн баскетбол командасында ойноп, олимпиада чемпиону болгон кыргызстандык Елена Баранованы эстеген жетекчи жок. Ал учурунда Москванын «Динамосунда», Израилде жана АКШда баскетбол клубдарында ойногон.

Шахмат боюнча Светлана Матвеева, Бактыгүл Саманова, Бактыгүл Тиленбаева, Ирина Острый, София Сабирова, Жаңыл Тиленбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадаларына кыргыз туусун көтөрүп барышкан. Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга жеткен,15 жашында спорт чебери аталган Жаңыл Тиленбаевага көңүл бөлүнбөгөндүктөн, шахматты таштоого аргасыз болгон.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов да кыз-келиндерди, апаларды жаз майрамы менен куттуктап, спорт менен достошууга чакырды.

Жаз майрамынын жарашыгы болгон кыргыз кыз-келиндери спорт менен достошуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытса деген тилек менен ушул макала ден-соолукка коңгуроо болсун.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG