Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:31

Мальдив аралында кыргызстандык футболчулар “Азия чакырыгы” мелдешине катышууда. Бишкекте Курманжан датка жылынын урматына спартакиада башталды.

Жаздагы жаштар жарышы

Бишкек шаардык мектеп окуучуларынын Курманжан датка жылына арналган спартакиадасы 23-мартта башталды. Мелдештин жеңүүчүлөрү 29-апрелде аныкталат. Улан-кыздар жазгы каникул маалында ден соолуктарын чыңдап, спорттун беш түрүнөн мөрөй талашып жатканын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров “Азаттыкка” билдирди.

- Мелдешке 12-13 жаштагы өспүрүмдөр катышып, чоң спорттун босогосун аттап жатышат. Балким алардан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чыгаан спортчулар чыгып калышы ыктымал. Жеткинчектер спорттун беш түрү: дарс, кичи-футбол, жеңил атлетика, үстөл тенниси жана кыймылдуу оюндар боюнча күч сынашууда.

Мальдивдеги "Азия чакырыгы" турнири

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия футбол конфедерациясынын “Азия чакырыгы” турниринде биринчи беттешүүдө Тажикстанга уттуруп жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Оюн Мальдив аралдарында өттү. Таймаштын 87-мүнөтүндө Кыргызстандын курама командасынын капитаны Руслан Сыдыков калпыстык кылып, ката кетирүү менен өз дарбазасына топ киргизип алды. Натыйжада 1:0 утушу менен жеңиш Тажикстанга тийиштүү болуп калды.

23-мартта кыргызстандык футболчулар оюн ээси Мальдив өлкөсүнүн командасы менен ойноду. 25-мартта Камбоджа өлкөсүнүн командасы менен беттешет.

"Ала-Тоо" кубогун уткан "Дордой-2" командасы

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия өлкөлөрүнүн 18 командасы менен Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн таймашып жатат.

Кант шаарында өткөн “Ала-Тоо” кубогун Бишкектин “Дордой-2” командасы жеңип алды. Баш байге үчүн таймашууда “дордойчулар” Канттын “Абдыш-Ата” командасын 1:0 эсебинде утту. 3-орун Казакстандын “Лашын” командасын 2:1 эсеби менен жеңген Кыргызстандын чемпиону Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасына ыйгарылды.

Эл аралык “Ала-Тоо” кубогунун мыкты оюнчусу деп канттык Руслан Амиров, мыкты чабуулчу деп казакстандык Еркасым Ешенкулов таанылып, атайын сыйлыктарга арзыды.

Таэквондон таанылгандар

Таэквондонун WTF версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты Бишкектеги SunCity спорттук комплексинде өттү. Таэквондонун WTF версиясы дүйнө жүзүндө эле эмес, Кыргызстанда да жылдан жылга өнүгүп баратканын өлкөгө эмгек сиңирген устат Канатбек Арпачиев айтты.

- Уландардан Искендер Осмонов, Замир уулу Нурлан, Азиз Боталиев баш байгенин ээлери болушту. Кыздардан Жазгүл Жумалиева, Татьяна Кибицкая өлкө чемпиону аталды. Жигиттерден Александр Лигай, Тилек Турсуналиев, бир туугандар Алим менен Азим Тажибаевдер биринчи орунду камсыз кылышты.

Кыргызстандын таэквондонун WTF уюму 1993-жылы 202 улуттук ассоциациалары кирген Бүткүл дүйнөлүк Таэквондо Федерациясына мүчө болгон.

Рингде таймашуулар болууда

23-мартта Бишкекте бокс боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги башталды. Рингде 18-19 жаштагы уландар күч сынашып жатканын өлкөнүн тандалма командасынын башкы устаты Адылхан Бекболотов билдирди.

AIPSтин Сеулдагы Конгресси

22-марттан бери Түштүк Кореянын Сеул шаарында Эл аралык спорт журналисттер ассиоциациясынын (AIPS) конгресси өтүүдө. Бул жыйынга Кыргызстандан “Акипресс” маалымат агенттигинин спорттук баяндамачысы Гүлиза Абазова менен “Sport.kg” гезитинин кабарчысы Ксения Толканева катышууда. Бул жыйында спорттук журналистиканын өнүгүшү, багыттары жана келечеги тууралуу маселелер каралууда.
XS
SM
MD
LG