Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Мигранттардын футбол мелдештери өтүүдө


Нью-Йоркто кыргыз диаспорлорунун футбол мелдеши өттү. 26-майда Кытайда спорттун азыркы беш түрүнөн дүйнө Кубогунун мелдештери башталды.

АКШда убактылуу иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктар беш жылдан бери ар жылы футбол турнирин өткөрүшөт. Бул ирет мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына жана АКШ менен достук байланыштарына арналды.

Мелдешке АКШнын үч штатында жана Нью-Йорк шаарында жашаган кыргыз диаспорлорунун командалары катышты.

Натыйжада Огайо штатында жашаган кыргызстандыктар биринчи орунду ээледи. Күмүш байге Иллинойс шататындагы кыргыз мигранттарына ыйгарылды. Нью-Йорктун футболчулары үчүнчү болушту.

- Бул турнирдин негизги максаты - алыста жүргөн кыргызстандыктарды бириктирип, ынтымагына данакер болуу. Биз бир ууч эле кыргызбыз, бири-бирибиз менен ушундай мелдештерде, майрамдарда гана кезикпесек көп деле жолукпайбыз,- дейт АКШда жашап, иштеп жүргөн Алмаз Аскаров.

Москвада "Жаш толкун" Кубогу

28-29-май күндөрү Москвада жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар да футзалдан “Жаш толкун” кубогун өткөргөнү камылга көрүп жатышат.

Мелдешке 16 команда катышып, алар 4 топко бөлүнүп беттешет. Мыктылары иргелип, 29-майда финалдык таймашуулар болот.

Турнирге калыстык кылып берүү үчүн Бишкектен ФИФАнын калысы Бактияр Кочкаровду Москвага атайын чакырып жатышат.

12 спорчу ай сайын 650 доллардан алат

26-майда өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Кыргызстандан тандалган 12 спортчуга айына 650 доллардан ар бирине стипендия берүү келишими түзүлүп, Эл аралык олимпиада комитетинин чечими чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

- Мурдагы жылдары олимпиадалык оюндарга бир жыл калганда Кыргызстандан тандалган 10 спортчуга ЭОК ар бирине 600 доллардан стипендия чектечү. Бул ирет Бээжин олимпиадасы жана былтыр Гуанчжоуда өткөн 16-Азия оюндарындагы кыргыз балбандарынын ийгиликтери ЭОКто бааланып, дагы кошумча эки спортчуну көбөйтүп, дагы 50 доллардан көтөрүп беришти.

Лондон олимпиадасына жолдомо алууга талапкер болуп, ЭОКтун 650 долларлык стипендиясы чектелген 12 спортчунун катарында балбандар Бээжин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев, 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов, жеңүүчүлөрү Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев, эркин күрөштөн жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Нарыбек уулу жана Нурлан Макеналиев, Азиянын үч жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, жеңил атлетчи Виктория Палюдина, оор атлетчи Изат Артыков жана дзю-дочулар Чыңыз Артыков менен Азат Кубакаев бар.

Ушу-чыгыш өнөрүнөн 15 медаль

Казакстандын Чымкент шаарында чыгыш өнөрү – ушу боюнча эл аралык мелдештен кыргызстандыктар 15 медаль утуп келишти. Алардын жетөө алтын, бешөө күмүш, үчөө коло байге болду.

Бир туууган эже-сиңдилер Нестан менен Айсалкын Ташматова, Татьяна Пак, Дмитрий Колесников жана Айсулуу Асанкулова биринчи орунду ээледи.

Ушул ушу таймашууларына улай эле ушу-сандо кармашына кыргызстандык Сталбек Даркембаев катышып, ал рингге 4 ирет чыгып, бардык атаандашын жеңип, алтын медаль тагынды.

Мөрөй талашууга Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын спортчулары катышты.

Зайлан Адамов - коло байге ээси

Казакстандын Толкубас шаарында бильярд боюнча эл аралык мелдеште бишкектик Зайлан Адамов коло байгелүү болду. Турнирге Кыргызстандан 4 жигит барып, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев бул жолу бешинчи болуп калды.

Кытайда дүйнөлүк таймаш

26-майда Кытайдын Чэнду шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө Кубогунун таймашуулары башталды. Дүйнөлүк күч сынашууларга Кыргызстандан 5 спортчу катышууда.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, кыргызстандык спортчулар мурда бир нече ирет Азия чемпионатын, дүйнө Кубогун алышканы менен акыркы убактарда солгундап кеткен.

Ошондуктан бул дүйнөлүк таймашууда жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогон спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла тургандыктан атаандаштык курч болуп жатканын адистер айтышууда.
XS
SM
MD
LG