Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Бокс боюнча Кытайдагы турнирде кыргызстандык үч жигит мөрөй алды. Чыңгыз Мамедов Бухарестте дзю-до күрөшүнөн дүйнө кубогунда коло байгелүү болду.

6-июнда Румыниянын борбору Бухарест шаарында дзю-до күрөшүнөн дүйнө кубогунун таймашуулары жыйынтыкталды.

Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскуловдун айтымында, бул дүйнө кубогунда Кыргызстандын намысын 5 жигит коргоп, Чыңгыз Мамедов үчүнчү орунду ээледи.

90 кг. салмактагы Чыңгыз Мамедов татамиде 5 ирет күрөшкө чыкты. Ал украин, молдова жана румын балбандарын жеңип, финалга чыгуу үчүн таймашта грузин атаандашына аз упайга алдырып койду. Коло байге үчүн Чыңгыз украиналык Станислав Реткинский менен күрөшүп, аны утуп, үчүнчү болду.

Кытайда мөрөй алгандар

6-июнда Кытайдын Гуянг шаарынан бокс боюнча China Open эл аралык турнирден кыргызстандык жигиттер жеңиш менен кайтып келишти. Кыргызстандын намысын коргогон алты жигиттен үчөө финалга чейин жетти. Эрмек Сакенов менен Чыңгыз Борбашев коло байгелүү болду. 69 кило салмакта Асадулла Баймурадов чеберчилиги менен таанылып, күмүш медаль тагынды.

Асадулло Баймурадов кытайлык жана филиппиндик атаандаштарын жеңип, жарым финалда монгол жигитин да утту. Ал баш байге үчүн кытайлык жигит менен күч сынашып, аз упай айырма менен утулуп, экинчи болду.

Өлкөнүн бокс боюнча башкы устаты Адылхан Бекболотовдун айтымында, кыргызстандык боксчулардын аракети дурус болду.

Кытайда бокс өнүккөн жыйырма өлкөнүн булгаары мээлей чеберлери күч сынашты.

Азия чемпионатынын 23 байгеси

Самбо күрөшүнөн Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 23 медаль утуп алышты. Анын ичинен бешөө алтын, беши күмүш жана он үчү коло байге болду.

Чоңдор арасында Муса уулу Тилек (57 кг) Азия чемпиону аталып, биринчи болду. Уландар арасында алтын медалдын ээлери Болот Рахатбеков, Артур Те, Нурсултан Артыкбай уулу жана Руслан Токторбаев болушту.

Мөрөй талашууга Азиянын 17 өлкөсүнөн беш жүздөй спортчу катышты.

Кыргызстан экинчи орунда

Алматыдан эрежесиз эрендер кармашы эл аралык мелдешинде кыргызстандыктар 7 медаль жеңди. Анын бирөө алтын, төртөө күмүш жана экөө коло байге болду. Баш байгени Актилек Жумабек уулу утуп алды.

Турнирге Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан спортчулар катышып, командалык эсепте Кыргызстан экинчи орунду ээледи. Казактар биринчи, өзбектер үчүнчү болду.

Алтоо менен арыбайт

Футболдон Канттын “Абдыш-Ата” клубу Оштун “Алайын” 1:0 эсебинде утуп алды. Мында канттык футболчу Карим Израилов айырмаланды. Кочкор-Ата шаарында былтыркы чемпион “Нефтчи” клубу Бишкектин “Дордой” командасын кабыл алып, оюнда эсеп ачылбай 0:0 менен аяктады.

Учурда Жогорку лигада 7 оюн ойнолду. Азырынча 14 упай топтоо менен Бишектин “Дордой” командасы топ баштап баратат. Экинчи жана үчүнчү катардагы Кочкор-Атанын “Нефтчи” жана Канттын “Абдыш-Ата” командалары 13 упайга ээ. Төртүнчү орунда Бишкектин “Алга” командасы турат.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Жогорку лигада ойноп жаткан 6 команданын дарамети бирдей эмес. Ошондуктан Кыргызстандагы футболдун деңгээли төмөн.

Футбол: "ШКУга 10 жыл" турнири

7-июнда Астана шаарында Шаңхай кызматташтык уюмунун уюшулганынын 10 жылдыгына арналган эл аралык футбол турнири башталат. Мында Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн 17 жаштагы футболчулары мөрөй талашат.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, кыргызстандык жаштар “А” тобунда “Казакстан-1” жана Тажикстандын командалары менен ойнойт.

Сергейден үмүт бар эле...

Кыргызстандык Александр Черных Щвейцариянын Берн шаарында фехтования боюнча дүйнө кубогунун мелдештерине катышты. Бирок ал ийгилик жарата албады.

Тажрыйбалуу кылыч чебери Сергей Качурин жаракат алып калгандыктан дүйнөлүк таймашууга катышкан эмес.

Капчыгайда кайыкчылар

Учурда Алматы шаарына жакын жайгашкан “Капчыгай” суу сактагычында кайык жарыштары өтүүдө. Мында Кыргызстандан жаш курагына жараша 17 кайыкчы мелдештерге катышууда. Жеңүүчүлөрү 9-июнда аныкталат.

Кыздар волейболу

6-июнда Бишкекте кыз-келиндер арасында волейболдон Кыргызстандын чемпионаты башталды. Мында Ала-Тоо аймагынан тандалган 10 команда мөрөй талашып жатат.
XS
SM
MD
LG