Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Азия чемпионатында Кыргызстан экинчи болду


13-июнда Жакартада жаштардын грек-рим жана эркин күрөшүнөн Азия чемпионаты аяктады. Астанада көркөм гимнастикадан Азия чемпионаты башталды.

13-июнда Индонезиядан кубанычтуу кабар келди. Грек-рим күрөшүнөн жеңил салмакта Батыр Жанбаев бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталды. Мындан сырткары Элдияр Бегалиев менен Руслан Цареев экинчи орунду ээледи.

Кыргызстандык үч балбан да коло байге утуп, 18 өлкөдөн командалык эсепте Ирандан кийинки экинчи болгонун өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касенов “Азаттыкка” билдирди.

- Жакарта шаарында жаштар арасында грек-рим күрөштөн Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбандар 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло байге утуп алды. Кыргызстан командалык эсепте Ирандан кийинки экинчи орунду камсыз кылды.

9-июнда Жакарта шаарында башталган жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөштөн Азия чемпионаты 13-июлда жыйынтык чыгарылды. Жолдун алыстыгына байланыштуу Кыргызстандан эркин күрөштөн үч, грек-рим күрөшүнөн алты, кыздардын эркин күрөшүнөн үч балбан барган.

ШКУ байгесин орусиялыктар утту

13-июнда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун уюшулганынын 10 жылдыгына арналган эл аралык футбол турнири соңуна чыкты. Мында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн 17 жаштагы футболчулары мөрөй талашты.

Кыргызстандык жаштар “А” тобунда “Казакстан-1” командасына 3:1 эсебинде утулду. Тажикстандын командасы менен ойноп, аларга да 3:1 эсебинде жеңилди. Бирок “Казакстан-2” командасы менен беттешүү 3:1 эсебинде утканы менен 6 командадан 5-орунга илинди. Баш байгени орусиялык жаш футболчулар утуп кетишти.

Кожомкул балбандын жолу менен

Бишкекте кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун байгесине эл аралык турнир 49-ирет өткөрүлдү.

Быйылкы турнирде Польша, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 8 командасынын тандалган балбандары күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Кыргызстандын “Замандаш” спорт клубунун өкүлү Алтынбек Алимбаев жеңип алды. 60 кило салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Базар Базаргуриев быйыл да баш байгени колдон чыгарбады. 66 кг. салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Инокентий Инокентьев биринчи болду. Ал финалда тажикстандык Сомиршо Вокхидовду утуп алды.

74 кг. салмакта оштук балбан Айбек Насыров биринчи орунга жетти.
96 кг. салмакта баш байге уткан Айбек Усупов мелдеш курч мүнөздө өтүп, атаандашуу күчтүү болгонун “Азаттыкка” айтты.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул турнир кийинки жылы Эл аралык күрөш федерациясынын “А” тобундагы мелдештеринин тизмесине кирээрин маалымдады.

Оор салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Айал Лазарев болду. Анын финалдагы атаандашы польшалык Бартооми Бартницкийге күмүш медаль ыйгарылды.

Азия чемпионун уткан көлдүк кыз

12-июнда кол күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтүп, беш облустун жана Бишкектин чоюн билек 130 балбаны күч сынашты. Кыздар арасындагы билек күчүн сыноодо Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Ольга Ярославцеваны ысыккөлдүк Асел Бекбосун кызы жеңип алды.

Кыргызстандын армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, өлкө биринчилиги үч жаш куракта өтүп, мыктылар иргелип, Азия чемпионатына барат.

40 жаштан жогорку куракта Султан Бегалиев өлкө чемпиону аталды. Жигиттерден Жыргал Межанов, Артем Ярулин, Бекзат Кожомбердиев жана Андрей Воробьев баш байгенин ээлери болушту.

"Салам-Аликтин" кыздары быйыл да чемпион

13-июлда волейболдон кыз-келиндер арасында өлкө чемпиондугун Бишкектин "Салам-Алик" командасы сактап калды.

Экинчи орун Кыргыз-Славян университетинин, үчүнчү орун “Улар” клубунун кыздарына ыйгарылды. Быйылкы чемпионаттын эң мыкты оюнчусу деген сыйлыгына “Салам-Алик” клубунун өкүлү Ольга Ханина татыды.

Астанада Азия чемпионаты

13-июнда Астана шаарында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты башталды. Анда өлкө намысын Айнура Шаршенбиев коргоп жатат. Мындан сырткары калыс Светлана Моисеева менен машыктыруучу Аделина Шаяхметова Астанада жүрөт.

Мерген Германияга аттанды

Кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов Германиянын Мюнхен шаарына аттанып кетти. Бул шаарда 16-июнда ок атуу боюнча дүйнө Кубогунун таймашуулары башталат.
XS
SM
MD
LG