Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

25-июндан Бишкекте жеңил атлетикадан өлкө чемпионатынын мелдештери жыйынтыкталды. Спорттун 21 түрүнөн өткөн жарыштарга 250 спортчу катышты.

Жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионатынын жарыштары эки күнгө созулуп, ага Кыргызстандын бардык аймагынан жана Казакстандан спортчулар келишти.

Адистердин баамында, жылдан жылга бул спортко жаштар кызыга баштады. Муну жаштар арасында Польша, Чехияда өткөн дүйнө биринчилигинин катышуучусу, жалалабаттык жөө күлүк Тилек Бекембаев дагы бекемдеди.

- Жеңил атлетика адамдын телегейи тең өсүшүнө жардам берип, ден-соолугун чыңдап, чыдамкайлык, шамдагайлык, чечкиндүүлүк, тапкычтык жана башка мыкты сапаттарга тарбиялайт. Мисалы, спорттук басуу - чыдамкайлыкка көндүрөт жана чуркоого, машыгууга көмөкчү көнүгүү болот.Ошондуктан кийинки учурда жеңил атлетикага кызыккан жаштар арбый баштады.

Чолпон-Ата, Кара-Балта, Талас шаарларынан келечегинен үмткөр кылган жаштар өсүп келатканын өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” айтып берди.

Кыска жана орто аралыктарга жарыштарда бишкектик спортчулар баш байгенин ээлери болушту.

Дүйнөдөгү эң таасирдүү спорт

Чынында жеңил атлетика байыркы спорттун башаты делет. Аты жеңил деп айтылганы менен түмөн түйшүгү, машакаты көп. Бир сөз менен жеңил атлетика деп жалпы аталганы менен анын курамында спорттун көп түрү бар. Бул дүйнөдө эң кеңири тараган, өтө популярдуу, спорт. Ага түрдүү аралыктарга чуркоо, спорттук жорголоп басуу, узундукка, бийиктикке секирүү, спорт жабдыктарын ( диска, найза, граната) ыргытуу, жана башка спорттун көп түрлөрүнөн мелдештер кирет.

Азыркы учурдагы спорттук бөлүштүрүүдө жеңил атлетикалык көнүгүүлөрдүн 60 тан ашуун түрү бар. Олимпиадалык оюндардын программасында анын эркектер үчүн 24 түрү, кыз-келиндер үчүн 14 түрү белгиленип, мөрөй талашуулар өткөрүлүп жүрөт.

Чемпиондор айылдан чыгат

Эгемендүү болгону өлкөдө жеңил атлетикага көңүл бурулбай, мыкты адистер чет өлкөлөргө кетип калганын спорт адиси Касымкул Оболбеков айтып, сынга алды.

- Башка улуттун өкүлдөрү таанылып, чеберчилиги жогорулаганда чет өлкөлөргө кетип калууда. Ошондуктан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров, Анатай Ибраимов, Айып Исаков сыяктуу айылдык жөндөмдүү жаштарды жеңил атлетикага кызыктыруу зарыл. Мурда союздук тоскоолдуктар болуп, эл аралык аренага чыгууга мүмкүнчүлүк жок болсо, учурда дүйнөгө таанылууга абдан ыңгайлуу шарт бар. Айрыкча кыргыз кыз-келиндери жеңил атлетикага көңүл буруп, машыкса дурус болоор эле...

Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн айрым жеңил атлетчилери машыгууларын Ысык-Көлдө өткөрүп, байгелүү орундарга жетишкенин айтып жүрүшөт. Ошондуктан жайы-кышы дебей спортчуларды Ысык-Көлдө машыктыруу натыйжасын бермек дейт спорт күйөрманы Алмаз Кудайбергенов.

- Көп спорт мектептери, коомдор жоюлуп кетип, жеңил атлетикага көңүл бурулбай калды. Бизде мыкты адистер азыр да бар. Алардын тажрыйбасын пайдалануу менен учурдагы спорттун жаңы жетишкендиктерин да өздөштүрүү зарыл. Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге спортчуларды көп жиберип, такшалдырып, чеберчилигин жогорулатып туруу керек. Мыкты жөө күлүктөр көп болсо алардын жолун улантуучулар дагы арбын болот. Ысык-Көлдө жайы-кышы машыгуу ыңгайлуу, мыкты натыйжасын бермек.

Алдыда - Азия, дүйнө чемпионаттарынын сыноосу

5-июлдан 10-июлга чеийн Жапониянын Кобе шаарында жеңил атлетикадан Азия чемпионаты старт алат. Кыргызстан ага үч өкүлүн жиберүүгө ниеттенүүдө. Алар узундукка секирүүчү Дмитрий Ильин, найза ыргытуучулар Юлия Ходыкина менен Юрий Морковский даярдык көрүүдө.

Быйыл Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты 27-августтан 4-сентябрга чейин болот. Каражаттын тартыштыгынан улам дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан эки спортчу гана барат. Алар узундукка секирүү боюнча өлкө чемпиону Дмитрий Ильин менен 10 км. аралыкка чуркоочу Виктория Полюдина өлкө намысын коргойт. Бул дүйнө чемпионатына 202 өлкөдөн 2 миңден ашуун жеңил атлетчи катышып, 9 күндүк мөрөй талашууда жеңүүчүлөргө 47 комплект байге ыйгарылат.

Кыргызстандын дүйнөгө тааныткан жеңил атлетчилер

1921-жылы биринчи жолу Кыргызстанда чуркоо жана диска ыргытуу боюнча мелдеш өткөзүлүп, ошондон бери бул спортко кызыгуу башталган. 1964-жылдан кыргызстандык жөө күлүктөр СССРдин курамында Олимпиадалык оюндарга катыша баштаган. Леонид Иванов Токио шаарында өткөрүлгөн 17-Олимпиадага да катышып, 10000 метр аралыкка чуркоодо 5-орунга жетишкен.

Кыргызстандык жөө күлүктөр Отто Барч, Вера Корсакова Мехикодо 19- Олимпиадалык оюндарга барышкан. 1980-жылы Москва жана 1988-жылкы Сеул олимпиадаларында кыргыз спортунун өкүлдөрү Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий жана Мария Күлчүнова олимпиадалык чемпион аталышып, алтын медаль тагынган.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жеңил атлетчилери 1996-жылдан баштап Атланта, Сидней, Афина, Бээжин шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарына да катышты.
Бирок эгемендүү өлкө болгону Кыргызстандык бир да жеңил атлетчи дүйнө чемпионаттарында, Олимпиадалык оюндарда мөрөй ала элек.

2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандык Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова алтын медаль жеңип алышкан. Азия чемпионаттарында мөрөй алгандар да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG