Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Өлкө аймагында жалпысынан 49 стадион бар. Бирок алардын бирөө да эл аралык талаптарга жооп бербейт дешет спорт адистери.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Канатбек Арпачиевдин айтымында, өлкө аймагында 49 стадион бар.

Ошол кырктан ашуун стадиондун баары эл аралык талаптарга жооп бербейт дешет спорт адистери. Кеңеш доорунда Бишкекте курулган ири стадиондордун аталыштары да “Спартак”, “Инструментальщик”, “Сельмашевец” аталып калган. Бишкекте борбордук “Спартак” стадионуна спорт ишмери Дөлөн Өмүрзаковдун ысымы жакында эле ыйгарылды.

Мурда спорт ордосу болгон “Инструментальщик” чет өлкөлүк ишкерлерге сатылып, талкаланып, бузулган. Ошондой эле “Сельмашевец” стадиону спорт комплекси менен кошо жеке менчик фирмаларга сатылып, башка максаттарга колдонулуп калган. Мындай аталыштар Орусия же мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө да кезигет. Ошол эле учурда коңшу Өзбекстан жана Казакстандагы борбордук стадиондору мурдатан бери футболдук командаларынын атын алып, “Пахтакор” жана “Кайрат” аталып калган.

Футбол адиси Рыскелди Мусаевдин пикиринде, стадиондордун аталышы да спорттук кайратты жандырып, намысты козгоп туруу керек. Анын айтымында, “Спартак” стадионуна “Алга” же “Намыс” деген ат жарашпайт.

- Борбордук стадионго улуттук деген гана макам бериш керек. Улуттук университет, улуттук музей, улуттук китепкана деген сыяктуу өзгөчө статусу болушу керек.

Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Эшим Кутманалиев да “Спартак” стадионуна Дөлөн Өмүрзаковдун атын бергени жаңылыш болгонун айтты:

-“Спартак” стадионуна Дөлөн Өмүрзаковдун эч кандай тиешеси жок. Бул стадиондун курулушуна менин жетекчилик салымым бар. Дөлөн Өмурзаковдун ысымы мамлекеттик дене тарбия институтуна берилсе ылайык болмок. Себеби ушул окуу жайдын Кыргызстанда ачылышына зор үлүш кошкон.

Эшим Кутманалиевдин ысымы Талас шаарындагы стадионго ыйгарылган. Таласттык спорт ишмери Шаршенбек Конгантиевдин пикиринде, Эшим Кутманалиев деле атын алып жүргөн стадионго учурунда жардам бергени менен азыр чама-чаркы жетпей калды.

Спорт адиси Касымкул Оболбеков да стадиондорго спорт ишмерлеринин атын ыйгарууга каршы.

- Учурунда спорт жетекчилери болгон инсандар мамлекеттин каражатына курулган стадион, спорт имараттарына аты берилгени максатка ылайыктуу эмес. Мындай жагдайды кийинки муун эске алышы зарыл.

Атына эмес, затына караш керек

Мурдагы “Спартак” учурдагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы Кичи арена аталган чакан стадион 20 жылдан бери талаш-тартышка түшүп, иштебей турат. Азия олимпиадалык кеңешинен бөлүнгөн 100 миң доллар каражат кичи аренаны оңдоого жетпей, бүлүнгөн бойдон турат.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жетекчиси Алмазбек Касеновдун айтымында, борбордук “Спартак” стадиону спорт тармагын 32 жыл жетектеген маркум Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алгандыгына арналган иш-чара, бет ачары күзүндө өтөт. Ушул стадион да эл аралык талаптарга толук жооп бербестигин А.Касенов моюнга алды.

1972-жылы Караколдо жолуна синтетикалык катмар төшөлгөн стадион курулган. Ош шаарындагы “Алай” стадиону мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин ысымында аталып жүрөт.

Эгемендүү өлкө болгону эки ишкер - Аскар Салымбеков менен Совет Сакебаев гана өз каражаттарына Бишкек жана Кант шаарларына футбол борборлорун курду. 20 жылдан бери мамлектеттин өлкө аймагына бир да стадион курууга чама-чаркы жетпей турат.

Заманбап стадион кандай болот?

СТАДИОН (грекче - stadion - таймашуулар үчүн орун) - комплекстүү спорттук курулма; ага көрүүчүлөргө ылайыкталган трибуна менен курчалган спорттук ядро (футбол аянты, чуркоочу жолдор, секирүү жана ыргытуу үчүн жайлар), спорт оюндары менен гимнастика үчүн аянтчалар кирет. Азыркы стадиондордун прототиби - Грекиянын Олимпия, Афины, Дельфы шаарларындагы Олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө арналып салынган.

Стадион - мелдеш өткөрүүчү гана жай болбостон, ден соолукту чыңдоо жана спорттун ар кандай түрү боюнча окуу-машыгуу өткөрүүчү комплекстүү курулма.

Стадиондордун аймагынын өлчөмү шаар куруу нормасы боюнча жөнгө салынат (1000 кишиге 0,35-0,45 га). Курулмалардын курамы жана трибуналардын сыйымдуулугу стадиондордун арналышын жана пайдаланылуу мүнөзүн эске алуу менен аныкталат.

Стадиондор кичи, орто жана чоң болуп бөлүнөт. Кичи стадион 5-10 га аянтты ээлеп, 2-3 миң орундуу болот. Орто стадиондун (200 миң эли бар шаарларда) аянты – 15-20 га, оруну 10-12 миң, чоң стадион (чоң шаарларда) 25-100 гектар аянтты ээлеп, 25-90 миң орундуу болуп курулат. Стадиондордун аймагы төмөнкүдөй аймактарга бөлүнөт:

1.Спорттук аймак. Ал негизги аренаны, айрым футбол талааларды жана аянтчаларды, трибуналуу чоң курулмаларды, ошондой эле массалуу дене тарбия иштерин жүргүзүүгө арналган аймактарды камтыйт.

2. Окуу-спорттук аймагы. Ага спорт иштери жүргүзүлүүчү жана аны тейлөөчү курулмалар кирет.

3. Административдик-чарбалык аймак.

4. Эс алуу жана ден соолукту чыңдоо аймактары. Ага балдар аянтчалары, пляж, суу-мотор базасы жана башкалар кирет.

Азыркы кездеги эл аралык талаптардагы стадиондор үн-жарык, түрдүү маалымат каражаттары жана техникалык жабдуулар менен жабдылган. Дүйнө жүзүндөгү эң ири стадиондор 80-120 миң орундуу болуп, бардык талаптарга жооп бергидей курулган. Өнүккөн өлкөлөр стадион куруу боюнча да жарышка, атаандашууга түшкөндөй түр көрсөтүшүүдө. Алар биринен-бири укмуш, керемет.

Бир-эки мисал келтирели:

2012-жылы Лондон жайкы олимпиадасынын ачылыш салтанаты өтө турган “Уэмбли” стадиону 1923-жылы курулуп, 2007-жылы кайра реконструцияланды. Ал стадион 90 миңден ашуун көрүүчүгө ылайык курулду. Аны кайра курууга эле 1 миллиард 57 миллион доллар чыгымдалды. Башкасын айтпасак да стадиондо 2618 ажааткана бардыгын айтсак жетиштүү болоор.

Германиядагы Мюнхен шаарындагы “Бавария” футбол клубунун стадиону 70 миң орундуу, аны кайра жаңыртып курууга эле 280 млн. евро сарпталган.

Испаниянын Барселона шаарындагы Camp Nou (Камп Ноу) стадиону 106 миң орундуу. Анын кайра жаңыртылып курулушуна 288 млн. песет чыгымдалган.

Бээжиндеги “Чымчык уясы” аталган стадионго 2008-жылы олимпиаданын ачылыш салтанатында 100 минден ашуун көрүүчү сыйды.

Буларды окугандан кийин Кыргызстандагы борбордук стадион тууралуу да чакан маалыматты билип коюңуздар.

Мурдагы "Спартак" ыктыярдуу спорт коомунун “Спартак” аталган стадиону (учурда Дөлөн Өмүрзаков атында) Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнө жакын курулган ири спорт комплекси.

1939-41-жылдары курулуп, 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Аянты 4,5 гектар. Трибунасы 25 миң орундуу. Аянты 104x69 м келген футбол талаасы, резина-битум төшөлгөн 6 чуркоо жолчоосу (узундугу 400 м), узундукка, бийиктикке секирүү, ошондой эле ядро түртүү жана диск ыргытуу боюнча аймактары, бокс, дзю-до түрлөрү үчүн залдары бар.

Стадиондун батыш трибунасынын жогорку кабатында 100 орундуу "Спартак" мейманканасы жайгашкан. Стадиондо шаардык, республикалык, эл аралык мелдештер өткөрүлүп жүрөт.
XS
SM
MD
LG