Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Эгемендик чоң спортко жол ачты, бирок...


Кыргыз спортчулары Бээжин олимпиясында, 2008-жылдын 8-августу.

Кыргыз спортчулары Бээжин олимпиясында, 2008-жылдын 8-августу.

Эгемендиктин 20 жылында мамлекет массалык спортко каралашууга чамасы жетпей, спорт мектептери жоюлуп, имараттар менчиктелип кетти.

Эгемендик алгандан кийин мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөр адегенде 1992-жылы Барселона олимпиадасында КМШ курамасы деген ат менен бирдиктүү команда болуп чыккан. Андан бери карай Кыргызстан Азия жана дүйнө чемпионаттарына, олимпиада оюндарына өз бетинче катышып келатат. Чоң байгелерге жетише албаса да, эл аралык аренада Кыргызстандын желеги желбиреп турган жагынан утуш болду.


Алгачкы ийгиликтер


Кыргызстандан Советтик курама команда катарында 1960-жылы Сайботтал Мурсалимов олимпиадалык оюндарга жол ачкан. Кыргыз спортчуларынын жылдызы жанган 1980-жылы Москва олимпиадасында Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Александр Блинов, 1988-жылы Сеул олимпиадасында жеңил атлетикадан Мария Күлчүнова, футболдон Сергей Фокин, 1992-жылы Барселона олимпиадасында гандболдон Талант Дүйшөбаев, баскетболдон Елена Баранова чемпион болушкан.

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөнбаевдин пикиринде, советтик курама командага улутуна карап да тандаган учурлар болгон экен.

- Мисалы, эркин күрөш боюнча Европанын, СССРдин чемпиону, дүйнө чемпионатында коло медаль алган Кенжебек Өмүралиев деген жигит Барселона олимпиадасына барбай калды. Ошол учурда чеберчилиги мыкты болуп турган, эгер барса чемпион болуп, байгелүү орунду ээлеши толук мүмкүн эле.

Эгемендик жарыяланганга жарыша 1991-жылы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети түзүлүп, Эл аралык олимпиада комитетине мүчө болуп өткөн.

Улуттук олимпиада комитетинин ардактуу президенти Эшим Кутманалиев 1996-жылдагы Атланта олимпиадасын эскерип, учурдагы спорттун абалына мындайча баа берди:

- Анда Кыргызстан алгач ирет өзүнчө команда, эгемендүү өлкө катары катышты. Бул өлкө үчүн чоң олжо, чоң жетишкендик болду. Эң негизгиси 1994-жылы Хиросимадагы Азия оюндарында кыргыз спортчулары Азия континентинде кыргыздын туусун көтөргөн чакан мамлекет бар экенин көрсөтө алышты. Р.Санатбаев, Ю.Ломов, Е.Ваккер, Н.Дөңбаев, У.Калилов, М.Шарипов, М.Бобурбеков деген бир топ жигиттерибиз финалга чейин жетишип, күмүш жана коло медаль тагынып, Азия оюндарында байгелердин эсебин ачып келишти.


Кыргызстандын биринчи медалы

Атлантадан олжосуз кайтышкан кыргыз спортчулары биринчи медалды 2000-жылы Сидней олимпиадасында алып отурат. Анда эгемен мамлекетке дзю-до күрөшүнөн казак балбаны Айдың Смагулов алгачкы коло медалды утуп берип, олимпиадалык байге эсеби ачылган эле.

Бирок ага чейин Атланта олимпиадасында кыргызстандык спортчу Юрий Мельниченко Казакстанга биринчи алтын медалды утуп берген. Ошол учурдагы спорт жетекчилиги Мельниченкого жакшы шарт түзүп бергенде байгени Кыргызстанга утуп бермек деп жүрүшөт. Ага өкмөт сыртын салып койгондуктан, аны Алматыга алып кетишкен.

Эгемендиктин шарапаты менен спорт жайлары, базалар менчик колго өтүп кетти, кээси каралбай калды. 20 жылда спорт тармагында 8 жетекчи алмашты,- дейт кичи футбол бирикмесинин жооптуу кызматкери Рыскелди Мусаев.

- Спорттук базалар жоюлуп, мектептер иштебей, спорт комитетинин көмөкчү чарбалары да жок болуп кетти. Эки фабрика бар эле. Ошол мезгилде спорт тармагын сактап калалы деген ой-максат болбой, ар ким өз билгенин кылды. Ошол мезгилдеги жогорку жетекчилер бул тармакка көңүл бөлбөй койду. Бизде жакшы база, мыкты машыктыруучулар бар болчу. Көпчүлүк адистер чет мамлекеттерге кетип калышты. Мисалы, Александр Мелентьев, Александр Блинов, Татьяна Колпакова, Светлана Матвеева башка мамлекетке кетип калышып, мыкты адистерден кол жууп калдык.

Бирок Азия оюндарында кыргыз спортчулары алгачкы олжолорго ээ болушту. 2002-жылы Пусанда Кыргызстандан бийиктикке секирүү боюнча Татьяна Ефименко, жөө күлүк Т. Борисова Азия оюндарында алгачкы алтын медалды утушту. Мындай көрүнүш 2010-жылы Гуанжоудогу 16-Азия оюндарында кайталанды. Грек-рим күрөшүнөн кыргыз жигити Данияр Көбөнов алтын медал тагынды.


Бээжин олимпиясындагы балбандардын жеңиши


Ошондой эле 2008-жылы Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын Грек-рим күрөш балбандары бардык мамлекеттин балбандарынан кем калышпасын далилдей алышты.
Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловдун пикиринде, Канат Бегалиев акыркы финалга чейин жеткен, бирок калыстар атаандашы французга тартып коюшкан.

- Эгерде калыстар калыстыгынан жазбаганда Канатбек Бегалиев чемпион болмок. Бээжин олимпиадасында Руслан Түмөнбаев коло медалга жетишти. Муну менен эгемен мамлекетибиздин байгелери четинен топтолуп келе жатат десек жарашат. Кыргыз спортундагы ийгиликтерди жалпы окурман, спорт күйөрмандары жакшы билишет. Грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, эркин күрөш боюнча Алексей Крупняков, Надырбек уулу Улан, Базар Базаргуруев булар Азиянын бир нече жолку чемпиондору.

Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев 20 жыл ичинде жаш балбандар жакшы өсүп чыкканын белгиледи.

- Жакында эле Тайландда өткөн Азия чемпионатында биздин жаш балбандар 10 медалдын тогузун утуп, командалык биринчи орунду ээледи. Бул эгемендик майрамына чоң белек, сыйлык болду. Былтыр Сингапурда өткөн жаштар арасындагы олимпиадалык оюндарда биринчи жолу алтын медаль утуп, Урматбек Аматов Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, гимнин ойнотуп, “аганы көрүп, ини өсөт”-дегенди далилдеди. Шадыбек Сулайманов, Болот Токтогонов деген жаш балбандар коло медаль утуп келишти. Болгону 6-7 бала барып, 3-4 медаль менен кайтышты. Бул Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөновдун артынан келечектүү жаштар өсүп келе жатканын белгиси.

Көзгө басар велоспортчу, кыргызстандык немис жигит Евгений Ваккер Азия оюндарына 5 жолу катышып, 3 жолу Азия чемпиону болду. Кыргызстанда илгери велоспорт өнүккөн болчу, эми жалгыз Ваккер калды.


Кыргыз спорту эмнеден аксоодо?


Спорт чоң инвестицияларды талап кылган, ошондой эле улутка намыс алып келүүчү тармак. Ошондуктан, бардар мамлекеттер спортко же чыгаан балар-кыздарына такай камкордук көрөт.

- Бирок Кыргызстандын чабал экономикасы андай саясатты жүргүзүүгө кедергисин тийгизип келатат дешет. Мыкты адистер, спортчулар чет өлкөлөргө кетип калышты. Айрымдары оңой олжого азгырылып, кылмыш чөйрөсүнө аралашты, -дейт Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Кыргыз спортуна, дене тарбиясына эмгек сиңирген кызмактер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, спортту жакшы билбеген адамдар жеткечиликке келип, ишти ого бетер аксаткан сыягы бар.

- Спорт жетекчилери, өкмөт башчылары Азиядагы ысык өлкөлөрдүн спорт министрлерин, олимпиада комитеттеринин президенттерин Эл аралык Ысык-Көл оюндарына расмий чакырып, жаратылыш шартыбызды көрсөтүп, араб өлкөлөрүнүн бюджетинен инвестиция катары тартып, ошол жерге чоң олимпиадалык борбор, комплекстерди салдырып койсо Кыргызстандын спортчулары эле утмак. Азиядагы мыкты спортчулар келип машыкса, биздин спортчулардын чеберчилиги жогорулап, атаандаштык күчүнө кирип, таймашуунун мүнөзү курчумак. Кышкысын биздин спортчулар Азиянын ысык өлкөлөрүнө машыгууларга бармак.

Кыргыз жери спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Учурда кышкы олимпиадалык оюндарга бир-экиден гана спортчулар ырымга катышат, бир да көзгө илинерлик ийгилик боло элек.

Өлкөдө кумарканалар, ресторан, ишканалары, чоң компаниялары бар бизнесмендер арбын. Мисалы, орус премьер-министри Владимир Путин олигархтарды, мындайча айтканда, чириген байларды милдетүү түрдө спорттун бир түрүн көтөрөсүң деп мойнуна илип койду. Бул жагынан Кыргызстан азырынча мактана албайт. Менчик футбол клубдарын кармаган Аскар Салымбеков менен Совет Сакыбаевди гана айтып тим болушат.

Кыргызстанда эл аралык мелдештерге ылайыкташкан спорт жайы жокко эсе. Айрым түрлөр боюнча башка жерлерге барып машыгууга аргасыз. Маселен, Кожомкул атындагы спорт сарайы концерттик майрамдарда гана толбосо, спорттук мелдештерге эл жабылып келбейт.

Совет доорунда массалык спортко жана дене тарбиясына бөтөнчө көңүл бурулчу.
Бишкектик спорт күйөрманы Аскар Бектемировдун пикиринде, эгемендик жылдары дене тарбиясына, спортко тартуу жагы аксагандыктан, саламаттыгы чабал уландар саны арткан.

- Азыркылардын муун-жүнү бош. Кантип анан алар автоматтарды көтөрүп, Мекенди коргоп, тоодон-тоого чуркай алышат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында, учура Кыргызстанда 70тен ашык спорттун түрү бар. Анын баарын колдоп өнүктүрүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү.

- Баары экономикалык каражатка келип такалат. Ошондуктан, спорт федерациялары өздөрүнүн алына жараша жүк көтөрүп келе жатышат.

Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын желеги эл аралык спортто желбиреп жатат. Биресе мамлекеттик деңгээлде колдоюн десе, экономикасынын чабалдыгы жол бербейт. Мындайча айтканда, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип жаткан сыяктанат. Спортко ынак болгула!
XS
SM
MD
LG