Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Футбол калыстарынын күнү белгиленди


1-сентябрда Түштүк Кореядан жеңил атлетчилер дүйнө чемпионатынан жайдак кайтты. Футболдон Эгемендик Кубогун Канттын “Абдыш-Ата” командасы утту.

Эгемендик кубогу "Абдыш-Атада"

Футболдон быйылкы Эгемендик кубогун Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасы жеңип алды. Финалдык беттешүү Ош шаарында 31-августта өтүп, өлкөнүн былтыркы чемпиону Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 1:0 эсебинде канттык футболчуларга жеңилип калды. “Абдыш-Ата” командасын баш байгеге жеткирген жеңиштүү топту команданын каптианы Павел Сидоренко таамай тээп киргизди.
Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” билдирди.

1-сентябрь - Футбол калыстарынын майрамы

1-сентябрда футболдон эл аралык калыстар күнү белгиленди. Мындай майрам Азия конфедерациясынын курамына кирген өлкөлөрдө үч жылдан бери белгиленип келүүдө.

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров 2010-жылкы дүйнө чемпионатында калыстык кылган. Өлкөдө эл аралык деңгээлдеги мелдештерди тейлеген Виктор Колпаков менен Кемел Токабаев инспектор аталган. Мындан сырткары футзал боюнча дагы Нурдин жана Нурбек Букуевдер эл аралык калыс катары таанымал. Мындан сырткары дагы эл аралык 4 калыс жана алардын 6 жардамчысы бардыгын футбол адиси Ырыскелди Мусаев “Азаттыкка” билдирди.
Быйыл өлкөдө алгач ирет футбол калыстары үчүн ФИФАнын усулдук окуусу уюшулуп, ага катышкан 23 калыс атайын сертификатка ээ болушту.

Акыл таймашы-Эгемендикке арналды

Эгемендиктин 20 жылдыгына арналган шахмат мелдешине 30 спортчу катышты. Натыйжада улан-кыздар арасындагы акыл таймашында бишкектик Тагир Таалайбеков баш байгенин ээси болду. Шахмат чеберлеринин беттешүүлөрүндө өлкө чемпиону Андрей Мазницинге теңдеш болбоду. Уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин коло байгелүү болду.


Жайдак келген жеңил атлетчилер

1-сентябрда Түштүк Кореянын Дэгу шаарында жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында 5 миң метрге чуркоодо өлкө намысын коргогон Виктория Полюдина өз тобунда марага 11-болуп келип, ийгилик жарата албады. Ошондой эле кыргызстандык жөө күлүк Дмитрий Ильин 100 метрге жарышта, мыктылардын чаңында калды.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын жетекчиси Канат Аманкуловдун айтымында, Түштүк Кореяда Эл аралык жеңил атлетика бирикмесинин жыйынында Кыргызстанга спорттук жабдуулардан жардам берүү маселелери каралды.

Эгемендиктин сый-урматы

Эгемендиктин 20 жылдыгына карата бир катар спорт ишмерлерине өкмөттүк сыйлыктар ыйгарылды. Алардын катарында Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темиркан Дүйшөкеевге “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы берилди.

Өлкөнүн Ардак Грамотасы менен сыйлангандардын катарында Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев, белгилүү улакчы Индусбек Бөкөмбаев, айтылуу “Бөрүлү” командасынын устаты Каныбек Кубатов жана Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров да бар.

Стамбулдагы дүйнөлүк таймаш - Лондонго жол ачат

12-сентябрдан 18-сентябрга чейин Түркиянын Стамбул шаарында эркин жана грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионаты өткөрүлөт. Бул дүйнөлүк таймашууда биринчи орундан алтынчы орунга чейин 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомолор берилет. Ошондуктан өлкөнүн балбандары акыркы даярдыктан өтүп, грек-рим күрөшүнөн команданын курамы аныкталды. Дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой турган 7 балбан тууралуу грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касенов “Азаттыкка” айтып, мындай деди.

-Быйылкы Стамбулдагы дүйнө чемпионаты абдан күрч мүнөздө өтөт. Себеби бардык өлкөнүн балбандары Лондон олимпиадасында жолдомо алууга аракет кылышат. Бизден мыкты 7 балбан такталды. Алар Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн балбандар. Алар Азия чемпиондору Арсен Эралиев ( 55 кг ), Руслан Түмөнбаев (60 кг ), Канат Бегалиев (66 кг), 74 кг . салмакта Данияр Көбөнов, 84 кило салмактагы Жанарбек Кенжеев, 96 кг. салмакта Азат Эркинбаев жана оор салмакта Мурат Рамонов өлкө намысын коргойт.

Адистердин баамында, жети балбандын төртөө Лондон олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал. Учурда өлкөгө таанымал балбандар Кант шаарында акыркы камылга көрүп, даярданып жатышат.

Эрендердин кармашы болот

2-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча континенттер аралык таймашуулар болмокчу. Мында Кыргызстандын намысын Алексей Федосеев коргойт. Анын атаандашы тайланддык Жатурапат Каевма болмокчу.
Мындан сырткары күч-кудуретти сыноочу 4 беттешүүдө
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын спорт чеберлери күч сынашат.
XS
SM
MD
LG