Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

“Нефтчи” Азия кубогун утаар бекен?


Тайванда футболдон Азия конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы катышып жатышат.

Футболдон Азия конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык беттешүүлөрү 19-сентябрда башталды. “В” тобунда өлкө чемпиону Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы биринчи беттешүүдө Камбоджанын “Пномпень Краун” клубуна 2:1 эсебинде жеңилип калды. Атаандаштарга жооп иретиндеги жалгыз топту 79-мүнөттө Ильяз Алимов киргизди. Эске сала кетчү жагдай, мурда мыктыларды иреп алуу оюндарында кочкораталыктар Камбоджанын футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алышкан.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун пикиринде, азырынча кыргызстандык футболчулардан үмүт үзүү эртелик кылат. Алдыда дагы таймашуулар бар.

“Нефтчи” командасынын кезектеги беттешүүсү 23-сентябрда болот. Алар Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Яданарбон” командасы менен күч сынашат. Эгерде ушул команданы утса, кочкораталык футболчулар баш байгеге талапкер болуп калышы да ыктымал.
“А” тобунда Тажикстан, Тайван, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн чемпиондору баш байге үчүн мөрөй талашып жатышат.

Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында мелдеш өткөрүүнү салтка айлантуу аракетинде болууда. Буга бул турнир мисал болот.

Кыргызстандын футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде, «Нефтчи» командасынын негизги атаандашы мьянмалык футболчулардын даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору.

- Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде финалдык беттешүүлөрдө “кочкораталыктар” атаандаштарын утуп алдыга чыкса дурус болмок эле. Эми баш байгеге талапкер болуу кыйынга турат. Себеби, Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Яданарбон” командасы былтыр бул турнирде жеңүүчү болгон.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, быйыл “Нефтчи” командасы баш байгени утуп алууга чама-чаркы жетпейт.

- Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган бул турнир ар жыл сайын өткөрүлүп жатат. Ушул турнирде өз тобунда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду. Бирок быйыл финалдык беттешүүлөрдө кочкораталыктар баш байгеге талапкер болушу кыйын болот. Айта кетчү жагдай, негизги команданын катарында жергиликтүү улуттун өкүлдөрү аздыгы өкүндүрөт. Чет өлкөлөрдөн легионерлерди алып келгени деле дурус. Бирок айылдык, айрыкча кочкораталык жаштар унутта калып жатат.

Мына ушундай эле пикирди футбол адиси Ниязбек Алиев да билдирип, өлкөдө футбол деңгээли Жогорку лигадагы 5-6 команда менен өспөйт деген оюн айтты.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой” командасы 2006 жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан. Алар эки жолу 50 миң АКШ доллары жана Күмүш кубок менен сыйланган. Ошондой эле “дордойчулар” үч ирет финалда утулуп, үч жолу экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болгон.

Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон.
XS
SM
MD
LG