Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Оор атлетчи Митал Шарипов дүйнө салды


Митал Шарипов. 2011-жылдын 14-июлунда тартылган сүрөт.
Митал Шарипов. 2011-жылдын 14-июлунда тартылган сүрөт.

Оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Митал Шарипов узакка созулган оорудан соң дүйнө салды.

Митал Шарпиов Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле

Оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү спортчу Митал Шариповго бир нече ай мурда ашказанынан жана тромбоз деген диагнозго байланыштуу эки жолу операция жасалган. Ал кыргыз спортун тааныткан сейрек балбандардын бири.

Маркум Митал өзү далай оордукту багындырганын, кайратынан жазбай турганын айтып, "ооруга да моюн бербейм" деп “Азаттыкка” айткан эле:

Митал Шариповдун медалдары.
Митал Шариповдун медалдары.
- Жакында ашказанымды операция кылышкан. Таза болуп чыкты, бирок ашказандын жанында шишик бар экен. Буттарым шишип, басалбай турам. Далай оордукту көтөргөн жаным ушул оорууга оңой жеңдирип коймок белем? Оору менен дагы күрөшүп жатам. Бул да тагдырдын бир сыноосу болсо керек.

Митал Шариповдун атасы Балтабай кыргыз жигиттеринен алгач СССР спорт чебери болгон. Ата жолун жолдогон Митал эгиздин түгөйү эле. Кезинде ден соолугунун чабалдыгына карабай, учурунда эгемен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан болгон.

Митал Шарпиов Кыргызстандын рекордун 10 ирет жаңырткан. Ал жулкуп көтөрүүдө 170 кило, түртүп көтөрүүдө 207 кг. оордукту багындырган.

Азия чемпионаттарында бир нече жолу байге уткан Митал Шариповду Филиппин, Казакстан, Түркия жана башка мамлекеттер чакырып, жакшы шарт түзүп, жогору айлык коюп берүүгө убада кылышкан. Бирок ал мекенин таштап кеткен эмес.

Оор атлетикадан дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да Митал абдан мээнеткеч, адамкерчилиги жогору эле деп эскерет.

- Жөнөкөйлүгү, мээнеткечтиги, чыдамкайлыгы, эрктүүлүгү, бийик адамкерчилиги менен Митал бардык жигиттерге үлгү болчу. Ушундай чыдамкайлыгы менен оорусун да жашырып жүрө берген тура. Ал эгемен өлкөнү дүйнөгө тааныткан балбан болгон. Анын спорттогу ийгиликтери Раатбек Санатбаевдин жеңиштери менен бирдей катарда турат.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы адиси Касымкул Оболбеков Митал Шариповду мындайча эскерди.

- Кыргыз эмгек сиңирген спорт чебери Митал Шарипов Азиянын эки жолку чемпиону аталган. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү болгон. Кыргыз спорту үчүн орду толгус чоң жоготуу болду.

Эмгек сиңирген спорт чебери, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын жана Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү болгон. 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Сидней жана Афина олимпиадасынын катышуучусу Митал Шарипов учурда Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач айылында жашап турган. Артында жубайы, үч баласы калды.

Маркумдун сөөгү 28-ноябрда туулуп-өскөн Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында жерге берилет.

“Азаттык” радиосунун жамааты да Митал Шариповдун жакындарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.
XS
SM
MD
LG